Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 11 Мая 2014 в 13:40, лекция

Краткое описание

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга түзүлгөн план-программасында элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбия концепциясын иштеп чыгуу каралган. Кыргыз билим берүү академиясында түзүлүп, жарыяланып жаткан концепция ушул өкмөттүк планды ишке ашыруу максатын көздөйт. “Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы“ бир катар жылдардан бери басма сөздө, сыналгыда талкууланып, коомчулуктун оӊ баасын алып, сунуш-пикирлердин негизинде улам өркүндөтүлүп келе жатат. Билим берүү жана илим министрлиги аталган концепцияны дагы бир ирет педагогикалык коомчулуктун талкуусуна коюп, мектептердин жана ЖОЖдордун жамааттарынан сунуш-пикирлерди күтөт.

Вложенные файлы: 1 файл

Жаш муундарды рухий.doc

— 178.50 Кб (Скачать файл)

-   адамгерчиликтүү, мээримдүү (гумандуу) мамиле принциби;

-   жаратылышка ылайыктуулук принциби;

-  инсанчыл-жекече (принцип личностно-индивидуального подхода) мамиле жасоо принциби;

- тарбия ишине инсанчыл-ишмерчил  мамиле принциби;

-  турмуш менен байланыштуулук принциби;

-  өнүктүрүп тарбиялоо принциби;

-  тарбияны уюштуруунун көп варианттуулугу жана ийкемдүүлүгү  принциби;         

-  коллективде тарбиялоо принциби;

-  үлгүлүүөрнөктөргө таянуу принциби;

– окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги принциби ж.б.

Рухий-адептик тарбиялоо ишинде аталган принциптерди жетекчиликке алып, ыктуу пайдалануу натыйжа бермек. 

2. Тарбиялоонун  методдору

Тарбия методу – бул тарбиянын алдыга коюлган максатына жетүүнүн жолу, башкача айтканда, тарбиялануучуда белгилүү бир адамдык сапатты калыптандыруу үчүн анын аӊ-сезимине, эркине, таасир кылуунун амалы.  Адеп-ахлак жоболорунун жүрөккө, жан-дилге тамырлаган ички ишенимге, андан ары реалдуу жүрүм-турумга  айланышы эч убакта автоматтык түрдө болбойт. Бул татаал руханий изденүүлөрдүн жолун баса турган процесс. Аткарылууга тийиш болгон нравалык эреже-норма инсан тарабынан акыл менен гана эмес, эмоционалдык толгонуулар аркылуу кабылданып, адам ал эреже-норманын өзүүчүн да, коом үчүн да зарыл экенин өз «жон териси» менен, жеке тажрыйбасы аркылуу туюнуп, аны ички ыктыяры менен аткарууга өтсө, ошол этикалык эреже-норма тышкы талап болуудан калып, кишинин өзүнүн ички керектөөсүнө, ички адептик сапат-касиетине айланып калса ошондо адеп-ахлак тарбиясынын ийгилиги жөнүндө сөз кылууга болот. Мына ошондуктан, «Манаста» айтылгандай, тарбиялануучунун «жүлүнүнөжетээр кеп айтуу, жүрөгүн өрттөп бек айтуу», башкача айтканда, ийкемдүү методика зарыл. Бардык деӊгээлдеги, бардык тепкичтердеги тарбиячылар кургак насаат менен чектелбей, аӊгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдарды түзүү, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу (метод убеждения), өзүн-өзү тарбиялоо, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, материалдык жана моралдык кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, интерактивдүү аракеттенүү, сынчыл ойлом, «мээ чабуулу» ж.б.у.с. турмуштун сыноосунан өткөн усулдук ыкма, айла-амалдарды колдонуулары шарт. Ар бир усулду конкреттүү шарттын спецификалык бөтөнчөлүгүн, жаш адамдын индивидуалдуу өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен колдонуу чеберчилиги тарбия ишинде үзүрлүү натыйжага алып келмек. 

 

3. Тарбия ишинин  формалары жана уюштуруу иш-чаралары:

Тарбия ишинде дүйнөлүк педагогикалык практиканын элегинен өткөн төмөнкү негизги үч форманы пайдалануу ылайык.

1. Тарбиянын массалык  формасы: тарбия жумалыгы, тарбия  он күндүгү (декадасы), окурмандардын конференциясы, тематикалык кечелер, суроо-жооп кечелери, кароолор, конкурстар, олимпиадалар, туристтик жүрүштөр, фестивалдар, көргөзмөлөр, өмүрүөрнөк адамдар менен кызыктуу жолугушуулар, тарбия оюндары ж.б.

