Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 11 Мая 2014 в 13:40, лекция

Краткое описание

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга түзүлгөн план-программасында элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбия концепциясын иштеп чыгуу каралган. Кыргыз билим берүү академиясында түзүлүп, жарыяланып жаткан концепция ушул өкмөттүк планды ишке ашыруу максатын көздөйт. “Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы“ бир катар жылдардан бери басма сөздө, сыналгыда талкууланып, коомчулуктун оӊ баасын алып, сунуш-пикирлердин негизинде улам өркүндөтүлүп келе жатат. Билим берүү жана илим министрлиги аталган концепцияны дагы бир ирет педагогикалык коомчулуктун талкуусуна коюп, мектептердин жана ЖОЖдордун жамааттарынан сунуш-пикирлерди күтөт.

Вложенные файлы: 1 файл

Жаш муундарды рухий.doc

— 178.50 Кб (Скачать файл)

Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы


Posted on 24 Май, 2013 by kutbilim in Актуалдуу, Кыргызча // 1 Comment


РЕДАКЦИЯДАН: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга түзүлгөн план-программасында элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбия концепциясын иштеп чыгуу каралган. Кыргыз билим берүү академиясында түзүлүп, жарыяланып жаткан концепция ушул өкмөттүк планды ишке ашыруу максатын көздөйт. “Жаш муундарды рухий-адептик  жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы“ бир катар жылдардан бери басма сөздө, сыналгыда талкууланып, коомчулуктун оӊ баасын алып, сунуш-пикирлердин негизинде улам өркүндөтүлүп келе жатат. Билим берүү  жана илим министрлиги аталган концепцияны дагы бир ирет педагогикалык коомчулуктун талкуусуна коюп, мектептердин жана ЖОЖдордун жамааттарынан сунуш-пикирлерди күтөт.

I. Кириш сөз 

Таалим-тарбия маселеси стратегиялык маселе катары ар дайым мамлекеттин көӊүлүнүн чордонунда турушу зарыл. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Коомдогу өтмө-катыштык жол-жобосун жүзөгө ашырып турган улуу күч-тарбия механизми аркылуу гана коом – коом катары  сакталат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт. Тарбиялоо — бул коомдун мүдөөлөрүнө жана муктаждыктарына жараша адамдын адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу боюнча  максатка багытталган, планченемдүү иш. «Мамлекетөз жарандарынын рух адамдары болуп калыптанышына камкордук көрүүгө милдеттүү. Руханиятсыз адам коому – бул макулуктардын коому»   (И.П. Подласый, Педагогика, 28-б.)  «Замана деген ушундай, таптаганга жараша түшүм берет кызылдай, тарбияӊа жараша, уулуӊ болот замана» (Нурмолдо), “Билбегенин билгизип, минтип жолго салалы, туйбаганын туйгузуп, Манасты туура жолго салалы” (“Манас” эпосунан), “Баланы жамандан адаштыр, жакшыга жанаштыр” (эл макалы). Элдик педагогика илгертен бери карай коомдогу таалим-тарбиянын ролун ар дайым көсөмдүк менен аныктап, ага чечүүчү маани берип келген. 

Эгемендүү республикабыз, мамлекетибиз коомдун коом катары, калктын калк катары сакталышына  жанаөнүгүшүнө тирек-таяныч болуп берчү, андагы таалим-тарбия ишине багыт-маяк катары кызмат кыла турганөзүнүн социалдык-философиялык, моралдык-этикалык, руханий-патриоттук дөөлөттөрүнүн системасын иштеп чыгып, аны муундардын социалдашуусунун  кызматына чегиши керек. Ушундай шартта тарбиячылардын жетекке ала турган, ориентир тута турган, жогорку идеясы жана идеалы пайда болот. Ошол жогорку норма-өрнөктөргө, идеалдарга умтулуу, аларды реалдуулукка  айландыруу, практикада жүзөгөашыруу таалим-тарбия ишмердигинин башкы мүдөөсү, негизги максаты болуп калат. Ушундай башкы мүдөө, кыймылдын негизги вектору аныкталса гана, таалим-тарбия ишин максатка багытталган түрдө уюштурууга жана системалуу алып барууга мүмкүндүк түзүлөт. Бул концепцияда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоого багыт-маяк болуп бере тургандай нарк-дөөлөттөрдүн ошондой системасы сунуш кылынды.  

II. Концепциянын негиздемеси 

Бүгүн коомубуздун адеп-ахлак кризисине дуушар болгондугу чындык. Республикада коррупция илдети күчүндө туруп жатат. Мектептерде рэкет оорусу каптагандыгы белгилүү. Расмий статистика боюнчаөспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында кылмыштуулук улам өсүүдө. Өлкөбүздө бүгүнкү күндөбаӊгилердин саны 100 миӊден ашса, анын 15 пайызын өспүрүм жаштар түзөт. Өспүрүмдөрдүн анкеталык жооптору негизинен «акча», «пайда», «бийлик-байлык», «жеке атак-даӊк» сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде айланчыктап турат.  Аларда турмушка жана адамдарга карата прагматикалык-пайдакечтик,өзүмчүл мамиле күч алууда. Ата-бабаларыбыздын салтка айланган коллективисттик-корпоративдик адеп-ахлагынан акырындап алыстоодобуз. Кыргызстандын алыскы айылдарында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолор бүгүнкү балдардын кыйласынын мектепти бүткөндөн кийин батыштагы бай өлкөлөргөкетүүнү каалашкандыгын маалымдап отурат. Жаштарыбызда өздөрүнүн тагдырын бир тууган мекени, Ата-Журту менен бекем байланышта карабаган тенденция өсүп бара жатат. 2011-2012-жылдарда Кыргызстандын бардык жети областында социологиялык изилдөөгө тартылган 1410 жаш адамдын баалуулук ориентациясында “мекенчилдик” акыркы орундардын бирин ээлеген (8,3%). Жаштар өз өлкөсүнүн рухий мурастарын үйрөнүүжагынан да пассивдүүлүктөрүн көрсөтүшүүдө. Ошол эле социологиялык изилдөө жаштардын, мисалы, “Манас” эпосун айрым үзүндүлөр түрүндө гана үсүл-кесил билерлигин аныктаган (Романов Б., Исаев К., Сыргабаев С. Кыргызстан жаштарынын социалдык бейнеси – Бишкек, 2012, 47-бет).

Сюжеттери уруш-кармаштарга, кан төгүүлөргө толгон, зордук-зомбулукту үгүттөгөн теле-компьютердик программалардын ишенчээк жаш балдардын психикасына терс таасирин тийгизип жаткандыгы да анык.Өспүрүмдөр бүгүнкү замандын “экран маданиятынан” көбүрөөк пайдаланышып, ал эми китеп окуу маданиятынан уламдан улам алысташууда. Азыр жаштардын интеллектиси, маалыматтуулугу, кругозоруөнүгүп, ал эми алар руханий-ыймандык өнүгүү жагынан артта калып жатышат. Кыскасы, кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия стратегиясы, программасы иштелип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыгынан улам өлкөдө келип чыккан вакуумду батыштык массалык маданияттын арзан стандарттары жана баш-көзсүз стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр, чет өлкөлүк диндик секталар тарбия «арабабызды» Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, жаш муундарыбыздын социалдашуусунун ыраатсыз, башаламан өтүп жатат. Бүгүн кыргыз балдардын бири баптист, бири буддист, бири хизбут-тахир ж.б. Экономикалык жана адеп-ахлак кризисинин шарттарында коомдун биринчи ячейкасы болгон үй-бүлөөзүнүн тарбиялык функциясынан көп жагынан четтеп кетти.  

