Автор работы: Пользователь скрыл имя, 11 Мая 2014 в 13:40, лекция
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга түзүлгөн план-программасында элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбия концепциясын иштеп чыгуу каралган. Кыргыз билим берүү академиясында түзүлүп, жарыяланып жаткан концепция ушул өкмөттүк планды ишке ашыруу максатын көздөйт. “Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы“ бир катар жылдардан бери басма сөздө, сыналгыда талкууланып, коомчулуктун оӊ баасын алып, сунуш-пикирлердин негизинде улам өркүндөтүлүп келе жатат. Билим берүү жана илим министрлиги аталган концепцияны дагы бир ирет педагогикалык коомчулуктун талкуусуна коюп, мектептердин жана ЖОЖдордун жамааттарынан сунуш-пикирлерди күтөт.
6. Тарбия ишинин финансылык булактары жана иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө
Тарбия иш-чаралары төмөнкү булактардан каржыланууга тийиш
1. Мамлекеттик бюджет.
2. Областтык бюджет.
3. Жергиликтүү бюджет.
4. Атайын каражаттар.
5. Демөөрчүлөрдүн каржылоосу.
6. Коомдук фонддордун каржысы.
8. Гранттык каражаттар.
Билим берүү мекеме-уюмарынын ар биринде Концепциянын аткарылышына жооптуу атайын адамдар аныкталат. Мекеме-уюмдар өзүнөн жогору турган инстанцияга тарбия иши боюнча отчет берет жана Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү башкармалыктарынан отчет алат. Аталган министрликтин курамында билим берүү системасындагы тарбия иштерин жөнгө салган жана көзөмөлдөгөн координатордун кызматы иштейт.
Корутунду
– Тарбия деген жаныӊдагы башка адамдардын тарбиялуулугуна багынычтуу.
Искак Раззаковдун «Сен таза
болсоӊ, мен таза болсом коом таза
болот» деген сөзү даанышмандык менен айтылган
ой. Тарбиялануучунун мыкты адам, атуул
болушу үчүн ыӊгайлуу, гумандуу коомдук чөйрөтүзүлүшү зарыл. Насыятталып үйрөтүлүп-
Ар бир жаш адамдын руху, адеби жогорудагы улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн кыртышынан тереӊ тамырлап өсүп чыкса, анда калкыбыз ар кандай чоочун маданий экспансиянын, сырткы терс таасирлердин бийлигине алдырбай, глобалдашуунун ассимиляциялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өз бетинчелигин сактап, жалпы адамзаттын көчүнө татыктуу кошула алмак.
Информация о работе Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы