Жусуп Абдрахманов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Марта 2013 в 14:37, реферат

Краткое описание

Бүгүнкү биздин мамлекетибиздин эгемендик алышы Жусуп Абдрахмановдой инсандардын эрдиги менен эмгегинин үзүрү эмеспи. Өткөн кылымдын башында коом өзгөрүп, улут тагдыры чечилип жаткан орчундуу кезеңде Жусуп Абдрахманов башка замандаштары сыяктуу эле Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөдө кылымга тете кызмат кылган. Жусуп Абдрахманов революциячыл процесске 17 жашар боз улан чагынан аралашкан. Кийинчерек, теги ак сөөк тукумунан болсо да, революцияга бүткүл дити менен акыр-аягына чейин чексиз берилгенин жазып кеткен.

Вложенные файлы: 1 файл

Жусуп Абдрахманов.doc

— 193.50 Кб (Скачать файл)

Мындай жагдайды кээ бир окумуштуулар көбүнчө  уруулук принципте жиктелүү багытын  алып, эскиликтин калдыгы катары баамдашат. Ал эми Ж. Абдрахманов муну жаатташуу күрөшү деп белгилейт. Биздин оюбуз боюнча бул тек кыргыз совет мамлекеттүүлүктүн кайра жаралып өнүгүшү тууралуу көз караштардын тактикалык гана айырмалануусу болсо керек, анын залакасы акыр-аягында, чыныгы карама-каршылыкка алып барган. Антсе да, ошол мезгилде элибиздин өзгөчө улуттук совет мамлекети болуп түптөлүшү мамлекеттүүлүгүбүздүн жаралыш процесси түпкүлүгү туура багыт алгандыгы азыр гана даана баамдалып жатат.

Ушул тирешүүнүн негизиндеби же Каракыробкомунун биринчи катчылыгына дайындалган М. Каменскийдин саясатынанбы, айтор, анын экинчи катчылыгынын милдетин аткарып жаткан Жусуп 1925-жылдын март айында болгон Кара-Кыргыз облустук партиялык уюштуруу курултайында өзүнө ылайыктуу кызматка да, облустук комитеттин составына да шайланбай калат. Ушундай эле тагдыр билимдүү, чоң тажрыйбалуу жана бийик абройлуу жергиликтүү кадрлардын бири И. Айдарбековго тийиштүү болду. Буга караганда Каменский борбордон жиберилген адам катары өзүнүн жанында жергиликтүү чыныгы тың иш билген адамдарды жетектөөгө дарманы жетпегендигине ынанып, булардан кутулуунун айласын ойлосо керек. Мындай жагдайдан кийин Жусупту Ташкентке ВКП (б) Борбордук Комитетинин Орто Азия бюросуна уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына, кийин Москвада РКП (б)нын Борбордук Комитетинин инструкторлук кызматтарына колдонушкан. Айтмакчы, Жусуп кыргыз жигиттеринен эң биринчи болуп компартиянын негизги штабында иштөөгө татыган экен. Бирок элим, жерим дегенде жанын бергенге даяр Жусуп Кыргыз мамлекетинин жаңы жетекчилеринин алгачкы кадамдарында кетирилген калпыстыктарга абдан тынчсызданган. Ал ушундай кетирилген кемчиликтер жөнүндө, өзгөчө кадрларды тандоо боюнча түз эле И. Сталинге 1925-жылы 5-майда жазган катында билдирген, «Менин сизге кайрылуумду кайра Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна кызматка баруу аракетинен баалабооңорду суранам, негизги каалоом: бул Кара-Кыргыз облусу иш билги борбордук жана жергиликтүү кадрлар менен камсыздалып, ошондой эле РКП (б)нын Кара-Кыргыз уюму чыныгы большевиктик жетекчиликке жетишип, анда биримдиктин өкүм сүрүшүн каалайм!», – деп баса белгилеген.

 

Ушул саптардын  чын ыкластан чыккандыгы жана Жусуптун жогорку бийлик үчүн жан талашпагандыгы анын кийинки басып өткөн өмүр жолунан, өзгөчө күндөлүк беттеринде калтырган  маалыматтардан ишенимдүү жана даана ырасталат. Жусуптун кырдаалды түшүнө билген уюштургуч мамлекеттик ишмер экендигин өз убагында анын муундаштары белгилешкен. Кыргыз кызматкерлеринин биримдигин  көздөп, ал ошол эле Ташкенттен өзүнүн мурунку, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча тактикалык жактан карама-каршы топтогу Рахманкул Кудайкуловго 1925-жылы 5-майда жазган катында аларды тынчтанып, биримдикке келишке чакырат. Бул кийин өзүнүн жакшы жыйынтыктарын берген.

