Автор работы: Пользователь скрыл имя, 10 Июня 2013 в 10:46, реферат
ХI кылымда-1069 (1070)- жылдары турк тилиндеги поэма жаралган. Аны Баласагын шаарынын кулуну Жусуп жазган. Ал поэмасын «Куттуу билим» деп атаган жана аны Караханий каганы Тавгач-Богра- Кара-Хаканга тартуулаган. Ал акынга хасс-хажиб ордо чинин (ордо министри) ыйгарган. Жусуп Баласагын жонундо маалыматты поэманын озунон алууга болот. Бир дагы Чыгыш биографында же библиографында ал жонундо эскеруу жок. Ошондой босо да, поэманы изилдоочу А.Н. Кононов томонкучо жазат: «корунуктуу акын, ото билимдуу адам, окумуштуу-энциклопедиячы, ыр жаратуучу, араб жана перси поэзиясынын жана турк фольклорун ийне-жибине чейин билген, ал астрономияда жана математикада, медицинада, шахмат ойноодо жана элдик спорт оюндарында жана башка коптогон тармактардан маалыматту болгон».
Жусуп Баласагындын философиялык ой-пикирлеринде таанып-билуу проблемасы, анын табияты, соолбостугу жана чексиздиги тууралуу маселе озгочо орунду ээлейт. «Куттуу билим » поэмасына гносеологиялык аспекте талдоо жургузуу акындын таанып – билуу теориясынын алгачкы пунктун адамга болгон гумандуу мамиле, аны табият менен байланыштырууга жана анын абалын бир аз болсо да жакшыртууга жасалган аракет тузоорун корсотот. Ойчулдун пикири боюнча чыныгы дуйно тугонгус байлыктардан турат жана ал адамдын жыргалчылыгы учун бар болгон реалдуу , ишенимдуу булак. Табият адамга чыныгы бакытты тартуулайт. Адамдын манызы- анны таанып билуудо. Ушундан улам «чыгаан ойчул озунун замандаштарын накта билимге ундойт, мунсуз дуйно карангы болоорлугун, таанып-билуу жоктугун, дуйнону терен тушунуп, майнаптуу жашоо учун билимди системалуу турдо толуктап туруу зарылдыгын баса белгилейт, билим-жарык, билим-жан дуйнонун азыгы, билим-акылмандык, билим-бактылуулук, билим-бийик кадыр-барк, аброй деген адам рухунун чордонун аныктап корсотот ». Акын мындайча белгилейт:
Билим бийик тугонбос окуу - улук,
Адамда ушул эки артыкчылык.
Бул создон отом кубо,
Акылдан каалашынча алгын, уро.
Таанып билуу процесси тууралуу
Жусуп Баласагындын философиялык ой
жугуртуулору чыгыш перипатетиктеринин
таанып-билуу теориясынан
Албетте, Жусуп Баласагындын таанып-билуу теориясына суфизм белгилуу денгээлде оз таасирин тийгизген. Ошондой болсо да, ойчул озунун гносеологиясында анын чектеринен чыга алган. Ага чыныгы дуйнону туура, обьективдуу чагылдыруу тууралу ой-пикирлер муноздуу болгон.
Жусуп Баласагын ото коп кырдуу курчап турган чойрону таанып –билуу зарылдыгы жана мумкундугу тууралуу идеяны жактоочулардан болгон. Болмуштун мыйзамдарын таанып-билуу адамдын ишкердик турмушун коштоп журуусу керек. Дуйнону таанып-билууго боло тургандыгына ишенуу анын гносеологиялык теориясынын негизин тузот, ошондуктан «жети катмардан турган асмандын сырларын таанып билууго» болгон аракет табигый корунуш.
