Эпос Манас энциклопедия кыргызского народа

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 10 Января 2013 в 08:09, реферат

Краткое описание

Кыргыз элинин кеңири белгилүү өзгөчө зор көлөмдөгү баатырдык эпосу. Кыргыздардын көптөгөн кылымдар бою өз билгендери менен табылгаларынын алгылыктуулары, басып өткөн жолу менен башынан кечирген окуялары жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан казынанын милдетин аткарып, элдин ыйык тутуп, укумдан-тукумга сактап, улам толуктап келе жаткан улуу мурасы, эл турмушунда мааниси, орду боюнча улуттук сыймыгы катары баалануучу чыгарма. «Манасты» Жалпы дүйнөлүк илимде кабыл алынган салтка ылайык эпос деп атоо жана ага таандык өзгөчөлүктөрдү «эпос» илимий термининин мыйзамдык талаптарына ылайык кароо туура.

Вложенные файлы: 1 файл

Эрик.doc

— 101.00 Кб (Скачать файл)

      «Манас»  эпосун илимий жактан изилдөөдө,  элибиздин нечен кылымдардан  бери келе жаткан улуу мурасын  сактоодо, коргоодо, калайык калкка  таратууда академик Болот Юнусалиевдин, акын-жазуучулар Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Түгөлбай Сыдыкбековдун, окумуштуу-тилчилер Тазабек Саманчин, Ташым Байжиев, Зыяш Бектенов, Калим Рахматулин, Жапар Шүкүровдардын эмгеги зор болгон.

     19-20-кылымдарда  жашаган атактуу таланттар жана  чоң манасчылар төмөнкүлөр: Келдибек Карбоз уулу (1800-1880), Балык (Бекмурат) Кумар уулу (1799-1887), Музооке (1800-1878), Чонду (1862-1912), Акылбек (1840), Тыныбек Жапы уулу (1846-1902), Найманбай Балык уулу (1847-1913), Кенжекара Калча уулу (1859-1929), Дыйканбай (1873-1923), Багыш Сазан уулу (1878-1958), Чоюке Өмүр уулу (1880-1925), Тоголок Мол-до (1860-1942), Шапак Рысменди уулу (1863-1956), Куйручук (1866-1940), Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930), Саякбай Карала уулу (1894-1971), Жаңыбай Кожек уулу (1869-1942), Жакшылык Сарык уулу (1880-1934), Молдобзсан Мусулманкул уулу (1883-1961), Мамбет Чокмор уулу (1896-1973), Дуңкана Кочуке уулу (1886-1981), Ыбырайым Абдырахман уулу (1888- 1967), Акмат Рысменде уулу (1891-1966), Жусуп Мамай (1918). (Советбек Байгазиев, Манастаануу, 2000-жыл, 136-6.).

     Элибизден  жогоруда аты аталгандардан сырткары  да биз билген, билбеген ондогон  залкар манасчылар чыгышкан жана  алар манасты күндөп-түндөп, айлап  айтышкан. Ошентип атадан балага, укумдан-тукумга калып, бир бөксөрүп  койбой, өнүп, өсүп, өркүндөп, тоодой тоскоолдуктардын баарын жеңип, бүгүнкү күнгө чейин жетип олтурат.

     1995-жылы  «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы дүйнөлүк  масштабда өткөрүлүп, планетанын  төрт тарабынан өкүлдөр келип  катышты. Нечеңдеген ондогон жылдар  бою козголуп, бирок жүйөлүү себептер менен турмушка ашпай келе жаткан калайык калктын ой-санаасы ишке ашты. Эгемендүүлүктүн шарапаты менен кылымдардан кылым улап келе жаткан асыл мурасыбыздын жылдызы жанды. Манас аркылуу кыргыздар дүйнөгө таанылды. Кыргыз аркылуу Манас дүйнөнү дүңгүрөтүп, ааламдын чар тарабын аралады.

     Кыргыз  бар жерде, кыргыз жашаган заманда  кылымдан кылым өтүп доорлор  алмашса да, ата-бабалардын бул  ыйык мурасы түбөлүккө жашай  бермекчи.

     Төмөндө  «Манас» эпосунун кара сөз  менен жазылган вариантынан үзүндү  келтирели: …

     Күн кылкылдап  батканда, элдин асты жатканда, кайран  катын Каныкей Кошой, Бакай,  Төштүктү чакыртып алып, кабырга  сөөгү сөгүлүп, көзүнүн жашы  төгүлүп, аларга кайрылып айтып  турду:

     - Капкалуу  кара каапырдын калаасын камап,  найза кармап, топ бузган, бүткүл ааламдын каны, Кошой аба. Башыма каран түн түшүп, жеке менин эмес, бүткүл кыргыздын эртеңки күнү кандай болоору белгисиз болуп турган учуру, үзүлгөнүбүздү улап, чачылганыбызды жыйнап, өчкөн отубузду тамызып, өлгөн жаныбызды тиргизип, бир айласын таппасаңыз болбой калды. Айкөл Манас иниңиз, өлөңдүү жерге өрт коюп, кара сууга кан куюп, каршылашкан душмандын канын суудай төгүп, “Кабылан Манас” атыгып, жалпы кыргыздын кызматын кылып, элдин биримдиги, эркиндиги, келечеги үчүн айрым тентектерге колу тийип калган жери бар эле, кол салып келип кыргызды басам дегенди, дүнүйөсүн чачам дегенди кордук кылган эли бар эле. Көпчүлүккө көргөзүп, ачык койсок Айкөлдү, көрүнөө койсок Манасты, кудайдан да коркпогон жүзүкара айрымдар көрдү ачып албасын, жол үстүнө сүйрөтүп, өлүктөн өчүн алчуудай даңгыттарга жарбасын. Мунун акылын кандай табабыз, айласын кандай кылабыз? Айкөлдүн аркасында калган эркек бала жаш, мунун эртеңки күнү кандай болот? Айкөлдөн далай запкы жеген капталдагы калмактын, кыр жактагы кытайдын, туш тараптагы нээти кара душмандын айласы кетип эле араң турат. Чамасы келсе ыгын таап, үйүңдүн баарын кулатып, элиңдин баарын ыйлатып, эриңдин баарын кырып, жоюп, чоң дүмөктү салсам деген мындан көп.

     Каныкейдин  зар какшап айткан сөзүн кунт  коюп угуп, эмне кылардын айласын таба албай, далай жолу калайык калктын тагдырын чечкен, нечен кан төгүшкөн уруштарды көрүп, чоң казатка катышкан жанында турган үчөөнүн башы маң болуп, шалдырап отуруп калышты.

.     Каныкей  Айкөлдүн сөөгүн Кошой, Төштүк  канына жуудуруп, супка салып оротуп, табытка салдырды. Өзү Тайбуурулга минип, Кошой, Бакай, Төштүктү, Көкбөрү менен Коенаалыны ээрчитип, табытты чоролорго көтөртүп, Эчкиликтин Кара-Зоосундагы мурдатан камдаткан жайына алып келди. Кырк жылы сууга чыласа кылт этип чети оңбогон, сексен жыл сууга чыласа серпилип чети койбогон, алтын түрлүү килемди астына кынаптап жайдырды.

     Кошой, Төштүк  үңкүргө кирип, алланын буйругуна  көнүп, өз колдору менен Манасты  жайына тапшырып чыгышты.

     Катагандын  кан Кошою Каныкейдин адамдан өзгөчө акылмандыгына, айлакердигине ыраазы болуп, жалынып турду.

     - Каныкей  балам, кара сурдун сулуусу,  ургаачынын нурдуусу, сени катын  деген оңбосун, сени ургаачы  дегендин, эгерде иши эки болбосун.

     Ал жерди  таштап кете албай, Манасты  жерге кыялбай, баргандар кейип бир аз турушту да, таң агарып кетпесин деп шашкан бойдон кайра тартышты.

     Эпсиз чебер,  ченемсиз акылман Бакай жоон  теректи кыйдыртып келип, Манастын  тулку боюна окшотуп, колуна  колун тууралап, бутуна бутун  чактап, жасаткан дөңгөчтү супка салып оротуп, булгаары менен чаптатып, сыртына ак кийгизди жаптырып табытка салышты.

     Бир миң  кара төөнү дооранына байлап, Анжыяндын аркагы кымбат сары  ала, Букардын пулу кымбат кара  ала кездемелерин жыртышына жырттырып,  ат башталган алтымышын ак эшенге, төө баштаган токсонун кырк эшенге берип, акыбыз бар дегендерге жалтылдаган семиз бээ берип, доо доолаган кандарга буттап алтын зер берип, тиешелүү ырым-жырымдын баарын жасашты.

     Мурдатан  Манаска арнап салынган коргонго  алып барып, “айкөлүм” деп колжойтуп жыгачты көөмп салышты. Кошой, Төштүк турушуп, өлүүчү антты кылышып, ак буудай унун чайнашып, келем-шарып кармашып, убаданы бек кылып, өлүп кетер шерт кылышты.

     Кан Бакай  келгендердин баарына кайрылып  айтып турду:

     - Айланайын  ага-тууган эл. Өзүңөр көрүп турасыңар, айкөлдүн артында калган бала жаш. Элибиздин ар намысын туу тутуп, Айкөлүбүздүн кызматына бир кишидей болуп, тикебизден тик туруп, бүткүл жер үстүндөгү элге дүң болгудай Манастын ашын берели. Акылды бирге кылып, кас санаган, баскынчы душман болсо бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып, элибиздин эркиндиги, теңдиги үчүн, келечек муундардын мындан аркы тагдыры үчүн төбөсүнөн басып, төрт түлүгүн чачып, элди жоодон коргоп, бекем туралы. Айкөлдүн баласынын жашы он экиге келгенче көзүбүздүн кырын салып, аман-эсен жакшылап өстүрөлү.

     Урумкандын  Көкбөрү, эл четинде жүрөсүң,  колуңду үзбөй, Талас менен  байланышып, акыреттик досуң Манастын  элинен кабар алып тур. Карачанын  Сайкалы, убаданы бекем кылып,  Манастын ашын бергенде өзүң туу түбүндө туруп, антташканың Манаска бекем кызмат кылып бер. Калк атасы кан Кошой, кабыланың Манастын ашын башкарып, өзүң баш көз болуп, бүткүл жер үстүндөгү калкка кабар айттырып, күн батыш менен күн чыгыштагы бардык элдерди чогултуп, дүнүйөнү дүңгүрөтүп, ааламда болуп көрбөгөн, кылымдардан кылымдарга айтыла жүргүдөй, кан Көкөтөй ашынан алда канча ашык болгудай ашын өткөрөлү. Арбагы жетип жылдызга, канын төгүп, жанын берип, ата болгон кан Манас, ак калпактуу кыргызга. Каны өлгөндө баары өлүп, өрт өчкөндөй болбойлук. Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү элбиз, өлгөн сайын өрчүгөн, өжөрлүү, намыскөй журтпуз. Манастын арбагын сыйлап, жалпы кыргыз аянбай Айкөл үчүн ак кызмат кылалы, кагылайын калайык!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

План

«Манас» эпосу—кыргыз элинин өтмүшү жана келечеги

 

 

Бабабыз Манас  жана «Манас» эпосу тууралуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Б. БЕЙШЕНАЛИЕВА АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ИСКУССТВО  ИНСТИТУТУ

 

 

 

По ИКД

 

 

 

 

Аткарган__________________________________

Текшерген________________________________

 

 

Бишкек 2013


Информация о работе Эпос Манас энциклопедия кыргызского народа