Автор работы: Пользователь скрыл имя, 07 Сентября 2014 в 16:11, шпаргалка
Работа содержит ответы на вопросы для экзамена по дисциплине "Кыргызский язык".
23-сентябрь (1989 г.)
Кыргыз Республикасынын
Бул, албетте, биз
учун зарыл, келечек ээлери жаш муундарыбызга
эн эле керектуу жана мааниси зор маселе.
Ошондой болсо да тиешелуу уюмдар менен
мекемелер, тилчилер менен мамлекеттик
тил боюнча улуттук комиссия, ММК-лар ж.б.
жургузуп жаткан активдуу аракеттер менен
иш чараларга карабастан кун тартибине
коюлуп отурган масаледе али коп кемчиликтер,
бут тосуулар болуп, айрыкча айрым басылмаларда,
тенирден тескери, ал гана тургай ачыктан
ачык зыяндуу угуттоолор пайда боло калып
жаткандыгы туурасында айтылууда. Эмне
демекчибиз: ар бир жаны, келечектуу башталыштар
алгачкы жолунда ар кандай тоскоолдуктарга
дуушар боло тургандыгы турулуу корунуш
эмеспи.
Кыргыз тили онуктуруудогу
дагы бир нерсе: биздин азыркы
жаш муун каалаган тили уйронууго артыкчылык
алып жатат же алар англис, немец, француз,
кытай, япон тилдерин уйронушуудо. Шаарда
жашаган улан-кыздарыбыз болсо орус тилинде
ой-боюнча суйлошот. Мейли, каалаган тилин
уйроно беришсин. Канча тил билсе, ошончо
дил билет.
Бул оз ара мамиле,
оз ара алака тузууго, достошуп кызматташууга,
мамлекетибиздин келечекте дуйнолук интеграцияга
киришине шарт тузот. Бирок, ушул эле жерде
урпактарыбыз эне тилин таза билууну,
соз маданиятын сабаттуу уйронууну, бул
аркылуу оз тилин, дилин, оз салттары менен
урпа-адаттарын, улуттук рухий-доолотторун
урматтап баалоону, алар менен сыймыктанууну,
оздорун сыйлап, оздорун оздору колдоп-которууну
биринчи орунга коюуну атуулдук парз,
оз эли, оз олкосу же оз Ата Мекени алдындагы
жоопкерчилиги жана дайым аркалаган милдети
катары ишке ашырууга тийиш.
Эне тилибиз эне
сутубуздой таза, ширин болуп, чечендин
тандайын сайратып, баатырдын мандайын
жаркытсын, осуп-онугуп, омуру узун, орушу
жайык болсун, биздин ар бирибиздин биринчи
улуттук белгибиз катары коонорбой коколоп,
кылымдарды бойлой берсин!
***
Кыргыз
тилим, менин дилим суроонум,
Алмаштырбайм
тилдерине бироонун.
Кыргыз
тилим дагы осуп оркундо,
Ошол менин
сага болгон тилегим.
***
Кыргыз
эли эне тилди сактайлы,
Колдон
келсе болушунча барктайлы.
Ботончолоп
коп улуттун тилинен,
Бут дуйного
кыргыз тилин данктайлы
***
Тилден
туболуктуу, тилден артык онор жок.
Ар бир элдин
тили – озуно улуу
(Ч. Айтматов)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу
Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.
Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Герб Кыргыз Республикасынын герби Жогорку Кеңеш тарабынан1994-жылы 14-январда бекитилген. Долбоордун авторлору – А.Абдраев,С.Дубанаев. Гербде символикалуу түрдө күн, тоолор, көл, талаалар, буудайменен пахта тартылган. Башкы планда кыргыз турмушунун символукатарыак шумкардын элеси берилген. Байыркы кыргыздарда гербдинмилдетин тамга аткарып келген. Ар бир кыргыз уруусунун өзүнүнтамгасы болгон. Мисалы кыргыздын бугу уруусунун тамгасы жагалмайаттуу куштун учуп бараткан элеси болгон. Кыргызстандын гербиндегиак шумкар өзүн-өзү коргоого жөндөмдүү жаш демократиялыкмамлекетибизди, калган сүрөттөр күнөстүү, тоолуу жерибизЫссыккөл, Соңкөл, Чатыркөл өңдүү тунук көлдөрүбүз, молтүшүмдүү айдоо аянттарыбыз, жөнүндө маалымат берет.