2. Тарбиянын топтук (группалык) формасы: класстык сааттар, экскурсиялар, ийримдер, түрдүү коллективдүүтарбия иштери ж.б. 

3. Тарбиянын жекече (индивидуалдуу) формасы: жекече китеп окууну, жекече  бош убактыны өткөрүүнү, баланын өзүн-өзү тарбиялоосун, кызыккан оюнун уюштуруу ж.б.     

– Коомдогу бардык билим берүү мекеме-уюмдары, бардык тарбия институттары, үй-бүлө, бала бакча, мектеп, айыл өкмөтү таалим-тарбиялык максатта өз ара тыгыз байланышта иштөөсү зарыл. 

- Биринчи иретте, концепциянын  мазмунунда көрсөтүлгөн нарк-дөөлөттөрдү мектептердеги, атайын орто жана жогорку окуу жайларындагы кыргыз тили, кыргыз адабияты, тарых, философия, маданияттаануу, Манастаануу, музыка, педагогика ж.б. гуманитардык предметтердин программаларына, окуу китептерине, окуу колдонмолоруна тереӊ сиӊирүү, бул предметтерди окутуу сапатын көтөрүү кажет. Көрсөтүлгөн мазмунду реализациялоодо табигый предметтердин да мүмкүнчүлүгү чоӊ экендиги эске алынууга тийиш.

- Элдик рухий-адептик, патриоттук  нарк-дөөлөттөрдү жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак кенчтердиөздөштүрүү максатында билим берүү мекеме-уюмдарында Республикалык, областтык, жергиликтүүмасштабда фестивалдарды, жумалыктарды, декадаларды, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, көргөзмөлөрдү, концерттерди, кароолорду, конкурстарды, мелдештерди, музейлерди, ийримдерди, кечелерди, майрамдарды ж. б. иш-чараларды туруктуу уюштуруп, өткөрүп турууну салтка айландыруу.

- Жаш муундарды мамлекеттин  символдоруна — Гербге, Гимнге, Желекке  урматтап мамиле жасоого көнүктүрө турган иш-чараларды уюштуруу.

- Мектептердеги «Адеп»  предметин окутуунун сапатын  жакшыртуу, анын материалдык, окуу  педагогикалык базасын чыӊдоо, «Адеп» предмети боюнча  жогорку окуу жайларында атайын адистерди даярдоону жолго коюу менен аталган окуу предметин жогорку адистиктеги кадрлар менен камсыз кылуу.

- Кыргыз билим берүү академиясында «Этнопедагогика» лабораториясын түзүү.

-  Мамлекеттик бюджеттин негизинде «Адеп тарбиясы» журналдарын уюштуруу. 

- Республикада атайын  педагогикалык университетти түзүү, студенттердин психологиялык-педагогикалык, этнопедагогикалык, тарбиячылык даярдыгын күчөтүү.

- Ар бир мектепте ошол  айылдын, чөлкөмдүн, өрөөндүн тарыхын, улуу адамдардын өмүр жолун, жергиликтүү табияттын бөтөнчөлүгүн, жан-жаныбарларын ж.б. таанып-билүүгө багытталган музейлерди түзүү жана аларды тарбиялык багытта натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;   

– Улуттук руханий нарк-дөөлөттөрүбүз, материалдык маданиятыбыз, тарыхыбыз жөнүндө жаштар үчүн илимий-популярдуу басылмаларды үзгүлтүксүз чыгаруу, кинотасмаларды, мультфильмдерди тартуу, улуттук жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак кенчтерин басма сөз, телерадио аркылуу кеӊири пропагандалоо, бөбөктөрүчүн сүрөттүү жомок китептерин чыгаруу, аларды кенен жайылтуу;

– Телеберүүлөрдүн, компьютердик программаларды гумандуулуктун, маданияттын, адептүүлүктүн негизинде оӊ багытка буруу;

– Мектеп окуучуларынын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” сыяктуу өзүн-өзү башкаруу органдарын, уюмдарынөнүктүрүү;

– Класстан тышкаркы, аудиториядан тышкаркы, мектептен тышкаркы тарбия иштерин активдештирүү;

– Жогорку окуу жайларында мектеп жана тарбия мекемелери үчүн психологдорду даярдоо жана бардык мектептерде психологдун штатын ачуу;