Адамзаттын акыл-эсинин кучуно, адамдын дуйнонун бардык коп кырдуулугун таанып-билуу жондомдуулугуно ишенуу, акыл-эстин ролун ишенимге откоруп берген ортодоксалдык исламга карама-каршы келген. Жусуп Баласагын озунун философиялык коз караштарында адамзаттын акыл-эсине жана анын нерселердин манызына жетуу жондомдуулугуно эч кандай чек койбойт. Курчап турган дуйнонун чындыктарын таанып-билуу, анын ою боюнча тугонгус жана чексиз процессти элестет:
Билим дениз тубу да, чеги да жок,
Канча сузсан азайбайт, толо берет! (1)
Албетте, Жусуп Баласагындын жогоруда аталган терен гуманизмге ширелген гносеологиялык идеялары оз доору учун ото эле прогрессивдуу болгон. Бирок, оз мезгилинин тарыхый шарттарына байланыштуу алар ыраатсыз жана чектелген мунозго ээ болгон. Жусуп Баласагында таанып билуу процесси негизинен иррационалдык муноз алып журот, б.а. таанып-билуу процессин метафизикалык жол менен предметтердин жана кубулуштардын адамдын ан-сезиминдеги туздон-туз чагылуусу катары тушунгон. Бутунддой таанып билуу процессинин оозу ойчул тарабынан курчап турган чойронун кубулуштары жана предметтери тууралуу топтолгон билимдердин жонокой элесандык осушу катары каралат.
«Куттуу билим» поэмасы – баарыдан мурда этикалык-дидактикалык чыгарма. Ошондуктан анда этикалык маселелер бир топ бийик денгээлде чечмеленет. Анын озгочолугу болуп моралдын негизги тушунуктору поэмадагы адилеттиктин символу болгон –Кунтууду эликтин, бакыттын символу болгон –Айтолдунун, акыл-эстин символу-Акдилмиштин жана каниеттин символу Откурмуштун образдарына персонифкациялангандыгы эсептелет. Ошентип, Баласагын негизги этикалык категорияларды ачып корсотот, аларды калган этикалык тушунуктор менен айкалыштыруу аркылуу ото маанилуу жакшылыктардые системасын тузууго аракет кылат. Ааламдын торт элементи ондуу эле Жусуп «социалдык космостогу» торт башталманы, б.а. адам жашоосунун пайдубалын тузгон баалуулуктарды белгилейт.
Жусуп Баласагындын аталган, этикага эле байланыштуу эмес ,болмуш, жашоо жана адам жашоосунун жалпы философиялык маселелери менен байланышкан этикалык изгиликтерге баа беруусун томонкудой жагдайларды эске алуу керек. Жогоруда белгиленгендей ойчул жашаган доордо – диндик идеология озунун устомдугун жургузуп турган шартта, диний мораль уй-булолук мамилелерге чейинки жашоо-турмуштун бардык тармактарны жонго салууга аракеттенген. Мына ушунун озу ойчулдун дуйного болгон коз карашына оз изин калтырган. Ал Жусуп Баласагындын адеп-ахлак маселеси боюнча айткандарында булл дуйнонун жыргалчылыгынан баш тартуу, бешенеге жазылган тагдырга моюн суну ондуу акыл-насааттары коп жолуккандыгынан байкалат. Ошондой болсо да ойчулдун мурастарындагы мындай диний маанайлар, иррационалдуу ой жугуртуулор негизги идея катары эсептелбейт. Жусуп Баласагындын идеялык мурастарынын, анын ичинде этикалык коз караштарынын негизин анын гуманизми аныктайт.
Белгилуу болгондой, автордун «Куттуу билим» поэмасында адилеттуу тууралуу маселе борбордук орунду ээлейт. Кыязы, ошол себептуу «адилеттуулук» деген тушунук Жусуп Баласагындын социалдык-этикалык окуусунда абсолюттуу жана объективдуу негизди тузот. Калган этикалык тушунуктор озунун салыштырмалуу, субъективдуу мунозу боюнча ушул тушунуктун туундусу катары корунот.