Гимн Кыргыз Республикасынын гимни 1992-жылы 18-декабрдаЖогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Сөзүн Ж.Садыков,Ш.Кулуев, музыкасын Н.Давлесов менен К.Молдобасановжазган. Байыркы кыргыздарда гимндин милдетин ураан аткарыпкелген. Мисалы, “Манас” эпосунда жоокерлер “Мана! Манас!”- деп ураан чакырган. Бул кыргыз элин биримдикке үндөгөн.Кыргыздарда 20-кылымдын башына чейин эле уруу аралыкчабыштарда, элдик оюндарда, өзгөчө ат чабыштарда ураанчакыруу салты болгон. Кыргызстандын мамлекеттик символдору, кыргызэлинин кылым карыткан тарыхынан кабар берет. Алардакыргыз элинин муундан –муунгаөтүп келген улуу руху, бекембиримдиги, күчтүү эрки чагылдырылган.
Кыргыз
элинин оозеки чыгармачылыгы — ооздон
оозго, муундан муунга, укумдан тукумга
отуп туболуктуу келе жаткан сыймыктуу
мурас. Ал чыгармалар кыргыз элинин нечен
кылымдан берки курошторун, умутун, санаасын
билдирип, кобунчо эмгекчилердин
мудоосун коксоп келгендиктен, эл чыгармасы
болуп эсептелет. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында
элибиздин откондогу турмуш-тиричилигин,
урп-адатын, каада-салтын корсоткон чыгармалар
ото коп. Алар:
Кошок. Элдин каада-салт
ырларынын ичинде орчундуу орунду ээлейт.
Aл адам олгондо айтылып, айтуучунун ички
кайгысын, окунучун билдирген мундуу ырдын
бир туру. Кошоктун мазмуну олгон адамдын
мунозун, журуш-турушун, элге кылган мамилесин
баяндоо болуп саналат.
Ырым-жырым ырлары. жаратылыш
кырсыктарынан, оору-сыркоодон сактануу
максатында аткарылган.
Турмуш-тиричилик ырлары. эмгек даназаланып,
арбын тол, тушум алуу тилеги айтылган.
Турмуш-тиричилик ырларынын элге кенири
белгилуулору: «Бек-бекей», «Шырылдан»,
«Оп майда» ж.б.
Айтыш. Эки же андан
коп адамдын катышуусу менен аткарылат.
Айтыштын озу негизинен чечендикти сыноого
байланыштуу келип чыккан тур. Демек, айтыш
дегенде чечендикти, соз тапкычтыкты,
акыл-эстуулукту, корогочтукту, билгичтикти
тушунобуз.
Миф жана легенда. Алардын
сюжеттерин космогониялык ангемелер,
топонимикалык аттардын тарыхтары, жаныбарлар
менен осумдуктор дуйносунун келип чыгышы
жонундогу баяндар тузот. Мифтен айырмаланып,
легенда тарыхый фактыларга кобуроок
кайрылат, элдин турмушунда болгон жана
анын фантазиясы менен кучотулгон илгерки
окуяларга байланышат.
Эпостор. озунун
мазмунуна жана формасына карай шарттуу
турдо экиге болунот. «Манас» трилогиясы
улуу эпоско кирет. Кенже эпосторго «Тоштук»,
«Курманбек», «Эр Табылды», «Кожожаш»,
«Жаныш-Байыш», «Жаныл Мырза» ж.б. эпосторду
кошууга болот. Ал эми мазмуну, андагы
окуялардын мунозу жагынан кыргыз эпосторун
баатырдык жана турмуштук эпостор деп
эки топко болууго болот. Биринчи тобуна
баатырдык мазмундагы «Манас» трилогиясы,
«Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды»,
«Жаныл Мырза» сыяктуулар, экинчи тобуна
социалдык-турмуштук мазмундагы «Саринжи-Бокой»,
«Олжобай менен Кишимжан» сыяктуу эпостор
кирет.
Жомоктор. Жомок жанры
— бул мазмунунун фантастикалуулугуна
карабастан, элдин ой-пикирин, жыргал турмуш
жонундогу тилегин чагылдырган фольклордук
проза. Алар мазмуну жагынан турмуштук,
сыйкырдуу жана айбанаттар жонундогу
жомоктор болуп болунот.
Ар бир адамдын өз мекени бар. «Мекен» деген сөз кыргызда атабабанын жери, туулупөскөн дегенди билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес. Мен азыркы дүйнө жөнүндө кеңирирээк сөз кылардан мурда өзүмдүн өмүр башатыма ой жүгүртөм. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди, аккарасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестүүгө аракеттенем.
Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз, аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетерим бышык. Анткени менин башатым ошо Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Упгул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата Журт деп аталган туулупөскөн жердин тирлик тартиби, салтсанаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы бүткүл турпаты адамдын Адам болуп калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин.
Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: «Кана, жети атанды айт!» деп катуу талап менен сурашар эле. Элдин акылэс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген.
“Манас” эпосундагы негизги өзөк-идея, ошентип, элди бириктирүү, мамлекет куруу, мекенди коргоо жана аны сактоо, кыргыз жерин кеңейтүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Эпостогу окуялар ушул идеянын айланасында өнүгөт. Демек, Манас эпосунун азыркы күнгө чейинки бизге белгилүү варианттарынын баарында төмөнкүлөр өзөктүү окуялар катары камтылган:
Манасчылар – «Манас» эпосун жараткан, муундан муунга өткөрүп, сактап келген, көлөмү, көркөмдүгү боюнча дүйнөдө теңдешсиз чыгарма деңгээлине жеткирген өзгөчө өнөргө ээ болгон адамдардын тобу . Буларга карата «манасчы» термини 20-кылымдын 30-жылдарында гана колдонула баштаган, буга чейин «Манас» эпосун айтуучулар «жомокчу» деп аталган, ал эми эпосту алгачкы жыйноочулар жана изилдөөчүлөр Ч. Ч. Валиханов жана В. В. Радлов аларды «ырчылар» деп атаганы белгилүү. Манасчылык – өзгөчө өнөр, бир эле учурда акындык, ырчылык жана артисттик жөндөмгө ээ болгон өтө таланттуу адамдын чеберчилигинен жаралат. Эң алды менен манасчылык өнөр акындык жөндөмдүүлүктү талап кылат. Залкар манасчы Саякбай Каралаевден эпостун жарым миллион сабы жазылып алынган. Манасчы бул саптарды жаттап айткан эмес. Жазма жок кезде дастан чыгаруу өнөрү төкмө (импровизация) жолу менен болуп келген. Кыргызэпосторунан «Манаска» гана таандык аткаруудагы өзгөчөлүк – синкреттүүлүк, б. а. чыгарманын өзгөчө обон менен кыймыл-аракет, ымдап- жаңдоолордун коштоосу менен аткарылышы. Бул жагдай манасчыдан акындык менен катар ырчылык өнөрдү талап кылган. Мындан тышкары аткаруучулук жөндөмдүн күчтүү өнүгүшү кажет. Саякбай айтып жаткан окуяларына өзү аралашып жүргөн өңдүү жан-дили менен берилип аткаргандыктан, угуучулар окуянын кандайча аяктарын билишсе дагы манасчыдагы таланттын күчүнө, теңдешсиз жөндөмгө арбалышып, биринчи жолу угуп жатышкандай кабыл алышкан. Биринчи манасчы ким болгондугу жөнүндө так маалымат жок. Окумуштуулар кырк чоронун бири Ырамандын ырчы уулу алгачкы манасчы болгон деп божомолдошот. 18-кылымда жашаган Нооруз, 19-к-да жашаган Келдибек, Балык, анын уулу Найманбай, Тыныбек, Чоюке манасчылар жөнүндө маалыматтар эл арасында оозеки сакталып калган. Акыркы залкар манасчылар Сагынбай жана Саякбайдын варианттары басылып чыгарылган, чыгармачылыгы кеңири изилденген.
Макал, лакаптар
- фольклордук чыгармалардын ичинде өзүнчө
спецификалык, көркөмдүк, мазмундук бөтөнчөлүктөргө
эгедер. Алар элдик оозеки чыгармачылыктагы
жанрлардын ичинен мазмунунун тереңдиги
жана тактыгы, кыскалыгы, элестүүлүгү
менен айырмаланып турат.
Турмуштук тажрыйбалардын негизинде,
агартуучулук, тарбиялык мааниде, жакшы
сапаттарды даңазалаган, жаман сапаттарды
маскаралаган, калыстык менен чындыктын
үлгүсү, турмуштун элдик эрежеси, акыл-насааттын
кенчи болгон, эстөөгө жеңил, айтууга элпек,
көпчүлүгү ыр же жорго сөз түрүндө кыска,
таамай айтылган элдик оозеки чыгарманын
бир түрүн макал, ал эми айрым бир кубулуштардан,
окуялардан же адамдардын өзгөчө мүнөздөрүнөн
улам, эл арасында көркөмдөлүп салыштыруу
түрүндө мыскылдата айтылган, көпчүлүгүнүн
тарыхы, чыгыш теги бар туруктуу сөз айкалыштарын
лакаптар деп жүрөбүз. Макал, лакаптар
биздин ой-пикирибизге, кулк-мүнөзүбүзгө,
көз карашыбызга түздөн-түз таасирлерин
тийгизип, туюмдарыбызды ойготот, маданий
көрөңгөбүздү байытат. Аларда турмушту
таануутучу, жалпылоочу, акыл насаат, таалим-тарбия
берүүчү күч, терең мазмун жана идеясы
бар болгондугу үчүн, оозеки чыгармачылыктын
ичинде өзгөчө орунда туруп, угуучулар,
окуучулар тарабынан өтө жогору бааланат.
Макал, лакаптарда талаш-тартышуу, олку-солку,
же бүдөмүк ой, пикирлер айтылбастан, такталган,
кесик бүтүмдүү, ачык түрдөгү корутунду,
жыйынтыктарды бергендиги менен да баалуу.
Сүйлөө речинде пайдаланууда анын жанр
катарындагы бөтөнчөлүктөрү, ыңгайлуу
мүмкүн-чүлүктөрү, айрым жанрларга караганда
артыкчылык кылат. Аларды үй-бүлөдөгү
жөнөкөй пикир алышуудан тартып, коомдук-саясий
ишмерлерге чейин өз сөздөрүнө аралаштыра
сүйлөшөт. Өзгөчө педагогдор, журналистер,
окумуштуулар, дипломаттар өз иштеринин
натыйжалуу, таасирлүү болушу үчүн колдонушат.
Ал эми сөз өнөрү менен иштеген чыгармачыл
адамдар макал, лакаптарды керектүү куралы
катары урунуп, ойдун экспрессифдүүлүгүн,
эффективдүүлүгүн арттыруучу касиеттерине
таянышат.
Ар бир макал-лакаптын
өз алдынча терең мааниси бар. Убактысында
пайдаланып айтылса, сөздүн көркү чыгат.
Байыртадан ата-бабаларыбыз бул учкул
сөздөрдү бекеринен айтышпаса керек. Ар
бири акылман адамдардын оозунан чыкканы
сезилип турат. Ата-бабаларыбыздан калган
көп-көп баа жеткис мурастарыбыздын эн
өзөктүүлөрүнүн бири-калкыбыздын макал-лакаптары
экени чындык. Макал-лакаптар элдин жүрөгүнүн
толтосунан, акыл -эс казынасынан тунук
булактай оргуп чыгып, мезгил өткөн сайын
курчуп такталган, көп кырдуу, терең сырдуу,
өтө таасирдүү көркөм чыгарма. Турмуштун
ар кыл кырдаалдарында ата сөзү экени
билинет. Себеби ой кошуп, акыл берет, туура
багыт көргөзө алат. Көркөм сүйлөөгө да
жардамы тиет. Бул макал-лакаптарды мен
кыргызмын дегендин баары билиши керек!
КЫРГЫЗ КИЙИМИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Кийим - адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын жалпы аты. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган чөйрөгө ылайыкталган. Кийимге жүн, тери жана кездеме пайдаланылган. Кийимдин жаңы түрлөрү байыркы кийимдерди биротоло сүрүп чыгарбастан, аларды толуктаган.
Кыргыздарда кийимдер эркектики, аялдыкы, балдардыкы болуп жыныс, жаш курактарына карата бөлүнгөн. Кыз-келиндер өңү ачык, түстүү кездемелерден кийинген. Аялдардын кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөн.
Жортуулга кийилүүчү кийимдер айрыкча орунду ээлеген. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздын төбөлдөрүнүн кийимдери жалпы элдикинен сапаты, кооздуктары боюнча гана айырмаланып, жалпы белгилери окшош болгон.
Эркекердин кийими көйнөк менен шымдан турган.Ал ич кийими катары саналган. Көйнөктүн бир түрү жегдени эркек балдар 6-7 жаштан баштап кийген. Ак матадан тигилип, жегденин жеңдери узун жана тизеден ылдый болгон. 20- кылымдан баштап узун жака аттуу көйнөк кеңири тараган. Ич кийим жөнөкой жана бир түрдүү болгону менен, кыргыздардын сырт кийими каадалуу да түрлүү да болгон. Бирок аны бирге менен кыргыз кийиминин көркүн ачкан баш кийимдер.
Калпак - эркектердин баш кийими. Кыргыз эли калпакты жасоонун ыкмасын жогорку деңгээлге жеткиришкен. Калпак бийиктиги, тигилиши, кооздолушу менен айырмаланган. Калпакка агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык жүн керектелген. Кийизи абдан бышык басылган. Жөнөкөй калпак кийизден төбөсү бийик (чокчогой), этеги тегерек бычылып, оймо-чийме тушүрүлбөй, төбөсүнө чок (чачы) чыгарылбай, ичтелбей (астарланбай), бир гана тигиш менен бириктирилип жасалган. Тигиш жагы калпактын маңдайы болгон. 18-кылымдын экинчи жарымына чейин калпактын төбөсү жапызыраак эки талаа болуп бычылган. Талаалардын кошулган жери тыбыттан ийрилген жип, же өрүлгөн кыл менен милтеленип, чети кыл, шоона менен кооздолуп саймаланган, төбөсүнө чок тагылган. Этегин кайрып коюу үчүн калпактын эки жеринен тилик калтырылган. 19-кылымдын экинчи жарымынан калпак мурдагыдан да жапыз бычылып, жээги 7-12 сантиметрдей кездеме менен көбөөлөнүп, төбөсүнө чок чыгарылып, жээктерине жана талааларына сайма түшүрүлүп, ичтелген (астарланган). Калпак жаш өзгөчөлүктөргө жараша тигилген.
Тебетей-кыргыздын бийлиги менен байлыгын аныктаган баш кийими деп эсептелген.Кулакчыны менен,койдун терисинен тигилген тебетейди «телпек» деп, аны карапайым адамдар кышкы суукта кийишсе,карапайым өз чарбачылыгы менен чектелген адам көрпө тебетей кийген.Алыш-бериши,орто малы бар, айылда кадыр-баркы бар киши түлкү тебетейге ээ болгон.Бир айылдын билерманы,башкалар үчүн тайлык кадыры бар адамдар суусар тебетейге мүмкүнчүлүгү бар эле.Бир чөлкөмгө бийлик жүргүзгөн,башка урууларга таанымал кадыры да бийлиги да бар адамдар кундуз тебетей кийишкен да, бирок төбөсүн кара менен каптаткан. Кыргыздардын ичинде хандык даражага ээ болгон адамдын баш кийими кызыл менен тышталып, андай тебетей «кызыл чок» деп аталганын кыргыз тарыхы аныктайт.
Информация о работе Шпаргалка по дисциплине "Кыргызский язык"