– Баланын тарбиясы үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү, алардын тарбия чеберчилигин, педагогикалык сабатын жогорулатуу үчүн жер-жерлерде окуу-тарбия мекемелеринде лекцияларды уюштуруу;

- Рухий-адептик, патриоттук  тарбия боюнча үй-бүлө китепканаларын уюштуруу;

– Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды турмушка ашырууну билим берүү мекеме-уюмдарында активдештирүү;

– Мектептердеги класстык тарбия сааттарынын мазмунун рухий-адептик маданияттын жана патриоттуулуктун духунда тереӊдетүү;

– Мектептеги жана жогорку окуу жайларындагы бардык окуу предметтеринин тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу;

– Бардык билим берүү мекеме-уюмдарында «Мамлекеттик тил» күнүн, «Нооруз» майрамын, «Мамлекеттик көз карандысыздык» күнүн, «Конституция» күнүн, «Карылар» күнүн, «9-май – Жеӊиш майрамын» ж.б. белгилүү даталарды белгилөөнүн тарбия берүүчүлүк мазмунун арттырууга маани берүү;

– Мектептерде жана жогорку окуу жайларында “Манас” эпосун окутуунун материалдык окуу-педагогикалык базасын чыӊдоо;

– Дене тарбия сабактарынын программаларына улуттук спорт оюндарын киргизүү жана кайрадан жандандыруу, бул боюнча спартакиадаларды уюштуруу;

– Эмгекке үйрөтүү сабактарында улуттук этнографиялык жасалгаларды, элдик кол өнөрчүлүктү: устачылыкты, жыгаччылыкты, зергерчиликти, узчулукту, оймочулукту, саймачылыкты үйрөтүүнү жолго коюу;

– Билим берүү мекеме-уюмдарында өз ара “Ыр кеселерди”, фольклордук фестивалдарды уюштурууну практикалоо жана аны салтка айландыруу;

– Элдик акылмандардын, улуу ойчулдардын насыят-нускаларын, элдик баатырлардын жана өмүрүөрнөк инсандардын патриоттук-нравалык үлгүлөрүн жаштар арасында кеӊири жайылтуу;

– Кыргызстан элдеринин достук, улуттар аралык ынтымагын чыӊдаган иш-чараларды туруктуу өткөрүп туруу;

– Жаштарда мыйзам сыйлоо маданиятын, укуктук маданиятты калыптандыруу максатында мыйзамдык-укуктук билимдерди кеӊири үгүттөө;

-  Табиятка камкордук көрүү, ага урмат менен мамиле жасоо жана айлана-тегеректи таза кармап, жашылдандыруу боюнча класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы иш-чараларды туруктуу уюштуруп туруу.  

- Рухий-адептик, патриоттук  тарбия багытындагы колдонмолорду  басып чыгаруу ишин активдештирүү.

- Ички  иштер министрлиги менен Билим  берүү жана илим  министрлигинин  тарбия  максатындагы  тыгыз  кызматташтыгын жолго  коюу. 

4. Тарбиянын натыйжалары же нравалык сапатты калыптандыруунун этаптары 

Тарбиялоонун натыйжасы – «Тарбиянын максатында» көрсөтүлгөн сапат касиеттерге эгедер инсан-атуул. Башкача айтканда, Ата журттун эгемендүүлүгүн ыйык санаган мекенчилдик, эл журттун, мекендин кызыкчылыктарын жогору койгон патриоттуулук, мамлекеттин символдоруна: Гимнге, Гербге, Желеккеөзгөчө сый мамиле, өз элинин тарыхы, ата-бабалардын каарман  күрөшү менен сыймыктана билген улуттук  ар намыстуулук, эл журттун ынтымагы, биримдиги идеясына берилген атуулдук бийик парасат. Эне тилге болгон тереӊ сүйүү, өз калкынын салт-санааларын, үрп-адаттарын урматтоочулук жана колдоно билүүчүлүк, элдик рухий нарк-дөөлөттөргө, улуттук маданиятка сугарылгандык, ата-энени ыйык көрүп урматтоо, меймандостук, достук идеясын аздектегендик. Жалпынын жыргалчылыгын көздөгөн мээнеткечтик. Эл алдындагы, башкалардын алдындагы милдет-парзды тереӊ туюнгандык, жоопкерчиликтүүлүк, калыстык, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, кайрымдуулук, жоомарттык, жаратылышка болгон гумандуулук, коомдогу терс, ыплас көрүнүштөр–коррупция, трайбализм, талап-тоноочулук, баӊгичилик, аракечтик, кайдигерлик, өзүмчүлдүк менен келишпестик, аларга каршы күрөшүүдөгү активдүүлүк, бирөөнүн укугун жана эркиндигин сыйлоочулук, толеранттулук, мыйзамды кадырлоочулук, өз ара мамилелердеги сылыктык этикетин өздөштүргөндүк, жалпы адамзаттык маданияттын өрнөктөрүн сиӊиргендик, өзүнө сын көз менен карай билүүчүлүк, жаӊыга умтуулучулук ж.б.

Өздөштүрүлүүгө тийиш болгон  нравалык эреже-норманын, принциптин тарбиялануучунун жан дүйнөсүнөкөчүп өтүп, бекем орун-очок алышы төмөнкүдөй этаптарды басып өтөт:

Биринчи. Нравалык эреже-норманын, принциптин тарбиялануучунун акыл-эсине   жетиши, башкача айтканда тарбиялануучунун адеп — ахлак нормалары жөнүндө маалыматка, билимге ээ болушу.

Экинчи. Нравалык норманын аӊ сезимге маалымат, билим түрүндө кабылданган абалдан чыгып, андан ары барып, инсандын ынанымына, ички ишенимине  айланышы.

Үчүнчү. Нравалык норманын ынаным-ишенимден андан ары тереӊдеп, инсандын       жүрөгүнө жетип, кан-жанына сиӊип, сезимине, «натурасына» айланып калышы.

Төртүнчү. Нравалык норманын инсандын реалдуу журум-туруму түрүндө көрүнүшү, анын адатына, көнүмүшүнө айланышы.

Жогоруда саналган тарбия принциптеринин, методдордун, формалардын, иш-чаралардын ар бири тарбиялануучунун ушул этаптар аркылуу өтүшүнө салым кошууга тийиш. Нравалык тарбиянын жүрүшүтатаал процесс.  

5. Тарбияны баалоо 

Бул жерде тарбиялануучунун тигил же бул адеп-ахлак стандартына, эталонго дароо эле туура келер-келбеси эмес, биринчи иретте, конкреттүү адамдын инсанында (личностунда), адептик жүрүм-турумунда өтүп жаткан динамика, процесс маанилүү. Тарбиялануучунун өзгөрүшүнүн даражасы канчалык, кечөө ким эле, кандай эле, бүгүн ким болуп калды, өзгөрүү жакшы жагына ооп жатабы, адебинде жылыштар барбы, кыскасы, негизги критерий бул жерде кишинин, окуучунун инсандык өнүгүү кыймылы. Өзгөрүүнү тарбиялануучунун күндөлүк агымдагы, күндөлүк тириликтеги, сабак учурундагы жүрүш-турушуна, эмоционалдык-нравалык ал ахыбалына байкоо жүргүзүү аркылуу билүүгө болот. Ошондой эле өзгөрүүнү адамдык түркүн-түстүүмамилелердин жана маселелердин татаал дүйнөсүнө алып кирген атайын түзүлгөн педагогикалык кырдаалдарда, ар кандай ролдук оюндарда, мугалим тарабынан уюштурулган, бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемаларын талкуулаган топтук-группалык, класстык дискуссияларда тарбиялануучуга акырындап аӊдоо салып жүрүп билүүгө болот. Окуучунун жазуу иштерин, күндөлүгүн, дилбаяндарын, мектеп газетасына жазган эссе, макалаларын талдоо аркылуу көп нерседен маалымат алууга болот. Мындан башка «Инсандыкөсүш» («Личностный рост») деп аталган атайын диагностикалык сурамжылоо (опросник) суроолорун түзүп, ага тарбиялануучудан жооп алуу менен кишидеги өсүү жылыштарын байкашка мүмкүнчүлүк бар. Тарбиялануучудагы нравалык өсүүнү атайын тесттик сыноо менен байкоого болот. Тарбиялануучунун жүрүм-туруму кандай экенин аныктоодо колдонулуучу критерийлерден турган шкалаларды пайдалануу (бул шкалаларды атайын адистер иштеп чыгат) натыйжа берет.  Баалоо процессинде нравалык кадамдын (поступка) сырткы натыйжасына гана эмес, ошол жасалган кадамдын, жоосундун ички мотивин да эсепке алуу керек. Реалдуу иш – инсанды баалоонун негизги критерийи.  

Информация о работе Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы