Жусуп Абдрахманов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Марта 2013 в 14:37, реферат

Краткое описание

Бүгүнкү биздин мамлекетибиздин эгемендик алышы Жусуп Абдрахмановдой инсандардын эрдиги менен эмгегинин үзүрү эмеспи. Өткөн кылымдын башында коом өзгөрүп, улут тагдыры чечилип жаткан орчундуу кезеңде Жусуп Абдрахманов башка замандаштары сыяктуу эле Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөдө кылымга тете кызмат кылган. Жусуп Абдрахманов революциячыл процесске 17 жашар боз улан чагынан аралашкан. Кийинчерек, теги ак сөөк тукумунан болсо да, революцияга бүткүл дити менен акыр-аягына чейин чексиз берилгенин жазып кеткен.

Вложенные файлы: 1 файл

Жусуп Абдрахманов.doc

— 193.50 Кб (Скачать файл)

Кыргызстан  төртүнчү президенттин шайлоо алдында...

Жусуп XX кылымданы кыргыз элитасынын арстаны...

  Замандын оомалуу-төкмөлүлүгүнө, жарыгы жанды жалтантып турган тарыхый турмуштун талаштуу тамырына, көз караштардын Кызыл кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан, Жусуп Абдрахманов каракулак кабыландай чындык, эркиндик үчүн ак ниети менен аракеттенген. Ал 1926-жылы кыргыздардан эң алгачкылардан болуп Россия коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинде (Москва шаарында) бөлүмдүн баштапкы партиялык уюмунун секретары болуп иштеген. Ал партиялык уюмда ошол кездеги СССРди башкарып турушкан И.В.Сталин, В.М.Молотов, К.Е.Ворошилов ж.б. болгон. Жусуп Абдрахманов тайманбас, коркпос, жүрөгүндө жалы бар, оозунда оту бар көк жал экендигин анын И.В.Сталинге жазган каттары, Түркестандын, Кыргызстандын партиялык уюмдарынын Орто Азиялык, Республикалык жыйындарында сүйлөгөн жагымдуу үндөрү, 1928-1931-жылдарда жазган "күндөлүгүндөгү" райондук, областык, Россиялык жана бүт Советтер Союзунун ар кандай жетекчилерине берген так, таасын мүнөздөмөлөрү далилдейт. 1927-жылдын март айында жаңы түзүлгөн Кыргыз автономиясынын Эл комиссарлар Советинин (өкмөтүнүн) төрагалыгына дайындалышы Жусуп Абдрахмановдун эс тартып, элдин кызматына келгенден бери кыргыз мамлекетүүлүгү үчүн жандуу күрөшүнүн туу чокусу болду. Анда болгону ал 26 гана жашта экен.

  Кыргыздардын өз алдынча мамлекет болуу үмүтү кылымдардан бери биринчи жолу 1924-жылы 18-октябрда РСФСРдин курамына уюшулган Кара-Кыргыз автономиялык облус болгон. Орто Азия элдеринин ортосунда улуттук бөлүнүү, алардын ортосундагы чек араларды тактоо айгышкан талаш тартыштардын, элдешпес күрөштөрдүн болушу менен коштолгон. Ошого карабастан, Кара-Кыргыз автономиялык областынын РСФСРдин курамына уюштурулушу "улуттук бөлүнүүгө", кыргыздардын уруулук бөлүнүшүнө карабастан, бирдиктүү бүтүндүккө айланышына, туруктуу аймагы болгон экономикалык, маданий жалпылык болуу менен мамлекеттүүлүктүн советтик түрлөрүнүн жогорку деңгээлине республикага жана союздук республикага айлануу мүмкүнчүлүгүнө эшик ачылган. Мындай болоорун ошол кездеги партиялык-мамлекеттик элитанын арасынан Жусуп Абдрахманов ачык түшүнгөн жана акылын, күчүн, партиялык тажрыйбасын, кызматка байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн ошону ишке ашыруу үчүн күрөшкөн. Арадан 16 ай өткөндөн кийин, 1926-жылы 1-февралда Кыргыз автономиялык областы ("Кара Кыргыз" деген түшүнүк 1925-жылдын май айынын аягында алынып ташталган) Кыргыз автономиялык Советтик Социалистик Республикасы болуп кайра түзүлгөн жана анын өкмөтүнүн төрагалыгына Жусуп Абдрахманов дайындалган. Республикалык наам мамлекеттүүлүктү жаңы деңгээлге көтөрүү менен мамлекеттин сапаттарына - атап айтканда Конституцияга, башкаруунун мамлекеттик уюмдарына, жарандардын укугун, эркиндигин аныктоого жана улуттун бүтүндүгү катары өнүгүшүнө ээ болгон.

 

        Тарых барагында

Каардуу 1932-1933-жылдар

  XX кылымдын 30-жылдары эң катаал жылдардан болгон. Ачарчылык, ачкачылык кошуна казак элин адегенде каптаган. Отузунчу жылдардын башында Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ар жак-бер жагы жалаң ачкалыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кеткенин акын, улуу инсан Кубанычбек Маликовдун аңгемелеринен бир канча жолу уккан элем. Ачкачылыкта канча казак өлгөнү эмдигиче тактала элек. Америкалык белгилүү адис Марты Олкотт "Социалдык өткөндүн жалганы: Орто Азиянын казактары" деген китебинде ачкачылыкта эки миллионго жакын казак өлгөнүн жазат. Казак окумуштуусу, демограф Макаш Татимов 1930- жылдын башында жалпы казактардын саны 4 миллион 120 миң болгонун, ошолордун ачкачылыктан эки миллионго жакыны же жалпы казактардын 49% каза болгонун эсептеген. (Караңыз: М.Б.Татимов "Социальная обусловленность демографических процессов". Алма-Ата 1989, 122-124-беттер) кошуна боордош казак элинин трагедиялуу абалы кыргыздарга да келиши толук мүмкүн эле. Бирок, Жусуп Абдрахманов жалпы элин ачарчылыктан сактап, (Ошол эле учурда биздин аймака ачкачылыктан каптап келген казак элин да) XX кылымдын биринчи жарымында Үркүндөн кийинки экинчи жолу көпчүлүктүн кырылып, жок болуп кетүү коркунучунан алып калган. Мындай баатырлык жүрөгүндө жалы, көзүндө оту, колунда кубаты, мээсинде акыл-эси бар, эли үчүн жанын аябаган, миңдеген жылдарда бир жарала турган инсандын гана колунан келет турбайбы! Жанын элине берген!

  Жусуп Абдрахманов өкмөт башчысы болуп кыйын, катаал убакта 6,5 жыл иштеп, Совет доорундагы өкмөт башчыларынын арасынан эң көп мөөнөт иштегендердин бири. 1919-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрь айына чейин 14 жылдын ичинде Кыргызстанда, Казакстандын Талды-Коргон, Алма-Ата, Жети-Суу аймактык бирикмелеринде, Москвада Коммунистик партиянын Борбордук Комитетинде кийин 6 жыл 6 ай кыргыз өкмөтүнүн башчылык кызматында эмгектенип, кайда гана жүрбөсүн, кандай гана макала-изилдөөлөрдү жарыялабасын, кайсы гана трибунада сүйлөбөсүн бардык жерде кыргыздын эркин мамлекет - улут болуп өнүгүү маселелерине жүрөгүн өйүткөн, акылын жумшаган, ой-толгоосун токтотпогон.

Кыргызстан  эмнеден аксап жатат?