Жусуп Баласагында адилеттуулук баарыдан мурда адамга карата болгон гумандуу мамиледе пайда болгон башка бардык изгиликтердин негизгиси болуп саналат. Адилеттуулук- коомдун онугушунун кймылдаткыч кучу. Ага негизделген коом дайыма гулдоп осот. Адилеттуулуктун жарыгы - баарынан жарык, баарын оз ичине алат, мына ушул жарыктын алдында бардык коомдук турмуш гулдоп онугот.
«Адилеттуулук» деген тушунукту ойчул негизинен социалдык планда карайт. Ушул онуттон алганда, адилеттуулук мамлекет башчысынан да, коомдун мучолорунон да бирдей эле жоопкерчиликти талап кылат, адамдар коомдон алган ордуна, социалдык тегине карабастан оз милдеттерин так аткаруулары зарыл. Ушуга байланыштуу адилетттулук тууралуу Жусуп Баласагындын ой жугуртуусундо башкаруунун адилеттуу формасы жонундогу идея негизги орунду ээлейт.Ал башкаруунун тирандык образына каршы чыгып, кээде ачык турдо, айрым учурда отмо мааниде
башкаруучулардын зордук-
Бийликтин эн негизи – адилеттик,
Чындык барда козголбой турат бийлик.(1)
Акын башкаруучуларды адилеттуулуктун нормаларын сактоого чакыруу менен аларга моралдык жактан таасир корсотууго аракеттенген. Ал даилеттуу башкаруучунун образын тузууго далалат жасаган, бирок, анын бул багыттагы изденуусу анын коомдук турмушту жакшыртуу тууралуу утопиялык ой-жугуртуулорун жана идеалдуу коомдук тузулуш тууралуу ойлорун баяндоо менен гана чектелген. Жусуп Баласагындын булл идеялары Фарабинин башкаруучунун моралдык сапаттарынан мыйзамдын аткарылышынын гарантиясын жана адилеттиктин салтанат курушун коргон анын идеалдуу коомдук тузулуш жонундогу идеясынын негизги принциптери менен коп жагынан ундошот.(2)
Албетте, Жусуп Баласагындын социалдык окуусу озу кирген социалдык класстын жана озунун поэмасын арнаган бийлик ээсинин кызыкчылыгын белгилуу денгээлде туюнткан. Акындын коомдун турмушу менен байланышкан копчулук концепцияларында устомдук кылуучу таптын
типтуу окулунун коз карашы айтылган. Ошону менен бирге эле Жусуп Баласагын мамлекеттик бийликти оркундотуу тууралуу, жыргалчылыктын оболголору, олконун гулдошу жана анын башкаруучусунун акылмандыгы жонундогу прогрессивдуу ойлорду билгизген. Маселен, башкаруучулардын абалдары жана бутундой эле олконун жыргалчылыгы жонокой адамдардын материалдык базасына байланыштуу болору тууралуу принциптуу жобосу озунун реалисттик мунозу менен ото тан калтырат.
Жусуп Баласагындан этикалык
окуусунда бакытка карата болго
Эгерде сен бек болууну калсан самап,
Адилеттик – байлыкты озу табат
Ойчулдун пикирине ылайык, бакыт озгормолуу, ал адамдын асмандагы менен жердегинин, рухий менен дене шайкештигин издоодогу туболук канааттанбай келген жете алгыс кыялдары катары корунот. Гуманист –ойчул «озгормо бакыт» деген тушунукко философиялык дагы, социалдык дагы маани кошкон.