Жусуптун зор  мамлекеттик ишмердиги аны 1927-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына болгону 26 жаш курагында дайындалганда ого бетер өркүндөгөнүн байкайбыз. Анын жан уруп Атамекеним — Кыргызстан дегенде эч тартынбастыгы, кээ бир Орто Азиядагы жана борбордогу — Москвадагы Бүткүл россиялык компартиянын жетекчилерине көп жага бербегени байкалат. Аны партиялык кызматка сүйрөп кетүү аракеттери бир нече жолу жасалган, ага Жусуп ачык эле каршы болуп, эл комиссариаттын советинде накта курулуштун практикалык иши топтолгон, андыктан бөлөктөр бул күрөштү уттуруп жиберишет деп ойлогон.

Ушул жогорку  кызматта Жусуп болгону алты жарым  жыл (1933-жылдын сентябырына чейин)  гана эмгектенсе да, анын Кыргыз Автономиялык республикасынын экономикасын, маданиятын өнүктүрүүдө чоң салым кошкону  талашсыз. Анын өзгөчө ишмер — адистерди тандап даярдоо маселесинде өтө тыкан болгону байкалат. Белгилей турган нерсе,  Жусуп өзүнүн бир тууган иниси Токо билим деңгээли жагынан өсүп,  жооптуу кызматка жигердүү келгенине (26 жаш курагында 1937-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы болуп дайындалган) өтө ыраазы болуп шыктанган. Тилекке каршы, ал да бир жыл өтпөй, 27 жашында жалган айыпталып, агасы менен бир күнү –1938-жылы 5-декабрда атылган.

Дөөлөтбек Сапаралиев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору,

 Кыргыз Республикасынын  илим жана техника боюнча Мамлекеттик  сыйлыктын лауреаты

 жана Ж.Баласагын  атындагы сыйлыктын ээси,

“Кыргыз туусу”, 20.05.2011-ж

Өлкөсү  үчүн өмүрүн сайган лидер

 

Жусуп Абдрахманов:

"Менин шордуу  элим!"

Мындан туура 87 жыл илгери: "Менин шордуу элим" - деп жазган экен кайран Жусуп, кыргыздын тагдырына күйүп - бышып. Сыягы ал: кыргыз элинин 1916-жылкы трагедиясына, өзүнчө мамлекет болбой дагы эле Россияга баш ийип калганына, ошол Москвага баш ийсе да казак, өзбек, түркмөн, тажик элдерине теңеле албай, кыргыздын басынганына көңүлү эзилип күйсө керек. Себеби, кыргыз сыяктуу эле экономикасы артта калган сабатсыз, караңгы өзбек эли 1924-жылы өзүнчө союздук республика, өзбек эли сыяктуу эле эч бир техникасы жок дыйканчылык менен күн көргөн тажик эли, көчмөн казак, түркмөн эли ошол 1924-жылы Автономиялык республика болуп өзүнчө статуска ээ болуп жатканда биз Кара-кыргыз областы деп аталып турган элек… Ошондо Жусуп кыргыз элинин өзбек эли сыяктуу союздук республика болуп аталышы үчүн өмүрүн сайган өжөрлүү күрөшкө чыккан.

1925-жылы Жусуп  Абдрахманов Большевиктер партиясынын  борбордук комитетинде Түркстан  улуттук мамлекетинин картасын  түзүүгө катышып, Кыргыз автономиясы  Арал деңизине чейинки аянтты  ээлеш керек деген көксөгөн  мүдөөсүнө жетпей ичи ачышкандан бечера элим деп көкүрөгү түтөп айтса керек, кайран кеменгер.

  Жусуптун бечера элим деп жазганы анын чын дилинен чыккан сөзү экенин 1931-1933- жылдары башка элдер улуу ачкачылыктан кырылып жатканда, өзү өлүмгө башын байлап, кыргызды кыргындан аман алып калган өчпөс эрдиги далилдейт. Ошол кезде "элим" дебеген жетекчилерден турган республикалардын эли ачкачылыктан кырылып, сенделип калышканы тарыхта турат.

"Элим" деген  улуттук сезим анын ар бир  сөзүнөн, кылган улуу иштеринен,  калтырган эмгектеринен азыр да анын деми келип турат.

  Октябрь революциясынын 10 жылдыгына карата Ж.Абдрахманов "Кыргызстан" деген брошюра жазыптыр. Жусуп анда мындай эскерет: "Мага "Кыргызстан" деген китепченин нускасын алып келишти. Элге жеткиликтүү болсун деп канчалык аракеттенбедим, бирок китепче мен ойлогондой болбой калды. Менин андагы орусча ойлонуу адатым китепчеге терс таасирин тийгизди. Мындай адаттан кутулуу керек, кутулуу керек!". Ошол кезде башкалар орус тилин үйрөнө албай жүрүшсө Жусуп Абдрахманов жогорудагыдай өзүн-өзү жемелеп жатканы, анын улуттук сезими күчтүүлүгүн айкындайт. Жусуп Абдрахманов менин бечера элим деп өкүнүү, кейүү менен жазганына караганда мындай бир жагдайлар себеп да болсо керек го, деген ой келет.

  1927-1928-жылдары Кыргызстандын дыйкандарына насыя берүү РСФСРдин банктары аркылуу жүргүзүлөт. Себеби, Кыргызстан ошол жылдары Россия федерациясынын курамында эле. Айыл чарбасына насыя берүү жаатында одоно мүчүлүштүктөр кеткенине өтө нааразы болуп Ж.Абдрахманов И.Сталинге кат жөнөтөт, ошол каттан үзүндү келтирейин: "1927-1928- жылдары Кыргызстандын айыл чарбасын кредиттөөнүн баардык суммасы 44%ын түзгөн. Фрунзе кантонунун европалык улуттагы дыйкандардын колуна түшкөн. Бүткүл калктын 70%ын түзгөн кыргыздардын 20% мал чарбачылыкта, ал эми 50% мал, дыйкан-чарбачылыгына тиешелүү. Ушул кыргыздарга кредиттин 5%ы гана берилген. Бул кокустук эмес. Бул улуттук экономикалык өзгөчөлүктөрдү жеңе албаган Россия айыл-чарба банкынын кесепети" - деп эч тартынбастан таамай белгилеп жазат. Бул каты ошол кездеги Кремилдин орус шовинистериби же И.Сталиндин өзүбү басып жата берип качан гана Ж.Абдрахмановду өз элин ачкачылыктан аман алып калган иши үчүн "Хлебное дело" деп аталган айып боюнча кызматтан алгандан кийин, 1933-жылдын күзүндө ага партиядан чыгаруу маселеси көтөрүлгөндө гана белгилүү болгон. Өткөн кылымдын 20-жылдарынын акырында социализмдин жолун тандоодо Лениндик гвардия 3 топко бөлүнүп кетет. Сталиндин тобу, Троцкийчилер, Бухариндин тобу болушуп. Ж.Абдрахманов Сталинге эч жасакерленбептир, Троцкийлердин жаатына кошулбаптыр. Ал өзүнүн терең ишениминде, көз карашында социализмди курууда Н.Бухариндин тилектеш, санаалаштары М.Томский, А.Рыковдун жактоочусу болгон. Мына, ушундан уламбы, 1928-жылы Ж.Абдрахмановду Москва эл комиссарлар советинин төрагалыгын партиялык кызматка өтүүнү сунуштайт. Ушуга байланыштуу Жусуптун өзүнүн жазгандарына кайрылалы:

"Чикало менен  сүйлөштүм. (Н.Чикало большевиктер  партиясынын Борбордук комитетинин  борбордук Азия бюросунун мүчөсү). Ал мага партиялык кызматка  өтүүнү сунуш кылды. Андай болгондо эл комиссарлар советинин төрагалыгына кимди коюшмак? ЭКС төрагалыгына Эркинди (Эсенаманов) коюшпаса, партиялык кызматка өлсөм да барбайм. ЭКСте курулуштун баардык партиялык маселелери топтолгон. Башкалар уттуруп коюшат".

Жусуп Абдрахманов жогоруда эмне үчүн өзүнүн шакирттеринин ичинен бир гана Эркинбек Эсенамановго ишенип жатат? деген суроо туулбай койбойт. Буга жоопту Жусуптун дагы бир күндөлүгү мындай жооп берет:

"Эркин Эсенаманов  менен маектештим. Ал теорияны  жаттап алганы менен, практикалык жактан анда эмнегедир бир нерсе жетишпейт. Бирок, улутчулдук жайы күчтүү"

03.11.1928-ж. 

 Ушул саптардан  улам Жусуп: "Эл комиссарлар  советинин төрагалыгына, бир гана  Эркинбек жарайт" деп анын теориялык  билимине баа бербестен, анын (Эркинбек Эсенамановдун) улуткка күйгөн сапатына да баа бергендей. Чынында Э.Эсенаманов жаш болсо да, кыргыздын келечеги үчүн жашынан от жалын тартып ээрге минген, элим - деп 33 жашында бекеринен Сталиндин курмандыгы болбогон белем, кайран жигит.

  Ошол мезгилдерден бери канча суу акты, канча адам келди бул жарыкка, бирок бир да кыргыз Жусуптай "Байкуш элим" - деп күйө электей. Жусуптун кеменгерлик сапатынын бири ушул, замандаш!

 Жолдошбек  Токоев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргызымдын кыраандары

Кечир, кеменгер!

Жусуп Абдрахманов - Кыргызстандын өткөн кылымдын 20-30- жылдарында өзүнүн жемиштүү ишмердиги, таштын уюлундай уюган уюштуруучулук таланты менен өз элинин бакубатчылыгына жана улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышына зор салымын кошкон мамлекеттик жана саясий залкар ишмер... Муну эч ким тана албайт.

Ал профессионалдык  жогорку даярдыгы, жетекчи катары табигый таланты, алысты көрө билген саясий көсөмдүгү менен кескин айырмаланат. Анын Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышындагы зор салымын эч унутууга болбойт. 1922-жылы Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча эң алгачкылардан болуп демилге көтөргөн. 1924-жылы Каракыргыз автономиялуу облусун түзүү иштерин жетектеген. Кыргыз АССРине союздук республика статусун берүүнүн максаттуу жана өтө зарыл экендигин ар тараптан негиздеген. Жусуп Абдрахмановдун ошол улуу эмгеги текке кетпеди. 1936-жылы Кыргызстан союздук республика болду. Ж.Абдрахмановдун бул жеңиши - өз алдынча кыргыз мамлекетинин түзүлүшү, анын союздук республика катары статуска ээ болушу, 1991- жылы эч кандай саясий чайпалып-төгүлүүсүз Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүн жана күнкорсуздугун жарыялоонун укуктук негизи боло алды. Бүгүн биз ушуну түшүнүшүбүз керек эле. Керек болсо үстүбүздөгү жыл,  эгемендиктин 20,  Кыргыз Союздук Республикасынын 75, Ж.Абдрахмановдун 110 жылдыгынан  улам "Улуттук лидер Ж.Абдрахманов жылы" десек кана. Анте албадык... Антмек турсун азыркы жетекчилерибиздин бирөөсүнүн оозунан Жусуп деген сөз айтылбай келет...

 

 Кенжебек  Арыкбаев

 

 

 

 

 

 

Кыргыз элинин 2200 жылдан ашуун мамлекеттүүлүгүнө эгедер тарыхында Совет доору (1917-1991) өзгөчө баскыч экендиги шексиз. Бул мезгилди  кыргыздар  өзүнүн  өчүп  бараткан мамлекеттүүлүгүнүн отун кайра тутантып, байыркыдан келе жаткан кыргыз мамлекетин өз калыбына келтирүүгө  жасалган  алгачкы  кадам  катары  карасак  болот.  Кыргыздардын  тагдырындагы  бул  чоң бурулуш, элибиздин башында турган инсандардан эбегейсиз эркти, ар тараптуу билимдүүлүктү, терең акылмандыкты жана көсөмдүк зор мамлекеттик ишмердикти талап кылган. Ошол  кыргыз  совет  мамлекетинин  келечегине чын ыкластан ишенишип, өз колдору менен анын негиздерин курушкан бир далай чыгаан инсандарыбызга кыргыз эли ар дайым сыймыктанат жана алардын бай тажрыйбасын бийик баалайт. Алардын бири, жаш кезинен жетилип, атамекенине опол тоодой кызмат өтөп, бирок өмүрүнүн аягында өзүлөрү түзгөн мамлекеттик системанын курмандыгына чалынган, көрүнүктүү ишмерлеринин  бири  Жусуп  Абдрахманов экендиги  шексиз.


Информация о работе Жусуп Абдрахманов