Автор работы: Пользователь скрыл имя, 07 Сентября 2014 в 16:11, шпаргалка
Работа содержит ответы на вопросы для экзамена по дисциплине "Кыргызский язык".
Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 2013-жылдын 29-ноябрында кыргыз элинин атактуу төкмө акыны жана комузчусу Калык Акиевдин 130 жылдыгына арналган «Залкар төкмө акын, комузчу» аттуу көргөзмөсү ачылат.
Кыргыз акындар поэзиясынын тарыхында көрүнүктүү орунду ээлеген кара сөздүн устаты, кыргыз эл ырчысы, атактуу төкмө акын, чебер комузчу К.Акиев 1883-жылы Жумгал районуна караштуу Кара-Ой деген жерде туулган. Ал 14 жашынан баштап чыгармачылыкка аралашкан. Калыктын ырчылык өнөрүнө жогору баа берип, ага туура багыт берген, ырдоонун ар кандай ыкмаларын үйрөтүп, чындыкты таамай ырдоого, карапайым элдин турмушун тартынбай айтууга үндөп, көркөм сөздүн устаты катарына калыӊ журтка тааныткан залкар классик акыныбыз Токтогул болгон. Эки акындын «Саламдашуу», «Карымшактыкындагы ыр», «Анжыян тарабында», «Коштошуу», «Бакачы дыйкан Кебекчи» деген белгилүү алым сабак айтыштары бар.
К. Акиевдин «Калыктын ырлары» (1936, 1938); «Өлбөс баатыр» (1940); «Ырлар жана поэмалар» (1940); «Ырлар жыйнагы» (1948, 1949, 1950) деген бир нече китептери басмадан чыккан. Акындын айтуучулук шыгы «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Кедейкан» эпосторунан, «Ак Мөөр», «Карагул ботом», «Өмөр жана Болот», «Бир асыл», «Карач дөө», «Өлбөс баатыр», «Шырдакбек» аттуу эпикалык поэмаларынан, дастандарынан көрүнгөн.
1926-жылы жаӊы ачылган театрга артист болуп иштеген. 1936-жылы филармонияга которулуп, өмүрүнүн акырына чейин ал жерде үзүрлүү эмгектенген. Эл аспаптар оркестринде кыякта ойноп, П.Ф.Шубинден музыкалык сабатын жоюп, нота менен ойноого жетишкен. Муратаалы Күрөңкеев уюштурган кыл кыякчылардын ансамблине катышып «Кер өзөн», «Байге», «Түнкү күзөт» деген күүлөрдү кыл кыяк менен тартса, Карамолдонун «Насыйкат», Муратаалынын «Камбаркан», Токтогулдун «Миӊ кыял» аттуу классикалык күүлөрүн кол ойнотуп черткен.
Калык Акиевдин адабиятыбыз менен элдик музыкабызга сиӊирген эмгеги өкмөт жана коомчулук тарабынан жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин эл артисти (1939) деген ардактуу наам берилген. Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордендери, Эмгектеги каармандыгы үчүн медалы жана грамоталар менен сыйланган. Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1953-жылы 3-ноябрда дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөдө Калык Акиевдин өмүр жолун чагылдырган фотодокументтери, жеке буюмдары, ырлар жыйнактары коюлган.
Үркүн, Кыргызстандагы 1916–жылкы көтөрүлүш – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто Азияда колониялык саясат жүргүзгөнү маалым. Кыргыздар орус падышасынын бийлигин таанып, анын буйрук, жарлыктарына ылайык милдеттүү болгон. Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин түпкү кызыкчылыктарын эске алган эмес. Колониялык саясаттын күчөшү, түпкү калктын нааразылыгын күчөткөн падышачылыктын жер саясаты Кыргызстандын түндүгүнө Борб. Россиядан орус, украин дыйкандары көчүп келе баштаган. Колониялык бийлик аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, кыргыздардын суусу мол, дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерин тартып берген.
1916-жылы июнда жергиликтүү элдерди согуштук-оорук иштерине чакыруу жөнүндө падышанын Указы жарыяланган. Ансыз да кыжыры кайнап эл падышанын каарынан, мыкты куралданган аскерлеринен жалтанбай күрөшкө көтөрүл-гөн. 1916-жылы көтөрүлүш Орто Азия, Казакстандын кеңири аймаган кучагына алган. Ага 10 млн жергиликтүү калк тартылган Элдик кыймыл июль айында адегенде толкундоолор түрүндө башталып, августта куралдуу көтөрүлүшкө өсүп жеткен да октябрдын аягына чейин созуган.
Тукум курут
болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар
сентябрдын аягынан баштап, оз жерин таштап,
баш маана издеп Кытайды коздой уркушкон.
Жан далбаса кылып колуна тийген буюмдарын,
талануудан калган малын айдап,
азып-тозуп качкан кыргыздарды жазалоочу
кошуун менен келгин дыйкандардын кошуундары
сая кууп, жеткен жерден кырып, мал-мулкун
талап журуп отурушкан.
Уркун кыш
мезгилине туура келип, далай адамдар
ак кар, кок муз баскан белдерден ото албай
кыргынга учураган. Кытайлык маалыматтар
боюнча Жетисуу облусунан Кытайга 332 мин
адам качып барган. Бул которулушто 200
минге жакын кыргыздар олуп, тундук Кыргызстандын
калкы 41,4 пайызга азайган. 1916-жылы кыргыздардын
улуттук-боштондук курошу женилууго учурап,
жырткычтык менен басылган. Бирок женилуу
менен аяктагандыгына карабастан которулуштун
тарыхый мааниси чон.
Туркстандагы
оторчул саясаты учун падыша окмоту жергиликтуу
элден сокку жеди. Турдуу улуттагы элдер
биргелешип, улуттук эзууго каршы курошко
чыгууга болорун тушунушту.
“АЖАР” – кыргыз адабиятындагы туңгуч повесттердин бири. 1928-ж. жарык көргөн. Повесттин башкы каарманы Ажар
аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. К. Баялиновдун бул чыгармасын өткөн кылымдын 20-жылдарында татар, казак, өзбек
адабияттарында ж-а алардын таасири астында жаңыдан калыптана баштаган кыргыз жазма адабиятында негизги
темалардын бири болгон кыз-келиндердин эзилген турмушу жөнүндөгү чыгармалардын катарына кошууга болот. Бирок
композициялык курулушунун өзгөчөлүгү чыгарманын башкы темасы тууралуу ачакей пикир жаралышына негиз берет.
Анткени чыгармада башкы каармандын тагдырына тикелей тиешеси жок эпизоддор бир топ орун ээлеп, аларда 1916-жылдагы үркүндүн кейиштүү сүрөтү тартылат. Бул окуялардын трагизми баш каармандын тагдырынын трагизминен кем
калбайт. Үчүнчү главанын ортосунан, энеси Батма ооруга чалдыккандан кийин гана окуялар Ажардын айланасында жүрө
баштайт. Повесттин финалында Ажар карышкырларга таланып өлүшү азаптуу замандын ага көрсөткөн жазасы эле.
Кыргыз жазма адабияты жаңыдан түзүлө баштаган мезгилге таандык бул чыгармада көркөм стиль, сюжет куруу ж-а
образдарды шөкөттөө жагынан орчундуу өксүктөр орун алган. Ошого карабастан повесть окурмандардын сезимине таасир берүүчү күчтүү кудуретке эгедер. Бул касиет анда кыргыз эли дуушар болгон геноциддердин эбегейсиз
трагедиялуу окуялары көрсөтүлгөндүгү, нукура турмуштан алынган каармандардын сезимдери жөнөкөй ж-а жасалмасыз
баяндалып берилгендиги м-н түшүндүрүлөт. Ушундай касиеттеринин аркасында К. Баялиновдун “Ажар” повести кыйла
узак убактан бери улуттук адабияттагы маанилүү ордун жоготпой келүүдө
Парз –
Алла Тааланын жана Анын Пайгамбарынын
(саллаллаху алейхи васаллам) ачык-айкын
айтылган, күмөнсүз далилдер менен бизге
жеткизилген буйруктарын билдирет. Мисалы, беш убак
намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү
ж.б.
Мусулман
адам парз амалдарды аткарууга абдан маани
бериши, буга эч качан кайдыгер карабастыгы
талап кылынат. Мусулманчылыкта негизинен
эң зарыл деп каралган 40 парз бар экендигин
билебиз.
Кыргызстанда баңгилик, аракечтик менен катталган адамдардын саны кырк миңге жетти. Адистердин айтымында, адам денесин бул илдеттерден куткарууга мүмкүн, бирок аң-сезимден алып салуу өтө оор.
Алкоголизм - жашоонун принциптерине адептүү жүрүш-турушка, маданияттуулукка ылайык келбеген социалдык дарт. Ал үй-бүлөнүн турмушун бузуп, балдарды тарбиялоодо зыяндуу таасирин тийгизет. Алкоголго берилип кетүүнүн натыйжасында адамдарда оройлук, өзүмчүлдүк, моралдык шалаакылык күч алат. Мастар мыйзамды, коомдук тартипти бузушат.
Спирт ден-соолукту бузат, эркти бошоңдотуп, кесибинен ажыратат, тукумду бузуп, адамдык сапатын жоготууга жана кылмыш жасоого түртөт.
XXI кылымда жашай
турган жаш муундар андан
Аракечтик адамдардын көптөгөн органдарын бузуп, дарылап айыктырууга кыйын болгон дарттарды пайда кылат. Ашказандын гастрит (язва) ооруларын жаратса, боордо цирроз оорусун пайда кылып, боордун көлөмүн кичирейтип, аны чүрүштүрүп катырат, бул - эң оор дарт. Спирт ичимдиктери бөйрөктөрдү иштен чыгарат. Жүрөктө ар кандай кысылма дарттардын жаралышына шарт түзөт. Айтор, спирт ичимдиги терс таасирин тийгизбеген орган жок. Алкоголдун курамындагы уулуу заттар эң оболу нерв системасын бузат. Баш мээни атрофияга (көлөмү менен массасы кичирейет, функциясы начарлайт, алсызданат) учуратат.
Алсак, жүз грамм арак баш мээнин кыртышындагы жети миң беш жүз нерв клеткасын өлтүрөт. Баш мээнин ууланышы, анын бузулушу ар кандай нервоз жана психоз дарттарынын жаралышына, анын өнүгүшүнө алып келет.
Социолог бул жаман адаттардын көбөйүп баратканын бир гана начар жетпеген турмуштун айынан болуп жатат дегенге кошула албайт. Анын негизги себеби катары жаштарды ырааттуу тарбиялоо институтунун мааниси жок болуп жаткандыгы менен да түшүндүрөт. Жаштарды тескери жолдон алыстатуу үчүн дагы бир негизги нерсе - арак менен баңгиден да мыкты, жаштарга өтө керектүү бир баалуулуктарды сунуштоо керек. Аны социолог жумуш орундарын түзүү менен байланыштырат. Учурда Кыргызстанда болгону мамлекеттик эки гана наркологиялык борбор-Бишкектеги республикалык борбор жана Ош областтык наркологиялык диспансер иштейт. Жеке борборлордун так саны белгисиз. Ал эми быйыл расмий түрдө баңгичилик боюнча республикада 8900 киши, ал эми аракечтик боюнча 30 минден ашуун адам катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу көп, дешет адистер.
СПИД - иммуножетишсиздигин жугузуунун синдрому - адамдын иммуножетишсиздигинин тутумунун адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу менен өтө терең жабырлануусун шарттаган ооруну козгоочу ВИЧ-инфекциянын акыркы баскычы.
Учурда Кыргызстанда ВИЧ/СПИД боюнча абал туруктуу, бирок жайылып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөт бекиткен "Ден соолук - 2020" стратегиясында айтылат. Расмий маалыматка караганда, азырынча ВИЧ ийне сайынган баңгилер арасында гана көп тарап жатат, бирок ал "жалпы популяцияга өтүп кетиши ыктымал".
Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын саны Кыргызстанда 4 миңге жакын. Алардын 60 пайызы баңгилер. 300гө жакыны балдар.
Эне үйдүн куту. Баланын, үйбүлөнүн бактысы. Турмуштун эчен азап тозогун башынан өткөрүп, чоңойткон балдары үчүн өмүр бою кам көрөт.
«Карга сүйөт баласын аппагым деп, кирпи сүйөт баласын жумшагым деп» дегендей эне үчүн бала дайым жаш. Уулу эрезеге жетип ата болсо да, кызы бойго жетип эне болсо да, эне алар үчүн кам көрүп жанын курман кылууга даяр. Ал эми бала үчүн эне чоң бакыт.
Эне үйдө бир минута жок болсо үйдүн куту уча түшкөнсүйт. Эшикке кирип чыгып тезирээк эле келишин күтүп тынчсызданасың. Алыстан карааны көрүнгөндө алдынан утурлай чуркап тососуң. Алыста жүрсөң «азыр эле канатым болсо энеме учуп же тип бек кучактаар элем. Тээ алгачкы жарык дүйнөгө келген күндөн берки тааныш болгон жыпар жытынан искеп-искеп алар элем» – деген ой келет.
Энелер — нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Дени сак улут эне аркылуу калыптанат. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет. Ошоң үчүн «эне таманы турган жер — бейиш» дешкен эмеспи акьшман бабалар. Эне мээримине, аруулугуна эч нерсе тең келе албас, анткени эне адамзаттын башына түшкөн кыйынчылыкты жер сыяктуу кебелбей көтөрүп келет.
Кыргыз элинин наркнасилин, каада-салтын жүрөгүндө кыттай сактаган, карылык дөөлөтү жүзүнөн төгүлгөн апаларды ким билбейт! Алардагы ички маданият, табигый жөнөкөйлүк кимди гана суктандырбайт! Ылайым, Каныкей, Курманжан, Толгонай сыяктуу энелерибиз эл ичинде аман болсун. Дайыма бар болуңуздар, касиеттүүэнелер!
Кыргыздын улуттук каада-салты турмуштук ар кандай кырдаалдарда колдонулуп, кылымдар бою калыптанган, атадан балага, укумдан-тукумга берилип келе жаткан элибиздин өзүнө гана таандык болгон асылдык сапаттары, руханий дөөлөтү. Улутту улут катары тааныткан да, башка улуттардан айрымалаган да, өзгөчөлүгүн көрсөтөт.
Кыргыз элинде укумдан-тукумга улам-улам отуп келаткан кылымдап туптолуп, тузулуп, калыптанып, оркундоп журуп отурган мурастык касиетке ээ болгон тарыхый туруктуу салттар коп.
Азыр биз томонкудой салттарга токтоло кетебиз:
Кошумча – жамандык- жакшылыкта элибиздин бири-бирине корсоткон жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша акча, мал, кийит чыгарат.
Орулук – жакын кочуп келген уй-булонун жакын-алысына карабай, куржун кечеге тамак –аш, айрымдарына кездеме, мал, буюм алып барып жаны конуштун эшик-торун коруу.
Жентек той – наристе торолору менен кошуналарга жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу.
Бешик той – наристени бешикке салуу каадасы. Колдо бар мал союлат. Таяке-тайлары бешикти тошончосу менен жасалган алып барат.
Кыз узатуу улпоту – кыздын биринчи жолу торкунунон аттаанаар алдындагы берилуучу улпот. Женелери кызды жасандырып, шокулосун кийгизип, жасалгалуу жабдыктары бар атка мингизип, ырчылар ырдап, кошок кошулат.
Тулоо беруу – ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени учун жаратканга ыраазы болуп, мал союп, этин бышырып элге таратуу, бата алуу.
Булардан сырткары кыргыз элинде коптогон жакшылык-жамандыкта колдонула турган салттар коп.
Информация о работе Шпаргалка по дисциплине "Кыргызский язык"