Автор работы: Пользователь скрыл имя, 11 Мая 2014 в 13:40, лекция
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга түзүлгөн план-программасында элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбия концепциясын иштеп чыгуу каралган. Кыргыз билим берүү академиясында түзүлүп, жарыяланып жаткан концепция ушул өкмөттүк планды ишке ашыруу максатын көздөйт. “Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы“ бир катар жылдардан бери басма сөздө, сыналгыда талкууланып, коомчулуктун оӊ баасын алып, сунуш-пикирлердин негизинде улам өркүндөтүлүп келе жатат. Билим берүү жана илим министрлиги аталган концепцияны дагы бир ирет педагогикалык коомчулуктун талкуусуна коюп, мектептердин жана ЖОЖдордун жамааттарынан сунуш-пикирлерди күтөт.
3) Мамлекеттик тил –
таалим-тарбиянын мазмундук
Улуттун улут экенин билгизген башкы көрсөткүч – эне тил. Кыргыз тилибиз – улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө согуп турган эне тили — жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам – тирүүөлүк, маӊкурт, экономикалык макулук. «Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт» (Байдылда). Демек, эне тилибиз ар бир алатоолук атуулдун ар намысы, сыймыгы, жашоосунун маӊызы, дүйнөгө көрсөтө турган «улуттук паспорту» (Э. Ибраев). «Тил — улуттун жаны» (Гумбольд). Дал ушундай философияны бекем тутунуп жашаган, мамлекеттик тилдин кызматы үчүн тикесинен тик турган намыскөй атуулдарды өстүрүп чыгаруу мүдөөсү нравалык тарбиянын өзөгүн аныктап, ар дайым активдүү аракетте турса, анда мындай менталдуулук – республикабыздын дүйнөлүк цивилизация көчүнөөз жүзүн, колоритин сактап кошулушунун өбөлгөсү болмок. Эне тилге болгон тереӊ урмат-сый -жаш гражданиндин ички рухий-ыймандык, патриоттук маданиятынын чен-өлчөмү.
Ошондой эле дүйнөлүк тилдерди үйрөнүү да өнүгүүбүзд
Кыргызстандагы боордош калктардын жаштарынын өз эне тилин билиши жана Республиканын Мамлекеттик тилине болгон урматы, анын ички атуулдук-адептик маданиятынын көрсөткүчү.
4) Тарбиянын мазмундук уюткусу – калктын улуу тарыхы
Тарбия ишинин негизине алынып, мазмунун аныктай турган кенч — бул улуттук тарых. Кыргызстандын тарыхы – сыймыктана турган тарых. Кыргыздар — Азияда биринчилерден болуп өзүнүн жазмасына ээ болгон эл. Кыргыздар биздин эранын V кылымында эле рун жазуусун колдонгон. Борбордук Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар илгерки доорлордо алгачкылардан болуп алтын, темир кендерин иштеткен, өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), IX кылым Азияда өзүнүн империясын түзгөн, темирден аскердик куралдарды жасоо жагынан чыгышка даӊкы чыккан, кытай жазмаларынын жана орто кылымдагы саякатчылардын берген маалыматы боюнча чептерди, шаарларды (маселен, «Алакчын», «Кыргыз хан» шаарлары) курган, башка тайпалар, калктар менен дипломатиялык активдүү мамиледе болгон. «Манаста» айтылгандай «Эрендер менен маӊдайлаш, чечендер менен таӊдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеӊип албаган» жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Манас атабыз, Барсбек, Алп Сол, Тагай бий, Кубат бий, Жаӊыл Мырза, Курманбек баатыр, Эр Табылды, Эр Солтоной, Атаке, Бердике, Жайыл, Тайлак, Курманжан датка, Искак хан, Алымбек датка, кийинкилерден Абдыкерим Сыдыков, И.Раззаков көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай сыяктуу улут ар намысы жана боштондугу үчүн кара жанын садага чапкан жүздөгөн, миӊдеген баатырларыбыз, 2010-жылдын 7-апрелинде элинин эркиндиги үчүн курман болгон патриот уулдарыбыз — улуттук тарыхыбыздын мактанычы жана сыймыгы. Калкыбыздын уникалдуу боз үйү, түркүн сайма буюмдарына, ала-кийиз, шырдакка чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр — дүйнөдө сейрек кездешкен эстетикалык сулуулук. Калк зергерлеринин, уздарынын, жез оймокторунун, усталарынын колунан бүткөн зергер буюмдар, жасалгалар өзүнүн