Жусуп Абдрахманов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Марта 2013 в 14:37, реферат

Краткое описание

Бүгүнкү биздин мамлекетибиздин эгемендик алышы Жусуп Абдрахмановдой инсандардын эрдиги менен эмгегинин үзүрү эмеспи. Өткөн кылымдын башында коом өзгөрүп, улут тагдыры чечилип жаткан орчундуу кезеңде Жусуп Абдрахманов башка замандаштары сыяктуу эле Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөдө кылымга тете кызмат кылган. Жусуп Абдрахманов революциячыл процесске 17 жашар боз улан чагынан аралашкан. Кийинчерек, теги ак сөөк тукумунан болсо да, революцияга бүткүл дити менен акыр-аягына чейин чексиз берилгенин жазып кеткен.

Вложенные файлы: 1 файл

Жусуп Абдрахманов.doc

— 193.50 Кб (Скачать файл)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ

 

1901-жылы 28-декабрда Ак-Суу районундагы Чиркей айылында туулган.Орус-тузем мектебинин 3-классын Сазановка (Ананьево) айылынан бүтүргөн.Бул мектепте К.Тыныстанов, А.Жээнбаев, Т.Забировдор окушкан. 1914-жылы Караколдогу баштапкы окуу жайда окуп, 1916-жылы Үркүндүн айынан окубай калган. Үркүндө 7 бир тууганы, ата-энеси каза болот.        1917-жылы Кытайдан келип, ар кимге жалданып иштеген. 1919-жылы Кызыл Гвардиянын катарына өтөт. 1919-жылы декабрь айында оорусуна байланыштуу аскер кызматынан бошоп калат. 1919-жылы Түркстан комсомолунун Президиумунун мүчөсү. 1920-жылы РКСМдин III съездинин делегаты. 1920-жылы Пишпек уездик комитетининуюштуруу бөлүм башчысы. 1924-жылы 24-мартта Түркстан ЦИКтин жооптуу секретары. 1924-жылы ноябрь Облпартбюронун экинчи секретары. 1925-жылы Москвада (ЦК РКП) инструктор. 1927-жылы облисполкомдун орун басары. 1927-1933-жылдары облсовнарком, председатель. 1933-жылы сентябрда ЦК РКП (б) бюросунда иштен бошотулат. 1933-жылы октябрда партиянын катарынан чыгарылат. 1934-жылы 4-апрелде камакка алынат.

Коюлган күнөө: Совет өкмөтүнө чыккынчылык менен бөлүп-жаруу иштерин уюштурган. «Социал-Туран» партиясына катышкан. Совет өкмөтүн кулатуу жана Кыргызстанды союздан бөлүп чыгып, улутчул-буржуазиялык бийликти орнотуу менен Англия мамлекетине жармакташууну көздөгөн.

1956-жылы СССРдин  Жогорку Сотунун согуш коллегиясынын  чечими менен акталган.  1938-жылы 5-ноябрда атылган.

XX кылымдын башында  кыргыз калкынын бакты-таалайына  жарк этип жанып, тоталитардык  режимдин кандуу капшабынан күлгүн жаш курагында кырчындай өмүрү жазыксыз кыйылган Жусуп Абдрахмановдун ысымы көп жылдар бою айтылбай да, жазылбай да келген. Элибизди эгемендикке жеткирген азыркы эркин заманда биз Жусуп Адрахмановдой эрте өчкөн «көмүскө» жылдыздарыбызды кайрадан жандырууга мүмкүндүк алдык.

1996-жылы баш  калаабызда кыргыз мамлекетин  негиздөөчүлөр үчүн аллеясы ачылып, эң биринчилерден болуп Жусуп  Абдрахмановдун эстелик айкели  тургузулган. Баш калаабыз Бишкектин  Совет көчөсүнө анын ысымы  ыйгарылып, өнүп-өскөн кичи мекени Караколдо да айкели орнотулду. Бүгүнкү биздин мамлекетибиздин эгемендик алышы Жусуп Абдрахмановдой инсандардын эрдиги менен эмгегинин үзүрү эмеспи. Өткөн кылымдын башында коом өзгөрүп, улут тагдыры чечилип жаткан орчундуу кезеңде Жусуп Абдрахманов башка замандаштары сыяктуу эле Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөдө кылымга тете кызмат кылган. Жусуп Абдрахманов революциячыл процесске 17 жашар боз улан чагынан аралашкан. Кийинчерек, теги ак сөөк тукумунан болсо да, революцияга бүткүл дити менен акыр-аягына чейин чексиз берилгенин жазып кеткен. Совет бийлигинин курамындагы кичинекей Кыргызстан, азып-тозгон кыргыз журту өзүнчө эл катары сакталып, эртеңине ээ болуусуна зор мүмкүндүк аларын эң сонун түшүнгөн. Жусуп Абдрахманов элибиз эзелтен эңсеген эркиндикке жетүү үчүн небак колдон учкан мамлекеттүүлүктү кайрадан калыбына келтирүү зарылдыгын көрө билип, кыска өмүрү ушул асыл үмүт тилекти жүзөгө ашырууга арналган. Ушундай улуу максатка баш байлаган көкжалдыгы, заманынан озгон орус-батышчыл билимдүүлүгү, инсандык жана терең интеллектуалдык негизге таянган иш билги жетекчилик сапаттары, улуттук адис кадрлар аябай тартыш тарыхый-турмуштук кырдаал аны бүткүл Түркстан аймагынын атактуу лидерине айлантты.

XX кылымдын 20-жылдарынын  башында Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы  Арабаев жана башкалар менен бирдикте Жусуп Абдрахманов Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу кара Кыргыз автоном областын куруу идеясын көтөрүп чыккан. Бул идеяны көтөрүүдө алар төмөнкү үч нерсени эске алышкан: Биринчиден, Түркстан аймагынын ар кайсы тоо этектеринде көчмөн жашоо кечирген кыргыз урууларынын башын бириктирүү керек болгон. Экинчиден, эрки чектелүү болсо да, өзүнчө область катары баш кошкон элибиз үчүн муну менен социалдык-экономикалык жана рухий- маданий жактан өз алдынча өнүгүүгө, жергиликтүү кыргыз кадрларын өстүрүүгө өбөлгө түзүлмөк. Үчүнчүдөн, ошо кезде Орто Азияны улуттук-аймактык принципте жиктөө маселеси жаңыдан козголуп жаткан. Мындай коомдук жагдай-шартта Тоолук Кыргыз автоном областы болочоктогу улуттук-мамлекеттик түзүлүшүбүзгө омоктуу негиз болмок. Бирок, Жусуп Абдрахманов менен Абдыкерим Сыдыков башында турган кыргыз саясатчыларынын бул демилгеси биздин калкыбыздын өзүнчө журт сыпатында өсүп-өркүндөшүн анча каалабаган Түркстан Республикасынын айрым жетекчилери менен кай бир жергиликтүү бийлик төбөлдөрү тарабынан каршылыкка учураган. Калкыбыздын өзүнчө кереге калап, түндүк көтөрөйүн деген асыл тилеги, аны жүзөгө ашырмакчы болгон Жусуп Абдрахмановдой азаматтарыбыздын аракети канчалык азап-тозок, кандай гана драмалуу окуялар менен коштолгон. Алсак, 1922-жылдын 4-июнунда чакырылган Тоолуу Кыргыз областынын уюштуруу съездинде жер-жерге, уруу-урууга бөлүнүп, араздашкан делегаттардын арасында мушташ чыгып, натыйжада Сталиндин түздөн-түз көрсөтмөсү аркылуу съезд таркатылган. Сталиндин буйругу менен таратылган съездден кийин Тоолуу Кыргыз областын түзүү аракетине буржуазиячыл улутчулдуктун көрүнүшү, ага демилгечи болушкан Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана Жусуп Абдрахмановдорго буржуазиячыл улутчулдар деген жалган жалаа тагылган. Бирок, ушундай өтө опурталдуу саясий айып тагылганына карабай, эли-журтунун тагдыры үчүн кара башын канжыгага байлап, беттеген максатынан кайткан эмес. 1924-жылдын январында Түркстан автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы Советтеринин XII съездинин бүт кыргыз делегаттарын уюштуруп, алар Москвага атайын кат менен кайрылышкан. Катта партиялык жана мамлекеттик бийликтин борбордук аппаратына Түркстанда өзбектер, тажиктер, кайсак-кыргыздар менен жанаша өмүр сүргөн дагы бир улут  кара кыргыздар бар экендиги белгисиз бойдон калып жаткандыгын кабарлашкан. Мындай акыбалды тилиндеги, жашоо мүнөзүндөгү, чарба жүргүзүүдөгү окшоштуктарына карап, европалыктар кайсак-кыргыздар менен кара-кыргыздарды бир улут катары кабылдап жүргөнү менен байланыштырышкан. Түркстандык айрым жетекчилердин кара-кыргыздар менен кайсак-кыргыздарды бириктирип, бир улутка айландыруу аракети катуу сынга алынган. Каттын авторлору, биринчиден, кыргыздардын ушундай «белгисиз» абалына байланыштуу алар жашаган көпчүлүк аймактар социалдык-экономикалык жана саясий иш-чаралардан сыртта калганына басым жасашкан. Анткени, область түгүл, уездик башкаруу аппараттарын кураганда да улуттук фактор эске алынган эмес. Экинчиден, кара-кыргыз маданиятын көтөрүү милдети партия тарабынан да, Совет бийлиги тарабынан да талаптагыдай жолго коюлбай жатканына тынчсызданышкан, Үчүнчүдөн, караламан кара-кыргыз эмгекчи өкүлдөрүн партиялык-мамлекеттик кызматка тартуу иши өтө солгун болуп жатканына жогорку партиялык жана мамлекеттик органдардын көңүлүн бурууга далалат жасашкан. Кыргыз элинин өз алдынча өнүгүшүнө шарт түзүү максатында алар коммунисттик партиядан кара кыргыздарды башка улуттар — өзбектер, түркмөндөр, тажиктер, кайсак кыргыздар менен бир катарда өзүнчө улут катары таанууну талап кылышкан. Кара кыргыз эмгекчилеринин өкүлдөрүн партиялык жана мамлекеттик бийлик органдарына кеңири тартуу маселесин коюшкан. Кара кыргыз калкынын арасында алардын өз эне тилинде маданий-агартуу иштерин жүргүзүү үчүн, окуу куралдарын чыгарууга мамлекеттик каражат бөлүүнү өтүнүшкөн. Кыргыз автоном областын куруу үчүн болгон кызуу күрөштүн экинчи этабында жергиликтүү советтик партиялык жетекчилердин ортосунда Кара Кыргыз автоном областы кайсы республиканын карамагында болушу керек деген маселеде курч карама-каршылык келип чыккан. Худайкулов баш болгон бир тарабы жаңы областтын казак калкынын курамында курулушун жактаган. Бул кыргыз журтчулугун акырындап жүрүп олтуруп, өз алдынча элдигин жоготуусуна кириптер кыла турган өтө тобокел жол экенин Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана Жусуп Абдрахманов дароо баамдашкан. Андыктан, алар областыбыздын РСФСРдин карамагында болушу үчүн кара жанын карч уруп кармашышкан. Ошентип, Жусуп Абдрахманов баштаган топ жеңишке жетишип, 1924-жылдын 14-октябрында Советтердин бүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитети РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автоном областын түзүү жөнүндө тарыхый токтом кабыл алган. Жусуп Абдрахмановдун жана анын жаншерик пикирлештеринин кыргыз элибиз кылымдар бою эңсеп келген өз өлкөсүнө ээ болуу максатын жүзөгө ашыруу үчүн жүргүзгөн баатырдык күрөшү ушундайча байсалдуу аяктаган.

Бүгүнкү эгемендигибиздин пайдубалы дал ошол күнү түптөлүп, Жусуп Абдрахмановдун жаштык жалынын  берип, жан сабаган аракетинин алгачкы  акыбети кайткан. Жогорудагыдай  айыгышкан тирешүүлөрдүн айынан 1925-жылдын март айында болуп өткөн биринчи областтык партиялык конференцияда Жусуп Абдрахманов обкомдун курамына да, өз билим, тажрыйбасына ылайык башка бийлик кызматына да шайланбай калган. Ал бүткүл Россиялык коммунисттик большевиктер партиясынын Орто Азия бюросунун демилгеси менен Ташкенте чакырылып, уюштуруу бөлүмүнүн орун басар жетекчиси, ал эми 1925-жылдын августунан 1926-жылдын апрелине чейин Москвада РКП(б) Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеген. Бул зор өлкөнүн башкаруучу партиясынын борбордук аппаратында кыргыз элинин өкүлү кызмат өтөгөн эң биринчи саамалык болгон. Партиялык жана Советтик бийликтин ушундай эң бийик баскычтарында эмгектенген убактарында Жусуп Абдрахманов жаңыдан жаралган Кыргыз автономиясын андан ары бекемдеш үчүн белсене киришкен. Натыйжада, 1925-жылдын май айынын акырында РСФСР Борбордук Аткаруу Комитетинин токтому менен Кара Кыргыз автоном областы Кыргыз автоном областы болуп аты өзгөртүлгөн. 1925-жылдын 25-27-ноябрында Кыргыз автоном областынын аткаруу комитетинин III сессиясы Кыргыз автоном областын автономиялуу республика кылып кайта түзүүнү жарыялаган. 1927-жылдын 7-мартында Кыргыз АССР Советинин биринчи уюштуруу съезди ачылган. Съезд Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгү тууралуу Декларация кабыл алып, Борбордук Аткаруу Комитетин шайлаган. 1927-жылдын 12-мартында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин биринчи сессиясында анын алгачкы төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланып, Республиканын Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп Жусуп Абдрахманов бекитилген. Ошону менен 26 жаштагы Жусуп Абдрахмановго жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түп негизин иш жүзүндө түптөө боюнча тарыхый зор жоопкерчилик жүктөлгөн. Мына ушул аскар тоодой милдетти аркалап, биринчи Кыргыз Өкмөтүн жетектеп турган чагында өз алдынча ой жүгүртө билген билимдүү көсөм катары Жусуп Абдрахманов жаңыдан уюшулган улуттук мамлекеттик түзүмдөрдүн автономиялык укуктары чындыгында бир кыйла чектелгендигине, элеттик четжакалардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктары менен тарыхый-маданий нарк-нускалары көп учурда этибарга алынбай, улут саясатында утилитаризм арааны үстөмдүк кыла баштаганына көзү жетип, ынана берген. Ушундан улам ал элинин ар-намысын жана улуттук-мамлекеттик укук-таламдарын тайманбай талашып келген демейдеги атуулдук күрөшүн кайрадан жаңы күч-кайрат менен улантууга мажбур болгон. 1920-жылдардын акырында, 30-жылдардын башталышында Кыргыз Автономиялуу Республикасы конституциялык-укуктук жагынан РСФСРга, экономикасынын мүнөзү жана географиялык жайгашуу жагдайы боюнча Орто Азия бийликтерине, ал эми саясий жактан жалпы Союзга көз каранды болгон үч кабат баш ийүүдө калган. Мындай абал жергиликтүү партиялык-советтик органдардын ишин, республиканын чарбалыкжана маданий өсүп-өнүгүшүн кыйындатып, практикада улут саясатынын бурмаланышына алып келген. Буга байланыштуу Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Жусуп Абдрахманов эки ирээт Сталиндин өзүнө кат менен кайрылып, көрсөтүлгөн кыйчалыш кырдаалдан чыгуунун бир аргасы Кыргыз АССРин Союздук республикага айландыруу экенин далилдеген. Кыргызстандын тышкы саясий мааниси жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен бирге калкынын 70 пайызы кыргыздардан турарын, 800 чакырымдан ашык аралыкта республика Батыш Кытай менен чектешерин баса белгилеген. Көрүнүп тургандай, Жусуп Абдрахмановдун баталгага баш байлап, улуттун тагдыры үчүн жеке турмушун тобокелге салып, тоталитардык системанын терс жактарын сындап, Сталиндин өзүнө тайманбай кат жазуусу чексиз эрдикти талап кылган. Жалпы жагдайы Кыргызстандан эч айырмасыз коңшу Тажикстан менен Түркмөнстан союздук республика статусун жыйырманчы жылдардын кап ортосунда эле алганына карабастан, Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы Сталинге жазган катындагы бул демилге кийин анын ашынган улутчулдугу катары бааланган. Акыры , 37 жашка жетпеген кырчын талдай курагында жылдыздай жанган жазыксыз жаш өмүрү өчүп, репрессия курмандыгы болгон. Азыр эрксизден эмне үчүн тоталитардык бийлик алды менен ушул Жусуп Абдрахмановдой көйкашка, көсөм адамдардын көзүн тазалаган деген суроо туулат. Демек, элди улуттук ар-намысы менен улуттук кадыр-касиетинен ажыратыш үчүн аны дээрин суутуп, рух-маданиятын жана акыл-парасатын жоюу керек болгон. Ошон үчүн ар бир элде өз улутунун интеллектуалдык рухий нарк-нускасынын даңкын чыгарып, калкынын мактанычына жана сыймыгына айланган философтор, адабиятчылар, ойчулдар, көсөмдөр эң биринчи жок кылынган. Кыска, бирок өрнөктүү өмүр кечирген, кыраакы жетекчи Жусуп Абдрахманов элибиздин эсинде эң ириде кыргыз мамлекетин түптөп, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, бардык ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаган инсан катары сакталып калмакчы. Жусуп Абдрахмановдун жана анын үзөңгүлөш таламдаштарынын кысталышта кыл чайнап, жан аябай кармашкан каармандыгы, келечекти көрө билген саясый кыраакылыгы менен бүгүн кылым кезген кыргыз журту өзүнүн мамлекеттик эгемендигине жана улуттук эркиндигине ээ болду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жусуп Абдрахманов - XX кылымдагы 

улуттук элитанын арстаны

 

Урматтуу "Айгай" гезити, урматтуу иним Кенжебек, Силердин гезиттин сандан-санга жарыяланып жаткан, силер туура, так баа бергендей "Кыргыз Республикасын түптөгөн улуттун кеменгери Жусуп Абдрахманов" тууралуу койгон маселелерди кош колдоп колдойм. Себеби, Ж.Абдрахманов XX кылымдагы улуттун лидер болгону айныгыс чындык. Демек, мен дагы жеке пикиримде ушул улуу инсанга өзүнүн ак эмгегине жараша мамиле жасалууга тийиш деп эсептейм.

Ж.Абдрахманов  жөнүндө ой-пикирлериңер болсо байланышкыла" дептирсиңер. Ушундан улам мен дагы улуу инсан жөнүндө көкүрөктөгү  ойлорумду айтпай кое албадым.

Жусуп Абдрахманов  саясий күрөшкө катышкандан баштап жаңы доорго, анын жарыялаган идеяларына иштеген жана аларды турмушка ашыруу үчүн чын дили менен аракеттенген. Оттой күйүп, жүрөгү жалындап турган жигитчилик курагында (17-20 жаш) комсомолдун ишине жигердүү катышкан. Комсомолду Жети-Суу областык комитетинин бюро мүчөсү. Туркестан Россиялык Коммунистик жаштар союзунун Президиумунун бюро мүчөсү катары Борбордук Азияда коммунистик жаштар уюмунун телчигишине, уюштуруучулук бекемделишине жан-дили менен аракеттенген. Россиянын коммунистик жаштар Союзунун Москвада болгон III съездине (1920-ж) катышып, В.И.Ленин менен аңгемелешкен. Жаңы социалистик доордун теоретиги, чыгаан революционер, карапайым калктын бактысы үчүн күжүрмөн күрөөшүүчү жана уюштуруучу, В.И.Ленин менен бетме-бет сүйлөшүп ой толгоолоруна ишенген Жусуп Абдрахманов ошол доордогу жалгыз кыргыз болсо керек. В,И.Лениндин мамлекеттик аппараттык ишин көпчүлүктүн эне тилинде уюштуруу, өлкөнүн көпчүлүгүн түгөн калкка жакын жана боордош, түшүнүктүү мамлекеттик аппаратты түзүү зарылчылыгы жөнүндөгү кеңешин Ж.Абдрахманов бүт өмүрү, партиялык-мамлекеттик ишмердигинде жетекчиликке алган. (Кийин, жаңы заман өз залимдигине айланганда ушул аракеттери Жусуп Абдрахмановго каршы кине коюлган эмеспи!).

  Замандын оомалуу-төкмөлүгүнө, жарыгы жанды жалтантып турган тарыхый турмуштун талаштуу тамырына, көз караштардын Кызыл кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан, Жусуп Абдрахманов каракулак кабыландай чындык, эркиндик үчүн ак ниети менен аракеттенген. Ал 1926-жылы кыргыздардан эң алгачкылардан болуп Россия коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинде (Москва шаарында) бөлүмдүн баштапкы партиялык уюмунун секретары болуп иштеген. Ал партиялык уюмда ошол кездеги СССРди башкарып турушкан И.В.Сталин, В.М.Молотов, К.Е.Ворошилов ж.б. болгон. Жусуп Абдрахманов тайманбас, коркпос, жүрөгүндө жалы бар, оозунда оту бар көк жал экендигин анын И.В.Сталинге жазган каттары, Түркестандын, Кыргызстандын партиялык уюмдарынын Орто Азиялык, Республикалык жыйындарында сүйлөгөн жагымдуу үндөрү, 1928-1931-жылдарда жазган "күндөлүгүндөгү" райондук, областык, Россиялык жана бүт Советтер Союзунун ар кандай жетекчилерине берген так, таасын мүнөздөмөлөрү далилдейт. 1927-жылдын март айында жаңы түзүлгөн Кыргыз автономиясынын Эл комиссарлар Советинин (өкмөтүнүн) төрагалыгына дайындалышы Жусуп Абдрахмановдун эс тартып, элдин кызматына келгенден бери кыргыз мамлекетүүлүгү үчүн жандуу күрөшүнүн туу чокусу болду. Анда болгону ал 26 гана жашта экен.

  Октябрь революциясынын жеңиши менен шыктанган кыргыздын тандалган элитасы, өзгөчө анын жетекчилери, жол башчылары өз элинин мамлекет жана мамлекеттүүлүк жөнүндөгү тарыхый мүдөөсүн ишке аткаруу үчүн абдан күрөшкөн. Жусуп Абдрахманов бул жаратмандык аракеттин мээси да, жүрөгү да, булчуңу да болуп берген. Калк бейпилдикте бейкут турмуш өткөрүшүнүн баштапкы шарты - "улут - мамлекет" уюшулушунун зарылдыгын Жусуп Абдрахманов эрте түшүнгөн. Ырас, Кыргызстан өз алдынча мамлекеттүүлүк болушу үчүн кызыл кыргын болгон күрөштө кыргыздардын ошол кездеги элитасынын арасында биримдиктин жоктугу терс таасирин тийгизбей койгон эмес. 1922-жылы жазында Кыргыз Тоолуу Республикасын Казакстандын курамында эмес, РСФСРдин курамында калтыруу жөнүндөгү А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов жана алардын пикирлештеринин демилгеси ишке ашпай калышы элитанын арасында биримдиктин, калктын тагдыры жөнүндө туура түшүнүктүн жоктугунун далили болгон. Ошентип, Кыргыз Тоолуу Республикасынын уюшулбай, кыргыз элинин өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болуу тилегин таш капкан. Бул тарыхый окуя кийин деле өтө жашырылып келген. XX кылымдын 60-жылдарында ушул маселени изилдеп, ачык чындыкты айтууга далалаттанган юридика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Нурбековду күнөөлөшүп, КПССтин катарынан чыгарышып, эрте өлүмгө алып барышкан.

 Кыргыздардын  өз алдынча мамлекет болуу  үмүтү кылымдардан бери биринчи  жолу 1924-жылы 18-октябрда РСФСРдин курамына уюшулган Кара-Кыргыз автономиялык облус болгон. Орто Азия элдеринин ортосунда улуттук бөлүнүү, алардын ортосундагы чек араларды тактоо айгышкан талаш тартыштардын, элдешпес күрөштөрдүн болушу менен коштолгон. Ошого карабастан, Кара-Кыргыз автономиялык областынын РСФСРдин курамына уюштурулушу "улуттук бөлүнүүгө", кыргыздардын уруулук бөлүнүшүнө карабастан, бирдиктүү бүтүндүккө айланышына, туруктуу аймагы болгон экономикалык, маданий жалпылык болуу менен мамлекеттүүлүктүн советтик түрлөрүнүн жогорку деңгээлине - республикага жана союздук республикага айлануу мүмкүнчүлүгүнө эшик ачылган. Мындай болоорун ошол кездеги партиялык-мамлекеттик элитанын арасынан Жусуп Абдрахманов ачык түшүнгөн жана акылын, күчүн, партиялык тажрыйбасын, кызматка байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн ошону ишке ашыруу үчүн күрөшкөн. Арадан 16 ай өткөндөн кийин, 1926-жылы 1-февралда Кыргыз автономиялык областы ("Кара Кыргыз" деген түшүнүк 1925-жылдын май айынын аягында алынып ташталган) Кыргыз автономиялык Советтик Социалистик Республикасы болуп кайра түзүлгөн жана анын өкмөтүнүн төрагалыгына Жусуп Абдрахманов дайындалган. Республикалык наам мамлекеттүүлүктү жаңы деңгээлге көтөрүү менен мамлекеттин сапаттарына - атап айтканда Конституцияга, башкаруунун мамлекеттик уюмдарына, жарандардын укугун, эркиндигин аныктоого жана улуттун бүтүндүгү катары өнүгүшүнө ээ болгон.

Информация о работе Жусуп Абдрахманов