Автор работы: Пользователь скрыл имя, 10 Января 2013 в 08:09, реферат
Кыргыз элинин кеңири белгилүү өзгөчө зор көлөмдөгү баатырдык эпосу. Кыргыздардын көптөгөн кылымдар бою өз билгендери менен табылгаларынын алгылыктуулары, басып өткөн жолу менен башынан кечирген окуялары жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан казынанын милдетин аткарып, элдин ыйык тутуп, укумдан-тукумга сактап, улам толуктап келе жаткан улуу мурасы, эл турмушунда мааниси, орду боюнча улуттук сыймыгы катары баалануучу чыгарма. «Манасты» Жалпы дүйнөлүк илимде кабыл алынган салтка ылайык эпос деп атоо жана ага таандык өзгөчөлүктөрдү «эпос» илимий термининин мыйзамдык талаптарына ылайык кароо туура.
Манас эпосу - кыргыз элинин өтмүшү жана келечеги
Кулаалы кармап куш кылдым,
Курама жыйып журт кылдым.
(Манастан)
Кыргыз элинин кеңири белгилүү өзгөчө зор көлөмдөгү баатырдык эпосу. Кыргыздардын көптөгөн кылымдар бою өз билгендери менен табылгаларынын алгылыктуулары, басып өткөн жолу менен башынан кечирген окуялары жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан казынанын милдетин аткарып, элдин ыйык тутуп, укумдан-тукумга сактап, улам толуктап келе жаткан улуу мурасы, эл турмушунда мааниси, орду боюнча улуттук сыймыгы катары баалануучу чыгарма. «Манасты» Жалпы дүйнөлүк илимде кабыл алынган салтка ылайык эпос деп атоо жана ага таандык өзгөчөлүктөрдү «эпос» илимий термининин мыйзамдык талаптарына ылайык кароо туура.
Жанрдык белгиси боюнча «Манас» - баатырдык эпос. Эпосто кыргыз фльклорунун көптөгөн жанрлары да синтездештирилген, бири-бирине жуурулушуп, эпостун мазмунуна сиңиштирилген. Кошoктордон, насаат ырлардан тартып, санат-насыяттарга, макал-лакаптарга, жөө жомоктордун түрлөрүнөн тартып уламыш, мифтерге чейин эпостон табууга болот. Mазмунунун өзгөчө кеңдигине карабастан, «Манас» - жогорку көркөмдүккө ээ чыгарма, анын окуялары композициялык бир бүтүндүккө баш ийип турат. Бардык окуяларды бириктирип турган кызыл сызык – Манас баатырдын өмр жолу жана баатырдык иштери. Эл ишениминде «Манас» деген оор ысымды бала көтөрө албайт, эгер ошол атка татыктуу болбосо, наристе жаш курагында эле чарчап калат делген. «Манастын» негизги окуялары, сюжеттик линиялары менен элдин тааныш болушу, чыгармадан бир нече сап ырды жатка билбеген кыргызды табуу кыйын экендиги эпостун эл арасында кеңири белгилүү экендигинин далили.
«Манаска» болгон
элдин ушундай өзгөчө
"Манас" эпосу
- кыргыз элинин кылым карыткан
карт тарыхы жана рухий кенчи.
өткөндү билбей азыркы күн
менен жашоо жолсуз чөлгө
Кыргыз эли дүйнө
элдерине "Манас" эпосу менен
белгилүү. Кыргыз элинин биринчи
кагаз бетине түшүрүлгөн
Белгилүү түрколог,
академик В. В. Радлов "Манастын"
үч бөлүгүн бүт жазып алып,
ал материалдарды өзүнүн "Түндүк
түрк урууларынын элдик
"Манас" эпосун
жыйноо, жазуу, изилдөө XX кылымдын
20-жылдарында кайрадан колго
1995-жылы БУУнун 49-сессиясында кыргыздардын "Манасы" жөнүндө сөз болуп, "Манастын 1000 жылдыгы" маарекеси белгиленген. Мына ошол "Манас - 1000" маарекесинде БУУга мүчө болгон жүздөн ашуун өлкөгө кыргыздар да, "Манас" эпосу да таанылды.
"Манас" эпосун
илимий жактан изилдөөдө,
Манас - кыргыз элинин чачылганын жыйнаган, кыргыз жерин жат душмандардан сактап калган, кыргыз элинин бүгүн эл болуп, журт болуп, эгемендүү мамлекет болуп калуусуна канын төгүп жанын берген инсан. 2200 жылдык тарыхы бар нечен кандуу кармаштарды, кызыл кыргын согуштарды башынан өткөргөн, ата-бабабыз ат жалында төрөлүп, ат жалында жашоо өткөргөн кыргыз эли тар жол тайгак кечүүлөрдүн далайын өтүп, кыргыз деген аты сакталып, "Манастап" ураан чакырып, эркиндикте дагы далай кылым жашай берсиң!
БАБАБЫЗ МАНАС ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ ТУУРАЛУУ
«Манас» эпосу кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан асыл мурасы, баа жеткис байлыгы, маданиятыбыздын туу чокусу. Көлөмү, мазмуну жагынан ааламда теңдешсиз улуу чыгарма.
Ал дүйнөгө
атагы чыккан гректердин «
«Манас» эпосу басма сөздөрдө биринчи жолу 1505-жылдарда жазылып бүткөн «Мажму атут -таворих» (Тарыхтардын жыйнагы, Бишкек, 1996-жыл,45-62-бб. ) китебинде айтылат.
Казактын
окумуштуусу Чокон Валихапов
(1835-1865) 1856-жылы полковник
Ал эми
Василий Радлов (1837-1918) «Түндүк түрк
урууларынын элдик
«Манас»
эпосунун ааламдагы теңдешсиз
күчүнө жипсиз байланган улуту
немис, бул улуу окумуштуу
«Манас» эпосун жыйноо, изилдөө, басмадан чыгаруу, калайыктын калың катмарына жеткирүү 20-кылымдын 20-жылдарынан кийин гана колго алына баштаган. Эпосту алгачкы жазуу иштери К. Мифтаков тарабынан 1922-жылы башталган. 1926-жылы Ы. Абдыракманов талыбаган эмгек, бир топ мээнет менен залкар манасчы С. Орозбаковдан эпостун 1-бөлүгүн толугу менен жазып алган. Анын көлөмү 180378 ыр сабынан турган.
1925-жылы
«Семетейдин» үзүндүсү
Ал эми
30-жылдардын ичинде Саякбай
1935-жылдын
февраль айында республиканын
Эл комиссарлар Совети «
Кан күйгөн
Улуу Атамекендик согуш
1943-жылдан баштап С. Каралаевден «Семетей», «Сейтек» жазылып алынат. Ошол мезгилдерде М. Мусулманкулов баш болгон башка манасчылардан манастын варианттары кагаз бетине түшүрүлөт.
1947-жылы
кыргыз элинин улуу эпосу «
1952-жылдын 6-10-июнунда
СССР ИАнын Президиумунун
Конференцияга Кыргызстандын,
Москва, Лениграддын жана союздук
республикалардын илимий
Конференцияга Өзбек ССРинин ИАнын мүчө-корреспонденти, профессор А. К. Боровков «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндөгү маселе» боюнча доклад жасаган. Бул темага байланыштуу философия илимдеринин кандидаты А. Д. Дөөлөткелдиев жана СССР ИАнын М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институнун старший илимий кызматкери М. И. Богданова кошумча доклад жасашкан.
«Манас»
эпосунун негизги
Конференцияда
ошондой эле филология
Докладдарды
жана кошумча докладдарды талку
Конференция
өз чечиминде «Манас» эпосу
негизинен элдик экендигин
«Манас» эпосун жыйнап, текстин басып чыгарып даярдоону зарыл деп тапкан.
Бул
конференция «Манас» эпосун
1954-жылы
Тил жана адабият институтунда
«Манасты» изилдөө, үйрөнүү,
Эпостун
бириктирилген кыскача
Эпостун
үзүндүлөрү орус тилинде
С. Орозбаковдун варианты боюнча 1978-1981-ж. ж. «Манас» эпосунун 4 китеби, С. Каралаевдин варианты боюнча «Манастын» 1-китеби 1984-жылы, 2-китеби 1986-жылы, «Семетейдин» 1-китеби 1987-жылы, 2-китеби 1989-жылы, «Сейтек» китеби 1991-жылы жарык көргөн.
Академик В. М. Жирмунский, илимдин докторлору А. Н. Бернштам, А. А. Петросян, М. И. Богдановалар «Манас» эпосуна аябай кызыгышып, анын идеялык-көркөмдүк жагын изилдеп, бир катар баалуу илимий эмгектерди жазышкан.
Казак элинин окумуштуусу, дүйнөгө белгилүү улуу жазуучу Муктар Ауезов 1928-жылы алгачкы жолу С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосу менен таанышып, анын сыйкырдуу керемет күчүнө тартыла баштаган. Кийинчерээк кыргыздарга үзбөй катташып, залкар манасчы Саякбай Каралаев менен достошуп, анын өз оозунан далай жолу «манасын» уккан. Эпосту узак жылдар бою изилдеп, «Манас»- кыргыз элинин баатырдык эпосу» деген көлөмдүү эмгегин жараткан.
1952-жылы
«Манас» эпосу боюнча
Информация о работе Эпос Манас энциклопедия кыргызского народа