21 жыл илгери  эл аралык тышкы күчтөр (АКШ)  СССР державасын "оксуз" талкалагандан кийин кыргыз эли эгемендүүлүк деген эйфорияга берилип, өзүнүн келечектеги жолун издөөнүн ордуна сырткы кыйраткыч күчтөрдүн жетегинде калды. Экономикада рыноктук "мамиле" деген лозунгдун алдында элдин 70 жылда жыйнаган байлыгын бир ууч ачкөздөр тоношту. Өлкөдө жумушсуздук каптап, эл тентиди. Улуттун баалу нарк-насилдери эбегейсиз деградацияланды. Бул баалулуктардын ордун догматикалык "адам укугу", "демократия", "жеке менчик" деген сыяктуу түшүнүктөр ээлеп алды. Социалдык теңсиздик орноду. Бийлик чөйрөсүнө мекенчил сезими, интеллектуалдык деңгээли тайкы, сырткы күчтөрдүн камчысын чапкан "бизнесмен" аталган "Алдаркөсөлөр" толуп алды.20 жылдан бери 30-40тай адам элди жүзү каралык менен алдашып, бийлик бутактарынан кетишпей калышты. Ушундай терс таасирлердин кесепетинен бир кезде кең Азияда ат ойнотуп, душманына кылыч ойнотуп келген, "түгөнгөн сайын түтөгөн" кыргыз улутунун эртенки келечеги арабөк алдында турат. Ушунун баары кыргызды жок кылуучу антиидеология экендиги талашсыз. "Айгай-пресс" гезити ар бир санында чыркырап жазгандай, бийликтин түркөй саясатынан улам М.Ганди менен М.Кемелдин катарында турчу, кыргыз мамлекетин түптөгөн, 1933-жылы улуу ачкачылыктан элин сакташ үчүн өз өмүрүн өлүмгө сайган улуттун кеменгери Ж.Абдрахманов унутта калып, уруунун деңгээлиндеги билермандарды даңазалап жатат. Чынында Ж.Абдрахманов өзүнүн кыска өмүрүндө иши, мекенчил улутчулдугу менен улуттук идеологиянын нугун салган. Кийинкилер ал нукту чаап, улап кете алган жок. Армян эли 1915-жылкы түрктөрдүн жасаган геноцидин алигиче улуу трагедия катары жыл сайын эскерип, ошол Түркия мамлекети менен алигиче элдешпей кектеп келишүүдө. Еврейлер Экинчи Дүйнөүк Согуштун учурундагы Холохоситогу фашисттик кыргынды жыл сайын дүйнө боюнча эскеришет. Кыргыз бийлиги жыл сайын 2001-жылы 11-сентябрда болгон теракты АКШ элчилигине барып гүл коюп аза күтүшөт. АКШ болсо 1916-жылкы Россия падышачылыгынын кыргыз геноцидине түкүрүп да коюшпайт.  Демек, өйдөкүлөр канчалык өз "осуяттарын" айткан менен өлкө бийлигине Ж.Абдрахмановдун өрнөгүн улаган инсандар келмейин, улуттук идеология жөнүндө маселе көтөрүү мүмкүн эмес.

        Улуттук жол...

 Жусуп Абдрахманов  кыргыз мамлекетинин архитектору,  пайдубалын түптөгөн, өсүп-өөрчүшүнүн  багыттарын белгилеген, Кыргызстан  калкынын ынтымак-биримдиги, эл - журтунун, жеринин бүтүндүгү жана кемибестиги жөнүндө такай кам көргөн нагыз көсөм, даанышман, акыйкатчыл өз заманынын улуу саясий-мамлекеттик ишмери, калктын лидери болгон!

  Демек, бүгүн кандай болгон учурда да, Жусуп Абдрахмановго өзүнүн ак эмгегине жараша мамиле жасалууга тийиш.

 Бул тирүүлөр  үчүн, мекенчилдик сапат касиеттердин  өсүп келе жаткан муундарга  калыптанышы, жаш Кыргызстан мамлекетинин  ар тараптан дүркүрөп өнүгүшү  үчүн керек! 

            Жусуп Абдрахманов:

           "Менин шордуу элим!"