Жусуп Баласагындын озунун этикалык окуусунда билимге озгочо орун берет. Ал «…рационализмдин, тагыраак айтканда Чыгыш перипатетиктеринин салтын улантуу менен, адам учун акыл-эстин ролун ото жогору баалаган, акыл-эстин жашоодогу, адамдардын оз ара мамилелериндеги, асыресе адеп-ахлактык сапаттарды калыптандыруудагы, онуктуруудогу маанисин ботончо белгилеген.(1) Башкача айтканда, акын билимди жакшылыкка окшоштуруу менен аны бардык эле адамзат жетишкен ийгиликтердин негизи деп эсептейт. Билим кадыр-барктоого муктаж эмес жана ал адамдын кемчиликтери менен келише албайт. Билим идеалдуу инсанды жана коомду калыптандырууда негизги фактор. Ошондуктан адам билимдуу болу жолу менен гана озун оркундотууго жондомдуу. Агартуу иштерин жургузуу аркылуу доордун адеп-ахлактык климатын жакшыртууга болот. Ушул маселе тууралуу ал мындайчы жазат:
Окугандар акылдуу, улук болоор,
Билимдууго тугонбос байлык
Окуган жан озу короор жемишин,
Тоскоолдук жок акыл-эстуу эр учун!(2)
Жусуп Баласагындын ишенимине ылайык, бактылуу болууну каалаган адам билимге кызыгуусун ар тараптан арттыруу керек жана билимдин жардымы аркылуу табият кучторун озуно баш ийдирип жана пайдалануусу зарыл. Билим – адамдын жакшылык иштерди жасоосу учун маанилуу каражат, ал бардык адамзаттык журум-турумдарды аныктайт. Билимдин
жардамы аркылуу гана адам озун улуу адам катары которо алат жана артына жакшы атын калтырат:
Окуу билим, акылдуу – акыл курап,
Билимдуу ойдогусун кабыл алат.
Туркойго оору кырсык жакын болот.
Жусуп Баласагында «байлык» деген тушунук материалдык жана рухий баалуулуктарга так болунгонун белгилоо зарыл. Анын пикирине ылайык,
(1)Нарынбаев А. Жусуп Баласагын Чыгыштын чыгаан ойчулу.-31-б.
(2)Жусуп Баласагын Куттуу билим -59-б.
чыныгы байлык – бул жан дуйнонун байлыгы жана рухий байлык гана адамды айкол кыла алат. Акындын оюна ылайык, материалдык байлык, ага болгон кызыкчылык, бул адамдын адеп-ахлактык сапатынын томондоосуно алып келет.Ал адамдарды бул дуйнодогу материалдык байлыктарга кызыкпоого чакырып, аларды билим алууга, озулорун жогорку ыймандык сапаттарга тарбиялоого аракеттенуусун белгилеген. Социалдык адилетсиздиктен кандай жолдор менен арылуу керектигин жана кантип жалпы жыргалчылыкка жетуу зарылдыгы тууралуу айткан. Ушул жагдайга байланыштуу А.И. Нарынбаев жана А.Касымов мындай деп адилеттуу жазышат: « Ал (Жусуп Баласагын) келечектеги жакшы коомдо бардык адамдар оздорунун коомдогу ээлеген ордуна карабастан, жалгыз тура жол болуп эсептелген билимдерин оркундоткондо жана илимий билимдерди оздоштурушкондо гана бактылуу боло алышат деп эсептеген».(1)
Ойчулдун пикирине ылайык, адамдар
билимдин ар кандай
Жусуп Баласагындын этикалык коз караштарындагы дагы бир баалуулук болуп, анын адамды адеп-ахлактык жактан тарбиялоо проблемалары менен байланышкан ой жугуртуулору эсептелет. Ошону менен бирге ал жаштарды тарбиялоого, аларды адеп-ахлактык жактан калыптандырууга озгочо конул бурат. Ойчул акындын пикирине ылайык, адеп-ахлактык жактан жетилуу – адамдын жашоо мунозунун негизи. Тарбиялоодо жана билим беруудо адамдын ички жан дуйносу менен сырткы жетилуусунун биримдиги, анын дене тузулушунун сулуулугу менен рухий дуйносунун сулуулугу топ келишип турушу зарыл.
Информация о работе Жусуп Баласагын (Болжолу 1015-1016- жылдары туулган – 1070-жылдан кийин олгон)