Автор работы: Пользователь скрыл имя, 07 Сентября 2014 в 16:11, шпаргалка
Работа содержит ответы на вопросы для экзамена по дисциплине "Кыргызский язык".
Ымыркай кезинде апасынан, 3 жашында атасынан айрылган.
1919–жылы Токмоктогу жетим балдар γйγндө тарбияланат.
Кийин Фрунзеде(Бишкекте) педагогикалык техникумда окуусун улантып, каралашар кишиси болбогондуктан окуусун аяктай албай калат.
1932-жылы "Чабуул”журналынын редакциясына жумушка орношот.
1937-1940-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунунсекретарынын кызматын аткарат.
Андан кийин акын жалаң чыгармачылык менен гана алек болот.
А.Осмоновдун «Кызыл жүк»деген туңгуч ыры 1930-жылы сентябрда"Сабатуу бол”газетасына жарыяланган. Андан кийин анын ырлары гезит-журналдарга γзгγлтγксγз чыгып турган.
Кийинки жылдарда "Таңдагы ырлар”, ”Жылдыздуу жаштык”, ”Чолпонстан”деген ыр жыйнактары жарык көргөн. 1935-1938-жылдары акын ыр тγрγндөгγ6, кара сөз тγрγндөгγ 2котормо китепчени, 1940-жылы грузин классиги Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанын которуп, жарыкка чыгарган. Кыргыздар убагында бул чыгарманы котормо катары эмес, Алыкул өзү жазгандай кабыл алышкан. Чыгарма элге тарагандан кийин тез элеАвтандил, Нестан, Тариел, Асмат, Нурадиндеген ысымдар калк арасында пайда болгон.1945-жылы акындын "Махабат”, 1946-жылы "Жаңы ырлар”, 1947-жылы "Менин жерим – ырдын жери”, 1949-жылы "Жаңы ырлар”деген оригиналдуу ырлардан жана поэмалардан куралган жыйнактары жарык көргөн.
1941-1948-жылдары
А.Осмонов фарсча жазган орто
кылымдык азербайжан акыны
А.Осмонов драматургиягада көп көңγл буруп, бир жана көп көшөгөлγγ пьесалардынжоон тобун жазган.
Акын 1950-жылыказа болгон.
Ата журт
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт
Кыргызстандын туристтик мүнкүнчүлүктөрү
Кыргызстан – кереметтүү тоолуу өлкө. Орто-Азиянын түндүк-чыгышында жайгашып, Тянь-Шань менен Памир, Алайдын манилүү бөлүгүн ээлейт. Республиканын аянты 200 миң кв.км. 90%тен ашыгын тоолор ээлеп турат. Чокулары деңиз деңгээлинен 700 метр бийиктикте турат, өлкөнүн бир дагы жеринде деңиз деңгелинен 500 метрден төмөн жайгашкан чекит жок. Дүйнөдөгү эң бийик чокулар Кыргызстанда жайгашкан: Жеңиш чокусу ( 7439 м.), Ленин чокусу (7134 м.), Хан-Теңири чокусу (7110 м.). 80 ден ашык ири тоо кыркалары Кыргызстандын территориясы аркылуу өтөт. Алар терең ойдуңдар менен айкалашып, өлкөнүн климатын кескин континенталдык кылышат. Кыргызстан түндүк тарабынан Казахстан, Ѳзбекстан жана Тажикстан менен чектелишет. Түштүк-чыгыш жагынан Кытай менен чектешет. Жылуулуктун, суунун, жарыктын молдугу жылуулукту сүйүүчү жер-жемиштерди өстүрүүгө шарт түзөт; пахта, жүзүм, абрикос, шабдалы, дарбыз, коон ж.б.
Саякатчылар тоого чыкканда бардык климаттык алкактарга туш болушат: чөлдүн ысык демине, ийне жалбырактуу салкын арча токойлоруна, ар түркүн чөптүү жашыл альпы шалбааларына, арктикалык суукка. Мөңгүлөрдөн Кыргызстандын дарыялары жаралат. Ѳтө муздак, шаркыраган дарыялар сууну өрөөндөргө жана чөлдөргө алып барышат. Экологиялык жактан таза суулар пайдалуулугу боюнча термалдык жана минералдык булактар менен теңтайлашат, мындай булактар өлкөнүн бардык райондорунда бар. Илгертеден бери мындай булактар дарылоо максатында колдонулуп, ошол жерлерге курорттор, санаторийлер курулган. Ѳлкө пайда болушу боюнча ар түрдүү ири жана майда көлдөргө бай. Ѳлкөдө 2000ден ашык көл жана жасалма суу сактагычтар бар. Көлдөр территориянын 3,4% тин ээлейт. Алардын көпчүлүгү суу агып чыгуучу жана таза суулуу кѳлдѳр. Эң кооз көл болуп Ысык-Көл эсептелинет. Аны курчап турган Тянь-Шандын тоо кыркалары чыныдай болуп, туздуу жана тунук Ысык-Көлдүн сууларын кармап турат. Көп түрдүү жаратылыш ландшафтарында бай флора жана фауна жайгашкан.
Бул жерден чөлдүн жана токойдун, түздүк менен бийик тоолуу жердин, талаа менен шалбаанын жашоочуларын кезиктирүүгө болот. Коруктардын көптүгү байлыктардын ар түрдүүлүгүн сактоого шарт түзөт. Грек жаңгагынын реликттик токойлорунда алма, алча, алмурут, миндаль өсөт, мындан тышкары бул токойлордо чанда кезигүүчү жаныбарлар жашайт; бугу, зубр, элик ж.б. жырткыч айбанаттар.
Кыргызстан бир гана жаратылышы эмес, маданияты менен дагы кызык. Кыргыздар мурда көчмөн калк болгондуктан, азыркыга чейин ал жашоонун атрибуттары сакталып калган. Бул жерде боз үйдү көрүүгө болот. Боз үй – кол менен жасалган кооз килемдер жана тесмелер менен кооздолгон, көчүп жүрүүгө ылайыкташкан. Эгерде кааласаңар боз үйдө жашап, көчмөндөрдүн күнүнүмдүк жошоосун; койлорду багуу, кымыз жасоо, улуттук ат оюндарын көрсөңүз болот.
Силер бул жерден түндүк менен түштүк Кыргызстандын климатындагы, жаратылышындагы, маданиятындагы таӊ калыштуу айырмачылыктарга туш болосуңар.
Ушундай экологиялык таза, ар түркүн эң сонун, кооз жаратылышы менен Кыргызстан туризм өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүүгө толук мүнкүнчүлүгү бар.
Азыр дүйнө абдан чоң болгонуна карабай, компьютер байланышы күчөп, интернет желелери жалпы ааламды арал ап турат. Жаңылыктар упгунчалык көп. Ошол ааламдашуу жүрүп жатканда тилдер да бирибирине таасир тийгизип, бирин бири колдонуудан чыгарып сүрүп турат. Адамзаттын тарыхы ошондой жоголгон өлүү тилдердин эченин билет. Ушул учурда да эчен тилдер өлүп баратат. Алардын ичинде кыргыз тили жокпу деп ойлойсуң. Себеби бул тил да аз колдонулат. ӨзгөчөБишкек шаарында жана Чүй боорунда. Айрым адамдар кыргыз тили илимди камтый албайт, мамлекеттин тили боло албайт дешет.
Жок, андай эмес, кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Жалпы түрк тилдеринин башатын изилдеген Кашкарлык Махмуттун “Түрк тилдери жыйнагы” деген китебиндеги көп сөздөр азыр да кыргыз тилинин курамында колдонулуп келет. Байыркы ОрхонЭнесай таш жазууларын окуй келгенде да азыркы биз пайдаланган сөздөр учурайт.
Дүйнөдө кайталангыс ири чыгарма болгон “Манас” да кыргыз тилинде жаралган. Эгер кыргыз тили жарды болсо ушундай чоң байлык ошол тилде жаратылат беле? Же болбосо биздин төкмө акындардьга айтьпп өнөрүн абройлуу ЮНЕСКО уюму кайталангыс өнөр катары баалады. Эгер кыргыз тили жарды болсо акындар айтышып жатып, мурда жаттабай ушунча уйкашкан, мааниси дал келген сөздөрдү таба алат беле… Же манасчылар улуу дастанды айтып жатканда жамгыр, кар, борошого карабай аны уга берген, ооруп жаткан адамдарды да манас айтып, сөздүн керемет күчү менен дарылашкан. Манасты бир тынбай бир нече суткалап айтышчу экен. Бул кыргыз тилинин байлыгы болбой эмне?
Тилди сактоо бул элди сактоо, мамлекетти сактоо.
(М.А.)
ТИЛ ӨМҮРҮ – ЭЛ ӨМҮРҮ
Кыргыз тили байыркы тилдердин бири. Анткени тил өмүрү эл өмүрү. Эгер кыргыз этнониминин өмүрү эки кылымдан ашык убакытка тете болсо, бул мезгил кыргыз тилинин да өмүрү.
Тил ар бир улуттун негизги улуттук белгилеринин бири. Кыргыз элинин улуулугу кылымдар бою өзүнүн улуттук тилин сактап келгендигинде. Бул жөнүндө көркөм сөз чеберлеринин бири Н.Байтемиров мындай ыр жазган:
Кыргында далай беттешип, Кыргыздар нени көргөн жок. Кырылып көбү өлсө да, Кыргыздын тили өлгөн жок.
Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка болгон йшкысы 50-жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.
Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.
Чынгыз Айтматовдун эпосу лиризм менен драматизмдин, трагизм менен романтизмдин өз ара байланыштарына негизделген. Анда мифология, дин, фантастика, көркөм шарттуулук жана сүрөттөөнүн катаал реализми эришаркак жашайт.
Чынгыз Айтматовдун драматургдук өнөрү анын « Фудзиямадагы кадыр түн» (К. Мухаммеджанов менен бирдикте) драмасында жана өздүк повесттерин кино тасма үчүн сценарийлерин жазуудан көрүнгон. Ал очерктер, публицистикалык жана адабий сын макалалардын чебери да болуп эсептелет. Чынгыз Айтматов Кыргыз Эл Жазуучусу (1968), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968; 1979; 1983), Республикалык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1976), Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997), Германиянын искусство Академиясынын мүчөкорреспонденти (1978), Париждеги Европа. илимдер, искусство жана адабият Академиясынын академиги (1983), Стокгольмдогу Бүткүл дүйнөлүк илимдер, искусство Академиясынын академиги (1987) болуп шайланган.
Чынгыз Айтматов 10-июнда 2008-жылы Германиянын Нюрнберг шаарында даарыланып жатып каза болгон.
Жамийла - Чыңгыз Айтматовдун биринчи көлөмдүү повести (1958). Повестте Данияр м-н Жамийланын махабаты боз улан бала Сейиттин айтуусунда берилет.
Айтматов "Жамийланы" Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк М.Горький атындагы адабият институтунда жүргөн кезинде, Тверь саябанындагы батиринде жашаган кезде ак кагазга түшүргөн. Повесттин адегендеги аты “Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат менен жарык көргөн. Орус тилинде “Новый мир” журналына (1958, № 8) “Жамийла” деген ат м-н жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат менен белгилүү болгон.
Чыгармадагы окуянын лирика-романтикалык маанайда баяндалышынан улам повестти адабиятчылар “кара сөздөгү поэзия же прозадагы ыр” деп да атап жүрүшөт. Чындыгында да чыгарманын мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы: Жамийла м-н Даниярды табыштырган махабат; ошондой эле турмушка, элге, жерге, жашоого болгон чексиз сүйүү м-н адамдагы руханий сулуулукка болгон сүйүүнү, умтулууну бириктирген адамдык бакыбат зор сүйүүнүн Жамийладагы личносттук “мендин” патриархалдык салт-санаа, түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй-бүлө түшүнүгүнө кайчы келиши сыяктуу маселелер м-н тыгыз биримдикте каралат.
Автордун өз чыгармасын адегенде «Обон» деп аташы бекеринен эмес, анткени обон повесттин бүткүл сюжеттик-композициялык курулушунда чоң роль ойноп, анын негизги идеялык-көркөмдүк табиятын аныктап турат. Повесть жарык көргөндөн бери, өзгөчө өзүбүздүн улуттук адабий чөйрөбүздө Жамийланын Садыктан кетишине байланыштуу талаш пикирлер айтылып келет. Повесттин образдар системасын талдоодо «Садык Жамийланы сүйөт эле болчу, ал катты өз учурундагы эреже-жосундарга ылайык жазат, Жамийланын аны чанып, башкага кетүүсүнүн эч жүйөөсү жок, жеңил ойлуулук» деген пикирлер көп айтылды. Бул жерде кеп Садыкта эмес, Жамийлада, аны Даниярга жолуктурган тагдырда. Эгер көпчүлүктөн кескин айырмаланган мүнөзү, романтикалуу жандүйнөсү, августтун ажайып түндөрүндөгү керемет обондору м-н Данияр келбесе, Жамийла Садыкты күтүп, бара-бара чоң, кичине үйдү башкарган нарктуу кайнененин ордун басмак. Бирок көңүлгө канат байлап, мазмундуу жашоого умтулткан, күчтүү толкун болуп каптап келген сүйүүсүнөн баш тартып, ар кандай чектөөлөргө, адат-салтка баш ийип жашоо Жамийла сыяктуу күчтүү, бакыбат натурадагы аялга туура келмек эмес. Ошол себептүү ал акыры «эски шинели м-н тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтемеси жок» Даниярды «башын бийик көтөрүп, кылчайбай» ээрчип кетет.
Кийин сүрөтчү болгон Сейит да өмүр тарыхына жылуу из калтырган балалык учурга көп убакыт өткөндөн кийин кайрылып, андагы өзү күбө болгон сүйүү баянынын тазалыгына эч шек кылбай окурмандарга эскерип айтып берет. «Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун! Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун!» деген художник-баяндоочу Сейиттин сөзү м-н повесть аяктайт. Повесттен, ошондой эле автордун сюжет куруу, сөз м-н иштөө чеберчилигинин өзүнчөлүгүн көрүүгө болот. Андагы портреттик, пейзаждык сүрөттөөлөр, көркөм сөз каражаттарынын ар бири чыгарманын идеялык-көркөмдүк системасында белгилүү бир маанилүү милдет аткарып, поэтикалык ойдун өсүш ыраатын шарттап турат.
Кыргыздын төкмө актаңдай акындарынын чыгармачылыгында Барпы Алыкулов өзгөчө орунду ээлейт. Ал ырды нөшөрлөтө төккөн актаңдай төкмө акын, кыргыздын обончуларынан бөтөнчө ыргактардагы обондорду чыгарган залкар обончу, көрүнүктүү дастанчы болгон.
Өткөн эки доордо жашап, эки доорду өз көзү менен көрүп, турмуштун ачуусун да, татуусун да таткан актаңдай төкмө акын, залкар обончу, айтылуу дастанчы Барпы Алыкулов 1884-жылы Жалалабаттын Сузагынын Ачы айылында жети атасынан бери кедей өткөн үй-бүлөдө туулат. Ал кийке мингизген кедейчиликтин, үстүнө үйрүп салар кийиминин, жээрге бир сындырым наны жоктугунан атасы, агасы Болот менен боконогу ката элек 7-8 жашынан сузактык Калмат, Матисак, Ысакбай, Назарбай деген байлардын малын багып, ар кандай кара жумуштарында иштеп өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагат.
Кандан, бектен кайра тартпаган, ачык айтып ак сүйлөгөн Барпы он алты жашынан сабалата төкмөлөп ырдай баштайт. Тилекке каршы Барпы калк оозуна алынып, жумурай журтка тааныла баштаган күндөн оорунун кесепетинен эки көзү көрбөй көр болот. Бирок, жараткан Барпынын чолпондой жайнаган эки көзүн алсада, сабатсыз болсо да көздүү акындардай ырларды сабалата төгөт. Ал кыргыздын аттуу-баштуу ак таңдай төкмөлөрүнөн өзгөчө айырмаланып, ырларын эч бир элдик музыкалык аспаптардын коштоосуз ичкилик кыргыздардын обонунда, сөздөрүн да ичкиликтердин диалектисинде нөшөрлөтө төгүп ырдаган. Алсак, Барпыны көргөн, билгендердин жазып, айтып кеткен эскерүүлөрүнө, маалыматтарына таянсак, ал ар дайым оң бөйрөгүн таянып, ырдаган сайын обдулуп-обдулуп шабырата төгүп, ар бир ырынын маңызына жараша обонун да кубултуп түрлөнтүп ырдаптыр.
Калык Акиев.
Информация о работе Шпаргалка по дисциплине "Кыргызский язык"