ажайып кооздугу жана чеберчилиги менен илгертен Азия аймагына даӊкталып келген. Көз жоосун алган алтын-күмүш билерик, шакектерди, керемет кемер курларды, жаркыраган жүгөн-куюшкандарды, койкойгон ээрлерди, колодон жасалган кумураларды, «шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен» өткүр кылычтарды жасаган атактуу Бөлөкбай («Манас») сыяктуу кыргыз усталарынын керемет өнөрү, чеберчилиги айлана тегеректи таӊданткан. Археологиялык казуулардан табылып, дүйнөгө белгилүү болгон алтындан уютулуп жасалган бугу, куш, жейрен алган илбирс сыяктуу көркөм эстеликтер жалаӊ эле байыркы сактарга эмес, кыргыздарга да тиешелүү болгон. Кыскасы, элдин байыртан өнүгүп келген керемет кол өнөрчүлүгү, материалдык маданияты, мындай өнөргө эгедер ата-бабаларыбыз менен кийинки муундар сыймыктанууга акылуу. Кыскасы, биздин бүгүнкү муундарыбыздын рухун жогору көтөрө турган, көкүрөгүн сыймыкка бөлөп, улуттук ар-намыс сезимин (чувство национального достоинства) бийиктете турган даӊктуу тарыхыбыз жана маданиятыбыз бар экендигин эч ким тана албайт. Кыргыз тарыхынын бай жана баатырдык мазмуну – патриоттук тарбиянын соолбос булагы. Патриоттук тарбия үчүн, улуттук өзүн-өзү аӊдап түшүнүүнү (национальное самосознание) өстүрүүүчүн керектүүорошон мазмун ушул жерде жатат. «Өзүнүн тарыхын ийне-жибине чейин билип, аны жаш муундардын энчисине айландырып жаткан улут бактылуу улут» (Махатма Ганди).
Кыргыз элинин тарыхы менен бирге республикабызда жашаган боордош калктардын тарыхы – жеткинчектерде, жаштарда тарыхый эстутумду калыптандыруунун каражаты.
5) Кыргыздын бай фольклору, адабияты жана искусствосу – таалим-тарбиянын көөнөрбөс көрөӊгөсү.
Калкыбыз Азияда эӊ бай фольклордук адабиятты
жараткан. Элибиздин даанышман макал-лакаптары,
накыл сөздөрү, нуска китептери, мазмуну патриоттук
идеяларга, рухий-адептик дөөлөттөргө карк “Манас” баш болгон залкар
эпосторубуз, дастандарыбыз, Арстанбек,
Жеӊижок, Токтогулдай сандаган
ак таӊдай акындарыбыздын поэзиясындагы
тереӊ маанилүү санат-
6) Кылымдар бою түзүлгөн элдик мораль, ата-бабаларыбыз түзгөн улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөр – тарбия-таалимдин гүлазыгы.
Тарбия ишинин мазмундук пайдубалына уютку болуп жата турган дагы бир кубаттуу ресурс бул күнүмдүккөэмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.
Биздин элдик менталитетинде индивидуалисттик-коммерциялык жана технократиялык дүйнө жоготуп, таппай калган эӊ мыкты сапат-касиеттер бар. Ошолордун бири – коллективизм. Айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: «Жылуу жерден конуш тап. Мунусу — жетим-жесирге, мунусу — алсыз карыпка, мунусу – курт-кумурскага, мунусу – сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага». Мына, жалпынын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу коллективисттик, гуманисттик, адамгерчиликтүү этикасы. Калыгул даанышмандын гуманисттик этикасы насыяттайт: «Орой айтсаӊ адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет». Элдик кеменгер Калыгулдун ишениминде оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеӊет. Улуттук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, башкаларга жардамдашкан боордоштук касиети, керегелеш, үзөнгүлөш, канатташ жашаган калктар менен достук салты өнүккөн. “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деӊиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миӊ белден ашырат”. Кыргыз элинин салтындагы мындай достук этикасы – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычы.
Элдик этикада калыстык, чынчылдык, адилеттүүлүк, акыйкатчылдык, жоомарттык, “таш менен урганды аш менен урган” айкөлдүк, топуктуулук, сабырдуулук, сылык-сыпаалык, кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, ар намыстуулук, жоопкерчиликтүүлүк, мекенчилдик ж.б. улуу сапаттар ар дайым даӊазаланып, адамдык жүрүм-турумдун идеалы болуп келген.
«Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же сойлоорго буту жок, жылан байкуш кантти экен» деген улуу Асан Кайгы кыргыздын экологиялык маданиятынын, экологиялык акылмандыгынын символу. Асан Кайгынын адеп-ахлагы табият менен жуурулушкан руханий уруулуктун өрнөгү. Кишинин жер менен киндиктеш экенин, жер менен коюн-колтук алышкан улуу биримдиктин зарылдыгын туюнтуп, ата-бабалар ким табиятка каршы барса, кийиктерди миӊ-сандап кырган Кожожашчасынан аскада калып, «Буудайык» жомогундагы саятчы Төлөктөй апаатка учурарын адамзат балдарына эскертип кеткен. Жаратылыш менен гармонияда жашоо – бул элибиздин илгертен келаткан экологиялык улуу осуяты жана бүгүнкү адамзаттын алдыӊкы акыл-эсинин тутунган философиясы. Бизде жерди эне дейт, Жер-Энени, табият-энени тереӊ сыйлай билүүгө баланы кенедей кезинен тарбиялоо керек. Жаратылышка болгон боорукер мамиле – инсандын гумандуулугунун, адеп-ыйманынын критерийи. Тарбия ишинде мына ушундай улуттук философия жана дүйнөлүк экологиялык маданияттын жетишкендиктери – этикалык-экологиялык тарбиянын мазмундук ресурсу.
«Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер», “мээнетиӊ катуу болсо, татканыӊ татуу болот” деп насыятталат кыргыз эл макалында. Буга удаа “Манастагы” “эмгек кыл, балдар, эмгек кыл, акыӊды эмгек кайырат, арыганыӊ семирет, ачкан курсак тоюнат” деген осуятты дагы эске түшүрүү ылайыктуу. Элдик акылмандыктын эмгек философиясынын духунда улуу Жеӊижок акын “адал эмгек – динибиз, жаралган адам эмгектен” деген даанышмандыкты жар салып турат. Чындыгында, Манас атабыздын адам болуп жаралышында, калыптанышында эмгек зор роль ойногон. Бала кезинде Манас Ошпур койчунун эмгек мектебинен өткөн. Демек, биздин элдик педагогикабызда эмгек, биринчи иретте, бул баланы адам катары калыптандыруунун, киши кылуунун, атуул катары жетилтүүнүн бирден бир жолу, ошону менен бирге береке, байлыктын булагы. “Эрдин көркү – эл менен, эмгегиӊ менен элге жак”, “Жаш кезиӊде жаркылдап, калкыӊа тийгиз керегиӊ” дейт тоо булбулу Токтогулдун насааты. Элдик акылмандыкта калк бакыбатына багышталган эмгекчилдик, эмгекти дин катары тутунган мээнеткечтик – адамдын адеп-ахлактуулугунун көрсөткүчү. Дегеле дүйнөнүн калктарында эмгек бак-таалайдын ачкычы катары саналат. Жамааттын жакшылыгына арналган эмгектин маӊыздуулугу, кундуулугу, социалдык-баалуулугу, эмгектин, адамдын нравалуулугунун чен-өлчөмү жана кишинин өзүнүн ички жөндөм-мүмкүнчүлүктөрүн ачуунун, өзүн өлбөс кылуунун жолу экендиги жөнүндөгү элдик акылмандыктын залкар философиясы азыркы жаштарды тарбиялоо ишинин негизине идеялык пайдубал катары алынышы шарт.
“Зөөкүрдү чабар камчы бол, кургак жерге тамчы бол, дүлөйлөргө кулак бол, чөлдүү жерге булак бол, аргымак минген баатыр бол, алсыздарга жакын бол, жетимдерге көмөк бол, канкорлорго касап бол, калп айтканга мазак бол, урууларга айгак бол, ушакчыга сайгак бол, эрегиш чыкса элчи бол, эл-журтуӊдун кенчи бол, кара өзгөй болбой калыс бол, кошоматтан алыс бол, жери жокко конуш бол, эти жокко союш бол” (Жеӊижок). Улуу акын Жеӊижоктун бул осуятында адамдык-атуулдук, патриоттук жүрүм-турумдун бүтүндөй бир кодекси, программасы берилген.
Мекенчилдик, патриотизм – элдик моралдык улуу касиеттеринин бири (“Ала-Тоо асыл жер үчүн, калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин” – Манас. “Денем афган жеринде калса калсын, жүрөгүмдү Алайга алып барып көмгүлө” – Курманжан датканын уулу Абдылдабектин керээзинен. “Элимди, жеримди кор кылбай өмүр бою коргойм” – Эр Солтоной).
Кыскасы, тарыхтын узак жолун
баскан элибиз өсүп жаткан муундарга адам болуунун
жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан.