Жыйынтыктаганда, коомубузду каптаган адеп-ахлак кризисинин шартында эгемендүү кыргыз мамлекетиөлкөдөгү тарбия институттарына так багыт, нуска болуп бере тургандай улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий, адептик-ыймандык нарктарга жана жалпы адамзаттык моралдык кенчтерге негизделген таалим-тарбия стратегиясын, концепциясын түзүп, кабыл алып,  анын негизинде узак мөөнөттүү тарбия программасын, практикалык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырышы күн тартибинде турган зарыл милдет. Элдик негизге таянбаган тарбия күткөндөй түшүм бербестигин тарыхый тажрыйба далилдеп отурат. (Руханий-адептик, патриоттук тарбиялоо – бул “жүрүм-турум адаттарын жана көндүмдөрүн, адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу процесси” – Педагогикалык сөздүк, 771-бет). «Мамлекет өз жарандарынын рух адамдары болуп калыптанышына камкордук көрүүгө милдеттүү. Руханиятсыз адам коому – бул макулуктардын коому»   (И.П. Подласый, Педагогика, 28-бет), «Замана деген ушундай, таптаганга жараша түшүм берет кызылдай, тарбияӊа жараша, уулуӊ болот замана» (Нурмолдо). 

III. Концепциянын мыйзамдык-укуктук  негизи 

Концепциянын мыйзамдык-укуктук негизине Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «элибиздин руханий өнүгүшүн өргө сүрөө»,  «мамлекет балдарды тарбиялоону камсыз кылат», «ар бир бала анын дене боюнун,  акыл-эсинин, ички руханий ыймандык өнүгүүсүүчүн зарыл болгон жашоо деӊгээлине укуктуу», «элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат» деген стратегиялык идеялары жана Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын «инсандын адеп-ахлактык жактан өсүп жетилишинин негиздерин түптөө» туурасындагы  жобосу, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жаштар саясатынын негизи» жөнүндөгү мыйзамындагы «Жаштардын  адеп-ахлактык баалуулуктарын  жана маданиятын калыптандыруу» боюнча белгилүү жобосу, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереӊдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгы (27-январь, 2012-жыл) идеологиялык таяныч катары алынды. 

IV. Тарбиянын максаты жана милдети  

Педагогикалык илимдин классиктери таалим-тарбиянын негизги көздөгөн максаты жөнүндөгү маселени коомдун педагогикасынын биринчи философиялык маселеси деп эсептеген. Демек, тарбия концепциясы, биринчи иретте,  өлкөбүздүн, коомубуздун таалим-тарбия ишмердигинин түпкү, башкы максатын алдын ала так аныктап алышы керек.

Эгемендүү ата-журтубузга ким, кандай атуул жөлөк-таяк, тирек боло алат?  Кандай атуулдук менталитет улуттун келечегине гарантия болуп берет? Кыргыз Республикасына, мамлекетине өз мекенин, Ала-Тоо Ата Журтун, анын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын, өз алдынча мамлекеттүүлүгүн, эл-журтунун ички ынтымак-биримдигин эӊ жогорку дөөлөт (высшая ценность) деп эсептеген, муну менен сыймыктанган, өз эне тилин сүйгөн, калкынын рух нарктарына, моралдык кенчтерине, түптүү адат-салттарына аӊ-сезими жана жан дүйнөсү тереӊ сугарылган, элинин тарыхын мыкты билип, ата-бабаларынын азаттык үчүн, бактылуу турмушүчүн болгон каарман күрөшүн ичинен өрнөк туткан, өз мамлекетинин символдоруна: Гимнге, Желекке, Гербге урматтап мамиле жасаган, ошону менен бирге  жалпы адамзаттык маданияттын гуманисттик, адептик асыл-нарктарын өздөштүргөн, демократиялык коомдун баалуулуктарын жана идеалдарын урматтаган, достуктун жана улут аралык ынтымактын туусун бийик кармаган, көп маданияттуу чөйрөдө жашоого жөндөмдүү (поликультурность), сабырдуу, толеранттуу,  ар намысы бийик, эмгекчил, чынчыл, элин-жерин жанындай сүйгөн мекенчил атуул, коррупцияга,  трайбализмге, баӊгичиликке жана башка терс моралдык илдеттерге каршы күрөштө активдүү граждандык позицияны тутунган патриот жаран гана бекем тирек, таяна турган тоо болуп бере алат. Биздин эгемендүү мамлекетибиздин тарбияга берген социалдык заказы ушундай болууга тийиш. Ушундай атуулдук менталитет мекенибизди сактайт жана өнүктүрөт. Дал ушундай типтеги граждандык менталдуулукту, атуул патриотту, гуманистти жаратып, калыптандырып, өстүрүп чыгарууөлкөбүздүн таалим-тарбия стратегиясынын башкы мүдөө-максаты жана милдети болуусу талапка ылайык.

Республикада жашаган боордош калктардын муундарынын өз элинин, өз этносунун нарк-дөөлөттөрүнүн жана кыргыз элинин рухий-маданий баалуулуктарын өздөштүрүп, өзү жашаган Кыргызстандын активдүүатуулу, мекенчил патриоту болуп өсүшү -  мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүшүнүн кепилдиги. “Мамлекет ар бир этностун тарыхын жана маданиятын  окуп-үйрөнүүгө жана жайылтууга  болгон адамдардын умтулуусун урматтоого жана кубаттоого милдеттүү. Ар бир кыргызстандык өзүнүн диний  ишенимин жана этностук  таандыгын унутпай, эӊ оболу өзүн Кыргызстандын жараны экендигин аӊдап түшүнүп жана аны менен сыймыктана тургандай шартты түзүү зарыл” (өлкөнүн президенти А.Атамбаевдин жарлыгынан). 

V. Тарбиянын мазмуну 

1) Тарбиянын мазмунун  куруунун методологиялык негизи

Тарбиянын мазмунун курууда, түзүүдө маселеге культурологиялык мамиле жетекчиликке алынды. Мындай методологиянын маӊызы инсандын жан дүйнөсүн, адеп-ахлагын өз элинин, ата-бабалардын маданий-рухий, адептик-ыймандык асылнарктар системасынын, өлкөбүздө жашаган боордош калктардын гуманисттик, моралдык салт-санаасынын, жалпы адамзаттык маданий баалуулуктардын негизинде калыптандыруу жанаөнүктүрүү идеясына негиздегендигинде. Аталган методологиялык амалдын түпкү мүдөөсү кылымдардын жүрүшүндө социумда топтолгон маданий-тарыхый, адеп-ахлактык тажрыйбанын трансформацияланышына сүрөө болуу.   

2) Улуттук казынадагы  эки борбордук идея — таалим-тарбиянын  мазмундук булагы жана башкы  багыты катары

Жогорудагы мекенчил, гуманист атуулду жаратуучу, калыптандыруучу тарбия ишмердигине мазмундук кор, фундамент, база болуп бере турган маданий-рухийказынаны кайдан табууга болот? Жалпы адамзаттык казынаны айтпаган күндө да, мындай мазмундук корду, базаны биринчи иретте, өлкөбүздүн улуттук, элдик коломтосунан издешибиз шарт. Улуттук негизге, элдик кыртышка таянбаган тарбия күткөндөй түшүм бербесин тарыхый тажрыйба ырастап отурат.

Борбордук Азиядагы эӊ байыркы элдердин бири кыргыз калкы сан кылымдарды карыткан тарыхый жолундаөз тулкусуна өзөк болуп тамырлаган, ич жактан мотор сындуу айланып, жүрөк болуп кагып, жамаатка күч-кубат, өмүр-жашоо берип келген өзүнүн улуттук идеясын, көөнөрбөс акыл-ой, рух дөөлөттөрүн, менталдуулугун иштеп чыккан.