  Мындан туура 87 жыл илгери: "Менин шордуу элим" - деп жазган экен кайран Жусуп, кыргыздын тагдырына күйүп - бышып. Сыягы ал: кыргыз элинин 1916-жылкы трагедиясына, өзүнчө мамлекет болбой дагы эле Россияга баш ийип калганына, ошол Москвага баш ийсе да казак, өзбек, түркмөн, тажик элдерине теңеле албай, кыргыздын басынганына көңүлү эзилип күйсө керек. Себеби, кыргыз сыяктуу эле экономикасы артта калган сабатсыз, караңгы өзбек эли 1924-жылы өзүнчө союздук республика, өзбек эли сыяктуу эле эч бир техникасы жок дыйканчылык менен күн көргөн тажик эли, көчмөн казак, түркмөн эли ошол 1924-жылы Автономиялык республика болуп өзүнчө статуска ээ болуп жатканда биз Кара-кыргыз областы деп аталып турган элек. Ошондо Жусуп кыргыз элинин өзбек эли сыяктуу союздук республика болуп аталышы үчүн өмүрүн сайган өжөрлүү күрөшкө чыккан.

 

 

 

 

Бишкек, 16-декабрь, 2011-жыл (КТРК). Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдырахмановдун 110 жылдыгына арналган “Инсан жана доор” аттуу илимий-практикалык  конференция бүгүн болуп өттү.

1937-38-жылдары  репрессиянын бейкүнөө курмандыгына  кабылган кыргыздын каймактарын  унутта калтырбоо керектигин  тарыхчы, адабиятчы жана серепчилер  белгилешти. Конференцияда Жусуп  Абдрахмановдун саясий ишмердүүлүгүн  чагылдырган макала, китеп жана сүрөттөр көргөзмөгө коюлду.

Абдырахманов 1901-жылы Ак-Суу районунда туулган. 1934-жылы Совет өкмөтүнө чыккынчылык кылып, бөлүп-жаруу иштерин уюштурган  делип камакка алынып, 1938-жылы атууга кеткен. Бирок 1956-жылы СССРдин Жогорку  Сотунун чечими менен акталган.

Академик Аскар  Какеев: “Жусуп Абдрахманов кыргыз эли деп күйүп-жанган патриот  инсан. Ал бир гана кыргыз эли эмес, бүткүл элдин боштондугу, адилеттүүлүгү  тууралуу таамай оюн ортого салган омоктуу жаран болчу. Дагы да анын ачыла элек чыгармачыл иштери толтура десем болот”.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жусуп  Абдрахманов

Кыргыз элинин 2200 жылдан ашуун мамлекеттүүлүгүнө  эгедер тарыхында Совет доору (1917-1991) өзгөчө баскыч экени шексиз. Бул  мезгилди кыргыздар өзүнүн өчүп бараткан мамлекеттүүлүгүнүн отун кайра тутантып, байыркыдан келе жаткан кыргыз мамлекетин өз калыбына келтирүүгө жасалган алгачкы кадам катары карасак болот. Кыргыздардын тагдырындагы бул чоң бурулуш, элибиздин башында турган инсандардан эбегейсиз эркти, ар тараптуу билимдүүлүктү, терең акылмандыкты жана көсөмдүк зор мамлекеттик ишмердикти талап кылган. Ошол кыргыз совет мамлекетинин келечегине чын ыкластан ишенишип, өз колдору менен анын негиздерин курушкан бир далай чыгаан инсандарыбызга кыргыз эли ар дайым сыймыктанат жана алардын бай тажрыйбасын бийик баалайт. Алардын бири, жаш кезинен жетилип, Атамекенине опол тоодой кызмат өтөп, бирок өмүрүнүн аягында өзүлөрү түзгөн мамлекеттик системанын курмандыгына чалынган, көрүнүктүү ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов экендиги шексиз.  Ушул жаркын инсаныбыздын туулганына быйыл туура 110 жыл толмокчу.

         Бала чактан – эр жигиттикке

Жусуп 1901-жылы 23-декабрда Күнгөй Ак-Суу болушунун (азыркы Ысык-Көл  облусу) Чиркей айылында болуш Абдрахман  Балпановдун үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Балпан Утегенов 1900-жылы 2-июлда 55 жаш курагында Ысык-Көл уездинин Күнгөй Ак-Суу волостунун № 7 айылынын бийи болуп шайлангандыгы жөнүндө документалдык архив дареги сакталып калыптыр.

Абдрахман алгач уулун жергиликтүү 3 класстык орус мектепке берип, аны эң жакшы баалар менен аяктаган соң, 1914-жылдан Караколдогу шаардык башталгыч жогорку окуу жайында окуткан. Бирок кыргыз элинин Россиянын оторчулук эзүү саясатына каршы 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө байланыштуу, бул окуу жайын таштоого туура келген. Эркиндик максатына жете албай, Кытай тарапка чегинип качкан, тууган эли менен бара жатып каардуу «Тузашуу» белинде өзүнүн атасы, энеси, агасы жана башкалар болуп 7 эң жакын адамынан айрылып, кабыргасы кайышып, жакырчылыктын азабын өз башынан өткөзүп, эрте чыйралган.

Россияда 1917-жылы февралда орус падышасы Николай II тактан кетип, князь Львов баш болгон буржуазия өкүлдөрү бийликке келери менен Кытайдагы кыргыз качкындарына өз жерлерине келүүгө шарт түзүлгөн. Жусуп иниси менен алгачкылардан болуп Караколго, Кыргызстанга кайтып келген. Бул жерде орус-аскер гарнизонунда кара жумуш аткарып жанын баккан. Орус офицерлеринин бири аны Верный (азыркы Алматы) шаарына ала барган. Жусуптун жаңы турмушка алгачкы кадамы большевиктердин Верныйда уюшулуп жаткан Морозов жетектеген Кызыл Гвардиясына кирүү менен башталган. Өзүнө тың жана билимдүү, 17 жашар кызыл гвардиячы тез эле эскадрондун командиринин жардамчысы болуп дайындалган. Жети-Суу фронтунда Мамонтов-Кихтенконун отрядында ак гвардиячыларга каршы салгылашкан. Бир аз өтпөй, ал 1919-жылы командалык курстарда, адегенде Верныйда, анан Ташкентте окуп келген. Ошол эле жылы Россиялык Коммунисттик (большевиктер) партиясынын  (РКП б) катарына кабыл алынат. Тилекке каршы, Жусуп ооруга чалдыкканына байланыштуу  тез эле аскердик кызматтан баш  тартууга мажбур болгон. Анткени менен жаш коммунист Түркстандын саясий турмушуна ого бетер баш-оту менен чөмүлгөн. Ошол эле 1919-жылы ал жаңыдан уюшулган Россиялык Коммунисттик Жаштар Союзунун (комсомол) Түркстан бюросунун Президиум мүчөлүгүнө шайланган. Кийин жаштар союзунун ар кайсы жыйындарына катышып, Түркстан крайынын, анын ичинде Кыргызстан комсомол кыймылын уюштурууда жигердүү эмгектенген. Өзгөчө белгилөөчү нерсе, 1920-жылы Москва шаарында Лениндин жаштарга айткан маңыздуу «Окуу, окуу жана окуу» деген насааты астында болуп өткөн жана Россия комсомолунун программасын кабылдаган даңазалуу Россиялык Коммунисттик Жаштар Союзунун III съездине Жусуп да катышып, Владимир Ильич менен көзмө-көз маектешкен.

Кыргыз  мамлекетин кайрадан түптөө жолунда

1920-жылдардын  башталышында Ж. Абдрахманов партиялык ишке өтүп, Түркстан Компартиясынын Алматы, Копал, Талды-Коргон, Пишпек, Каракол уезддик-шаардык комитеттеринин жооптуу кызматтарында эмгектенип такшалган.

Жусуп Абдрахмановдун Каракол уезддик-шаардык коммунисттик партия комитетинде иштеген мезгили жер-суу реформасынын (орус колонизаторлору ашыкча ээлеп алган кыргыз жерлерин кыргыздарга кайрып берүү иш-чаралары) жана жаңы экономикалык саясатты жайылтуу мезгилине туура келген. Жети-Суу облусунун бардык уезддеринин ичинен жалгыз гана Каракол уездинде жер-суу реформасы нааразычылыксыз пландуу өткөрүлгөн экен. Бул жерде азык-түлүк салыгынын маңызынын жана принциптеринин одоно бузулуп жаткандыгын изилдеп чыгып, салык түтүнгө бөлүнүп, мурунтан бери дыйканчылык кылган келгин орус-украин чарбаларга караганда жерге жаңы гана ээ болгон кыргыздарга оорчулук тартып жаткандыгын көрүп, Жети-Суу обкомунун алдына маселе коюп, азык-түлүк салыгын түшүмдүүлүккө жараша белгилөөгө жетишкен. 1924-жылы март айында Түркстан Компартиясынын Борбордук аткаруу Комитетинин жооптуу катчылыгына дайындалган. Ушул мезгилде Түркстан Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасын (ТАССР) улуттук мамлекеттерге жиктүү жөнүндө ССР Союзунун жогорку органдары чыгарган чечим актыларынын негизинде кыргыз эли өзүнүн улуттук (социалисттик) мамлекетин кайра жаратууга мүмкүнчүлүк алды. Бул ишти аткарыш үчүн атайын Россия Социалисттик Федеративдүү Республикалар Союзунун (РСФСР) Кара-Кыргыз автоном облусунун Ревкому түзүлүп, анын төрагасы болуп Иманалы Айдарбеков дайындалган. Михаил Каменский, Рахманкул Кудайкулов, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев жана башкалар мүчөлүгүнө бекитилишкен. Орто Азия калктарынын улуттук мамлекеттерин кайра жаратып түптөө боюнча зор уюштуруу иштери жүргүзүлгөн мезгилде Кара-Кыргыз автоном облусунун борбор шаарын тандоодо көп сунуштар айтылып, кээ бирөөлөрү Кочкор, Жалал-Абад дешсе, Жусуп Ташкент шаары болсун деген ойду айткан экен. Ошол учурда, жаңы уюшулуп жаткан өзбек мамлекетинин борбор шаары Самарканд болот, ал эми  казактар болсо өз өлкөсүнүн борбору кылып Оренбургду белгилейбиз деп турушкандыктан, Жусуптун бул ою кандайдыр бир деңгээлде жүйөлүү эле. Анткени тарых күбө болгондой, өткөн кылымдарда Ташкентте жана анын тегерегинде кыргыздар жашаган, ал эми кыргыздан чыккан ишмерлер анын башкаруучулары болгон. Алсак, XVII кылымдын биринчи жарымында жашаган казак ханы Эшимдин (биздин санжырачылар аны кыргыздардын саруу уруусунан деп айтышат) досу кыргыздын багыш уруусунан чыккан Көкүм бий Ташкентте башкаруучу болуп туруп көз жумган. Анын сөөгү чоң урмат менен бул шаарда көмүлүп, мүрзөсүнө кооз күмбөз курулган. Аны жергиликтүү калк кастарлап «Көкүмдүн көк күмбөзү» деп атаган. XX кылымдын башында да ал өз келишимдүү турпатын жоготкон эмес. Андан кийин, XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыздын кара багыш уруусунан чыккан Алимбек ысымдуу адам Кокон ханы Мухаммедалинин (1822-1841-жж. бийликте болгон) ишеничи менен Ташкенди башкарып турганын тарыхый булактар тастыктайт. Кыргыз мамлекетин кайра жаратуу боюнча уюштуруу иштеринин жүрүш мезгилинде ушул Ревкомдун мүчөлөрүнүн бири-бири менен жакшы тил табышпагандыгы ачык-айкын байкалган. Өзгөчө ушул учурда жетекчилик бийликке умтулууданбы, айтор, эки жааттык күрөш пайда болуп, бир тарабы (Р. Кудайкулов, Д. Бабаханов) Кара-Кыргыз автоном облусунун Кыргыз (Казак) АССРнин составында биргелешүүнү жактаса, экинчи тобу (Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков, И. Арабаев) РСФСРдин курамында болууну колдоп чыгышкан.

Информация о работе Жусуп Абдрахманов