Жогорудагы элдик моралдык нарктар жана
идеалдар универсалдуу, жалпы адамзаттык
мааниге ээ. Ушул адеп-ахлак нарктары кечээки
ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун регулятору болуп
келген жана тарыхтын «аяздуу бороон-чапкындарында»
улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден
болгон. Бүгүн да ушул түбөлүктүүмүнөздөгү рухий-
7) Жалпы адамзаттык рухий-
Бүгүнкү адамзаттын алдыӊкы гуманисттик акыл-эси цивилизациялардын,
маданияттардын бири-биринеүстөмдүк кылышы, конфронтация идеясына
эмес, маданияттардын өз ара диалогуна, кызматташтыгына
артыкчылык берип отурат. Маданияттардын
диалогу – биздин Кыргызстан да жетекчиликке
ала турган методология. Ушул контекстте
караганда биздин жеткинчектерибиздин,
улан-кыздарыбыздын дүйнөлүк прогрессивдүү маданияттын алдыӊкы өрнөктөрүн, жалпы адамзаттын чындык,
жакшылык, сулуулук (истина, добро, красота)
жөнүндөгү идеалдардын өздөштүр
Кыскасы, жалпы адамзаттык рухий-адептик баалуулуктар жана жаӊы инновациялык сапат-касиеттер таалим-тарбия мазмунунун гүлазыгын түзөт.
VI. Рухий-адептик жана патриоттук
тарбиянын мазмунун жүзөгө ашыр
Жогорудагы мазмундук база-казына, мазмундук багыт коомубуздагы бардык институттардын: үй-бүлөнүн, бала бакчанын, мектептин, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын, айыл өкмөтүнүн, акимиаттын, мамлекеттик мекемелердин, органдардын, министрликтердин, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын таалим-тарбия ишмердигинин негизине алынып, алар бул мазмунга чыгармачылык менен мамиле жасап, аны дагы да байытып, өркүндөтүп, ушул багытта өздөрүнүн күндөлүк иш-пландарын түзүп, иш алып барууга тийиш. Тарбия ишинин мазмунуна негиз катары алынган баалуулуктарды жаш баланын рухуна сиӊирүүдө айрыкча үй-бүлөнүн ролу зор. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дейт эл макалы. Уя – бул үй-бүлө. Бала – “балапандын” дене-боюнун физикалык негиздери жана руханий пайдубалы алгач дал ушул “уяда” түптөлөт. Үй-бүлөдө алган көнүмүш, таалим-тарбия баланын жан-жаратылышына өчпөс тамга болуп басылып, аны өмүр бою коштоп жүрүп отурат. Баланын сезгич, бат таасирленгич кезинде, анын дүйнөсүнө себилген тарбия «үрөндөрү» жемиштүү түшүм берерин турмуш тажрыйбасы миӊ бир ирет далилдеген. Мына ошондон улам элдик педагогика чүрпөнүн тарбиясын, анын «уядагы» кезинен «көк бүчүр», «тал чыбык» учурунан баштоону зарыл деп санаган. Ошол үчүн кыргызда «Сүт менен кошо бүткөн нерсе сөөк менен кошо кетет», «Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат», «Баланы башынан үйрөт, чырпыкты жашынан ий», «Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр» деген даанышман макалдар жашайт.
Рухий-адептик жана патриоттук
дөөлөттөрдү баланын жан дүйнөсүнө интериоризациялоодо
Таалим-тарбия иши аныкталган максаттан жана мазмундук ресурстан гана турбайт. Ошол максат менен мазмунду реалдуулукка айландыра турган принциптердин, методдордун, формалардын, уюштуруу иш-чараларынын өз ара тутумдашкан комплексинен турат. Жогорудагы тарбиянын башкы максаттарын жүзөгөашыруу үчүн көрөӊгө, гүлазык, база катары аныкталган мазмунду тарбиялануучунун аӊ-сезимине жана жан-дүйнөсүнө кандай технологиялар аркылуу жеткирилет, сиӊирилет. Алар төмөнкүлөр:
1. Тарбиялоонун принциптери
Авторитардык-акимчил тарбияда тарбиялануучу объект катары саналып, анын жүрүм-турумун тыштан туруп жөнгө салуу, башкаруу идеясы үстөмдүк кылат. Бүгүнкү жаӊы тарбия методикасында бул анохронизм. Бүгүнкү тарбия ишинде маселеге чыгармачылык мамиле, тарбиялануучуну тарбиянын субъектиси катары саноо жана партнердук кызматташуу аркылуу анын инсанын өнүктүрүү идеясын биринчи планга коюу баарынан маанилүү. Колдонулуучу принциптер:
Информация о работе Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы