Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Марта 2013 в 14:37, реферат
Бүгүнкү биздин мамлекетибиздин эгемендик алышы Жусуп Абдрахмановдой инсандардын эрдиги менен эмгегинин үзүрү эмеспи. Өткөн кылымдын башында коом өзгөрүп, улут тагдыры чечилип жаткан орчундуу кезеңде Жусуп Абдрахманов башка замандаштары сыяктуу эле Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөдө кылымга тете кызмат кылган. Жусуп Абдрахманов революциячыл процесске 17 жашар боз улан чагынан аралашкан. Кийинчерек, теги ак сөөк тукумунан болсо да, революцияга бүткүл дити менен акыр-аягына чейин чексиз берилгенин жазып кеткен.
Жусуп Абдрахманов Кыргыз Республикасынын "автономиялык" абалынын жетишкендиктерин жана анын кесепеттерин эң жакшы түшүнгөн жана көрө алган. Ошондуктан, Кыргызстандын үч тарапка баш ийиши (СССРге, РСФСРга жана Орто Азияга) анын чарбалык, маданий маселелери чечилбей, өнүгүшүнө кедерги болуп жатканын И.В.Сталинге жазган каттарында ачык, ишенимдүү далилдер менен Кыргызстанды союздук республикага айлантуу маселесин кабыргасынан койгон. Жусуп Абдрахманов Кыргыз автономиялык Республикасынын өкмөт башчысы катары калктын турмушун жакшыртуу, анын социалистик өнүгүшүн ар тараптан камсыз этүүнү өзүнүн керт башынын милдети катары кабылдаган. XX кылымдын 30-жылдары эң катаал жылдардан болгон. Колхоздоштуруу, малды толук ортоктоштуруу саясатындагы орой каталыктар, эгиндин түшүмсүздүгү менен коштолуп, айыл жашоочуларынын турмушун өтө оордоткон. Ачарчылык, ачкачылык кошуна казак элин адегенде каптаган. Отузунчу жылдардын башында Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ар жак-бер жагы жалаң ачкалыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кеткенин акын, улуу инсан Кубанычбек Маликовдун аңгемелеринен бир канча жолу уккан элем. Ачкачылыкта канча казак өлгөнү эмдигиче тактала элек. Америкалык белгилүү адис Марты Олкотт "Социалдык өткөндүн жалганы: Орто Азиянын казактары" деген китебинде ачкачылыкта эки миллионго жакын казак өлгөнүн жазат. Казак окумуштуусу, демограф Макаш Татимов 1930- жылдын башында жалпы казактардын саны 4 миллион 120 миң болгонун, ошолордун ачкачылыктан эки миллионго жакыны же жалпы казактардын 49% каза болгонун эсептеген. (Караңыз: М.Б.Татимов "Социальная обусловленность демографических процессов". Алма-Ата 1989, 122-124-беттер) кошуна боордош казак элинин трагедиялуу абалы кыргыздарга да келиши толук мүмкүн эле. Бирок, Жусуп Абдрахманов жалпы элин ачарчылыктан сактап, XX кылымдын биринчи жарымында Үркүндөн кийинки экинчи жолу көпчүлүктүн кырылып, жок болуп кетүү коркунучунан алып калган. Мындай баатырлык жүрөгүндө жалы, көзүндө оту, колунда кубаты, мээсинде акыл-эси бар, эли үчүн жанын аябаган, миңдеген жылдарда бир жарала турган инсандын гана колунан келет турбайбы! Жанын элине берген!
Жусуп Абдрахманов өкмөт башчысы болуп кыйын, катаал убакта 6,5 жыл иштеп, Совет доорундагы өкмөт башчыларынын арасынан эң көп мөөнөт иштегендердин бири. 1919-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрь айына чейин 14 жылдын ичинде Кыргызстанда, Казакстандын Талды-Коргон, Алма-Ата, Жети-Суу аймактык бирикмелеринде, Москвада Коммунистик партиянын Борбордук Комитетинде кийин 6 жыл 6 ай кыргыз өкмөтүнүн башчылык кызматында эмгектенип, кайда гана жүрбөсүн, кандай гана макала-изилдөөлөрдү жарыялабасын, кайсы гана трибунада сүйлөбөсүн бардык жерде кыргыздын эркин мамлекет - улут болуп өнүгүү маселелерине жүрөгүн өйүткөн, акылын жумшаган, ой-толгоосун токтотпогон.
Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин архитектору, пайдубалын түптөгөн, өсүп-өөрчүшүнүн багыттарын белгилеген, Кыргызстан калкынын ынтымак-биримдиги, эл - журтунун, жеринин бүтүндүгү жана кемибестиги жөнүндө такай кам көргөн нагыз көсөм, даанышман, акыйкатчыл өз заманынын улуу саясий-мамлекеттик ишмери, калктын лидери болгон!
Кандай болсо да, Жусуп Абдрахмановдун бүт өмүрү, аткарган иштери, саясий мамлекеттик жүрүм-турумдары, мамлекети жана калк тагдыры, келечеги жөнүндөгү көз-караштары, ой-тутумдары Ысык-Көлдүн гана кулуну эмес, жалпы кыргызга жана Кыргызстандыктарга ак кызмат өтөгөн, саясий-мамлекеттик көрүнүктүү ишмер экендигин карт тарых ташка тамга баскандай тастыктоодо.
Демек, бүгүн кандай болгон учурда да, Жусуп Абдрахмановго өзүнүн ак эмгегине жараша мамиле жасалууга тийиш.
Бул тирүүлөр
үчүн, мекенчилдик сапат
Соңку сөз ордуна
Идеологияга, саясатка "кул" болгон кыргыз тарыхы XX кылымда абдан эле "жүдөдү", баатырларынан дээрлик "тазаланып" калды. Кыргыз тарыхы баарыдан мурун баатырлардын тарыхы эмеспи. Кыргызстан азаттыкка аттанган эркин малекетинин тагдыры нагыз тарыхын калыбына келтирип кайра жаратуусуна жараша болоору да талашсыз чындык экендигин эрте түшүнсөк болот эле…
Философия илимдеринин доктору, социологиянын профессору
Кусеин Исаев
Жусуп Абдрахманов
Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында мындан бир кылым мурдагы тарыхы менен бүгүнкү күндөгү мамлекеттин тагдыры кандайдыр бир деңгээлде окшоштукка ээ. Акыркы бир кылымда кыргыздын элиталары четтеги душмансыз эле өздөрүн-өздөрү жеп жатат. Буга мисал, 1937-1938-жылдагы репрессияда бири-биринин үстүнөн арыз жазгандар, эгемендик жылдардагы куугунтук, камоо, өлтүрүүлөр. Тарыхый кырдаалды, учурду, заманды, саясатты, бийликти күнөөлөгөн менен андагы чылбыр өзүбүздүн эле колубузда турганын элес ала бербейбиз. Бир кездеги тарыхый тагдырдын, замандын курмандыгы болгон Ж.Абдрахмановдун быйыл 110 жылдыгы белгиленип жатат. Тилекке каршы кыргыздын дагы бир инсаны Касым Тыныстанов экөөнүкү эстелик тургузуу менен гана чектелип жаткандай.
Аты кыргыздын бир гана уруусуна таанылган айрым бир уурулук деңгээлдеги адамдарга эстелик тургузуп, ага үлкөндөрдүн катышып жатканын көргөндөр тааныбай туруп эле: «аа, бул анын ата-бабасы болот турбайбы» деп ойлоп калгандарына жыйырма жыл болду. Бизди бүгүнкү күндө бири-бирибизди бириктирбей, уруу-урууга бөлүп турган нерсе дагы ушул. Кимдин күчү жетсе алтындан деле эстелик тургузса эч ким каршы эмес бирок, мамлекеттин кийинки келечеги үчүн улуттук баатырларга көңүл буруу керек. Мисалы, кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра жаратууда зор салым кошкон саясий ишмерлердин катарында Жусуп Абдрахмановду айтууга болот. Быйыл анын 110 жылдыгына карата эстелиги ачылды. Бирок, көптөргө бул адам белгисиз. Жөн гана репрессиянын курмандыгына чалынган бир кездеги мамлекеттик кызматкер катары билишет.
Аскер адамы болгусу келген Жусуп
Совет өкмөтү түзүлүп, анын курамына Кыргыз ССРи абдан чоң тоскоолдуктардан өтүп союздук республика катары кирди. Мына ушундай зор ишке башын сайган инсандардын бири Жусуп Абдрахманов. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл районунда манаптын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Жаратылышынан зээндүү Жусуп алгач орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу жогорку башталгыч окуу жайда билим алып, тилекке каршы 1916-жылдагы үркүндүн айынан окуусун токтоткон. Эл менен Кытайга үркүп барып, февраль революциясынан кийин туулган жерине келип, Каракол гарнизонундагы офицердин үйүндө атчы, кароолчу болуп иштеген. Анын табиятынан зээндүү, дилгир экендигин байкаган подполковник Бычков өзү менен кошо Верный (Алмата) шаарына алып барган. Бул жерде совет бийлиги орногондон кийин, мурда кат сабаты жоюлган Жусуп бир канча ай статистика тармагында эмгектенип, андан соң Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кирет. Гвардияда жүргөн кезинде Жусуп командирдин жардамчысы болуп, Жети-Суу фронтунда актарга каршы күрөшкөн. Абдрахмановдон келечектеги мыкты аскер адамы чыгат деген үмүт менен жогорку жактан Верный шаарына командирлик курска, кийин Ташкенттеги В.И. Ленин атындагы аскердик окуу жайга кирет. Бирок, ден соолугу анын келечектеги аскер адамы болушуна чоң тоскоол болуп, аргасыз аскердик карьерасын токтотууга мажбур болот.
Ленинге жолуккан биринчи кыргыз
Азыркы күндө Жогорку
Кеңешке депутат болууну же
чоң кызматта отурууну
27 жашында премьер-министр болгон
Бизде азыр
демократия ураанынан башка
Кыргызды дагы бир кыргындан алып калган
1933-жылы 26-майда ВКП (б)Борбордук комитети «Республикада (Кыргызстанда) дан азыктарын бекитилген планга каршы ысырапкорчулукка жана уурдап жок кылууга жол берилип, чара колдонбогондугу» жөнүндө токтом кабыл алынган. Ушул эле жылдын 22-сентябрында партиянын борбордук комитетинин саясий бюросунун чечими менен Жусуп Абдрахманов кызматтан бошотулуп, 14-октябрда партиядан чыгарылат. Андан кийин Самара жана Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдалат. Жусуп Абдрахмановдун кызматтан айдалганынын себеби мындайча болгон. 1932-1933-жылдары Сталиндик өлкөнү индустрилизациялоо саясатынын жүрүшүндө СССРде катуу ачарчылык болгон (оор өнөр жайды куруу үчүн сыртка дан азыктарын экспортко чыгарып, сырттан өнөр жайга керектүү материалдар алып келинген). Ачарчылык СССРдин дан эгиндерин өндүргөн аймактарда Украина, Казакстан, Поволжьеде өзгөчө катуу болуп, адамдар ачкачылыктан кырыла баштаган. Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаковдун Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган эмгегинде айтылгандай ошол кезде Казакстан менен Сибирден 130 миңдей адам Кыргызстанга жан сактоого келген.
Пландуу экономикалык саясаттын негизинде дан даярдоо планы таңууланып, реалдуулуктан бир топ четтеп кеткен. Ушундай шартта Элкомсовдун председатели (өкмөт башчы) Жусуп Абдрахманов жана башка республиканын жетекчилери көрсөтүлгөн планды азайтууга мажбур болушкан. Эл ачарчылыктан кырылып калбасын деп, үрөн фондусунан пайдаланууга уруксат берген. Карапайым элди кырылбасын деп дан бергени кийин Абдрахмановду «эл душманына» айландырды. Ошол кезде коңшу казактардан ачарчылыктан улам бир канча миңдеген адам кырылып, дагы бир тобу Кыргызстанга келип жан сактаган. Өзүнүн күндөлүгүндө Абдрахманов ал жөнүндө мындай деген: «1932-жылы жазында казактар Кыргызстанга күтүрөп келе баштады. Ачарчылыктын айынан алардын арасында өлүм-житим көп болду… План өткөрүү кыйынчылыгын Шахрай, Исакеев үчөөбүз талкуулап келип, мен: «План аткарбады деп кызматтан алса алсын, республиканы Казакстандын абалына жеткирбейм» дедим. Алар макул болду.
Мына ошентип, анын эл үчүн жасаган эмгеги кара ишке айланып, 1933-жылы кызматтык сүргүнгө айдалып, 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган. Ал бир нече жолу Сталинге, СССРдин прокуроруна, Ички иштер эл комиссарына арыз менен кайрылган. Бирок, анысы ишке ашкан эмес. Анын үстүнө жогорку жак бир күнөө такса, экинчи жагынан өзүнүн эле чогуу иштегендери үстүнөн арыз жазып айласын кетирген.
Эл арасында аты белгилүү инсандардын жеке жашоосу дайыма кызыгууну жаратат. Жусуп Абдрахмановдун саясий тагдыры кандай аянычтуу болсо, жеке жашоосу дагы ошондой азаптуу болгон. Үркүндө ата-энесинен, бир туугандарынан айрылып, бир иниси жана карындашы калган. Иниси дагы агасынын жолун жолдоп Ташкентте жогорку билим алган. Тилекке каршы, кийин ал дагы репрессиянын курмандыгы болсо, жалгыз карындашынын күйөөсү дагы камалган. Бүгүнкү күндө Жусуп Абдрахмановдун жалгыз кызы Ленина Абдрахманова гана бар. Абдрахмановдун өзү жөнүндө маалымат берген бул анын күндөлүгү. Күндөлүгүнөн ар кыл мазмундагы тексттерди кездештирүүгө болот. Ал мамлекеттик кызматкер болуу менен ошол кезде саясатка, коомго дагы өз оюн билдирип турган. Мисалы, күндөлүктөгү жазуулардан: «Адамдын өтөгөн кызматын эч качан жокко чыгарууга болбойт. Азияга мүнөздүү жалкоолук — жергиликтүү жумушчулардын негизги кемчилиги. Бул илдетке «карыгандар» гана эмес жаштар да чалдыккан. «Чыныгы» чиновник эки жүздүү кадрлар өсүп жатышат!…» Абдрахмановдун айткандары бүгүнкү күндө да маанилүү. Биздин саясий кризистин башаты дагы тээ 1917-1938-жылдардагы түзүлгөн системада окшойт деп дагы ойлоп кетесиң. Себеби ушул жылдар аралыгындагы реформалар кыргыздын каймактарын кырып, жалаң гана кул тукумдары калгандай таасир калтырат.Элизат ТУРСУНОВА, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.10.2011-ж.
Абдрахманов Жусуп
Абдрахманов Жусуп (Юсуп) (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысыккөл району, Жаркымбаев айылы –1938, Бишкек, сөөгү 1991-жылы Абдрахманов Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – саясий жана мамлекет ишмер; эл тарыхын объективдүү изилдөөчү. 1911–1916-жылы Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус жергиликтүү мектебинде, Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. 1918-жылы кызыл гвардиячылардын катарына кирген жана Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-жылы Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста окуган. 1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-жылы Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин менен сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-жылы партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-жылы мартта Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-жылы майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-жылы октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-жылы марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 1933-жылы сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген. 1937-жылы 10-июнда Абдрахманов контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынган. 1938-жылы 5-ноябрда атылган. 1958-жылы акталган. Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары Республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын Республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» жана башкалар китептери белгилүү. Абдрахмановдун ысымы менен Ысыккөл районундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек шаарынын бир көчөсү аталган. Туулган айылына жана Каракол ш-нда эстелик тургузулган.