Биринчиден, ошондой улуттук ыйык идея-дөөлөттөрдүн бири — бул Ата Мекендин эркиндиги, көз карандысыздыгы. Кыргызстандыктын ыйык дөөлөтү – эгемендүү Ата Мекен, Ала-Тоо. Ата Журттун эгемендүүлүгү улуттук идеясынын символу бул – улуу «Манас» эпосу. Ата Мекендин азаттыгы, эркиндиги,өз алдынчалыгы, бөлүнбөс бүтүндүгүүчүн карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу, керек болсо кара башты курман чалуу идеясы, эл-журтка толуп-ташкан сүйүү сезими «Манаста» берилген. Манас бабабыздын анты:

Алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди,

Душмандын буту баскыча,

Асыл кыргыз элимди,

Тебелетип бөтөнгө,

Кор кылып карап жаткыча,

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн,

Аткарбасам антымды,

Төшү түктүү жер урсун!

Көкө Теӊир өзү урсун!!! 

Манас атанын ушул улуу идеясы менен мекенибиздин уул-кыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин, Исках Раззаковдон тартып Чолпонбай Түлөбердиевге чейин аба менен дем алгандай дем алып, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен. Ата Журт менен камыр-жумур болуп жуурулушкан биримдиктен Ала-Тоо атуулу өз өмүрүнүн маӊызын көргөн.

Бүгүнкү «Устаранын мизинде оодарылган заманда» (Арстанбек) Ата Журттун эгемендүүлүгүн, өз алдынча мамлекеттүүлүгүн Манас ата сыяктуу көздүн карегиндей сактоо идеясы, ошондой эле бир боорөлкөбүздүөнүктүрүү жана аны дүйнөлүк прогресстин даӊгыр жолуна алып чыгуу үчүн тикесинен тик туруп күрөшүүнүн патриоттук философиясы бүгүнкү таалим-тарбиянын мазмунунун негизинде жатууга тийиш. Мындай тарбия идеологиясы Кыргызстандын бүгүнкү шартында эӊ актуалдуу.

Экинчиден, таалим-тарбиянын пайдубалында жата турган дагы бир улуу идея-дөөлөт бар. Бул – бүгүнкүкүндө актуалдуулугу күчөп турган биримдик, ынтымак, улут аралык бейпилчилик философиясы. Өзүнүн тарыхый тагдырында калкыбыз ички бытырандылыктан, бөлүндүлүктөн, өз ара чабыштардан далай азап чеккен, бүгүн да трайбализм, жер-жерлерге бөлүнүүчүлүк, регионализм илдетинен жабыр тартып отурат. Бирок ошондой болсо да, «Бөлүнсөӊ бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет», «өлсөк бир чуӊкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу» («Манас») деген патриоттук даанышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген. Дал ушундай философиядан улам кыйын-кезеӊ кырдаалдарда калайык-калк бир жеӊден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туунун алдында биригишип, тарыхтын бороон-чапкындарынан аман-эсен чыккан учурлары көп болгон. Алдыӊкы акылман акыл-эс өз ара коюн-колтук алышкан, күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышкан улуттук биримдиктин, калк аралык ынтымактын («Бирдик болбой – тирдик болбойт» — эл макалы. Өз ара ыркыбыз кетсе, «Пил да болсок жыгылдык, миӊ да болсок кырылдык» — Бакай. «Ырыс алды ынтымак, ынтымагыӊ жок болсо, алдыӊдан таяр алтын так» — Калыгул. «Бакыт – чыгаандардыкы – бир жеӊден кол, бир жакадан баш чыгаргандардыкы» — Нурмолдо) идеясы улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендигин тереӊ туюнган. Улуттук биримдик идеясын бүгүн республиканын ички монолиттүүлүгүн чыӊдоонун фактору катары таалим-тарбия ишмердигинин идеологиялык ориентири жана мазмундук философиялык базасы катары таалим-тарбияда активдүү жашатышыбыз зарыл. Элдин биримдиги жөнүндөгү идея жаш муундардын жетекчиликке алган атуулдук-граждандык асыл дөөлөтү болуп калууга тийиш. Мындай менталитетти жаратуу, бекемдөө азыркы Кыргызстандын социалдык-саясий жана адеп-ахлактык  муктаждыгы. 

Информация о работе Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы